Лейлекте өткөрүлүп жаткан иш-чаранын жүрүшүндө уурулук фактысынын бети ачылды
12 ноябрь

Лейлекте өткөрүлүп жаткан иш-чаранын жүрүшүндө уурулук фактысынын бети ачылды

Лейлек районунун 39 жаштагы тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Ал өз арызында Раззаков шаарына токтотуп койгон “Деу-Матиз” үлгүсүндөгү автоунаасынын ичинен жалпы 21800 (жыйырма бир миң сегиз жүз) сом акчасын белгисиз жарандар тарабынан уурдалып кеткендигин билдирген.

Бул факты Лейлек РИИБдин КБРне катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза кодексинин 205-беренесинин (Уурулук) негизинде кылмыш иши козголот.

Баткен ОИИБдин жана Лейлек РИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын негизинде Раззаков шаарынын тургуну мурда да уурулук фактысы боюнча сот жообуна тартылган 39 жаштагы К.С. аттуу жаран аныкталып кармалды.

Кылмышка шектүү К.С. убактылуу кармоо жайына киргизилип, учурда тергөө иштери уланууда.