Жумабек Жаилов: Чакан жана орто бизнестин өлкө экономикасына кошкон салымы өтө чоң
Салык кызматы тарабынан чакан жана орто бизнес өкүлдөрү үчүн «Бизнести агартуу кербени — салык реформасынын чакырыктары» долбоору кайрадан башталды. Бул иш чара салык мыйзамдарындагы акыркы өзгөртүүлөр, салык реформасынын негизги аспектилери тууралуу түшүндүрмө берүүгө жана ишкерчиликтин актуалдуу маселелерине арналган. Анын чакан жана орто бизнес үчүн мааниси канчалык экенин КР УИАнын мүчө-корреспонденти, экономика илимдеринин доктору, профессор Жумабек Жаилов айтып берди.
– “Бизнести агартуу кербени” улантыла турган болууда. Мындай иш чаралардын бизнеске тийгизген таасири канчалык деп ойлойсуз?
– Мааниси өтө чоң. Себеби, Кыргызстандын экономикасында чакан жана орто бизнестин орду өзгөчө. Башка мамлекеттерге караганда, бизде ишкерчиликтин өлкө экономикасына кошкон салымы боюнча чакан жана орто бизнес үстөмдүк кылат. Акыркы жылдардагы статистикалык маалыматтарды карап көрсөк, төрт категориядагы: чакан, орто, жеке ишкерлер жана дыйкан чарба деп аталган чарбалык субъекттер чакан-орто бизнестин өзөгүн түзөт. Булардын жалпы саны жылдан жылга көбөйүп жатат. 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча, чакан ишкерчилик 19 миңге, орто бизнес 1000ге жетти, жеке ишкерлердин саны жарым миллиондон ашты. Башкача айтканда, Кыргызстандын эмгекке жарамдуу жарандарынын 30 пайызы ушул жаатта эмгектенет. Алардын өндүргөн продукциясы Кыргызстандын ИДПсынын 40 пайызын түзөт. Бул өтө чоң салым.
Мисалы, Россия менен Беларусияда ички чакан жана орто бизнестин салымы өтө аз. Анан ошого байланыштуу мамлекет чакан жана орто бизнести өнүктүрүү, колдоо боюнча саясатын жүргүзүп жатат. Аларга салык, финансы, материалдык-техникалык базасын жаңылоо, кадр даярдоо жагынан жардам берүүдө. Мындай шартта агартуу кербени дагы өзгөчө мааниге ээ. Себеби, жакында эле ЭТТК чакан жана орто бизнес үчүн жоюлду, бул жааттын өкүлдөрүнүн нааразычылыгынан улам ушундай кадамга барышты. Мен ойлойм, бул ишкерчиликти өнүктүрүүдөгү мамлекеттин туура чечими болуп калды.
Экинчиден, эмне себептен кээле мамлекеттик органдар менен ишкерлердин ортосунда карама каршылыктар пайда болуп калат? Бул салык маданиятынын, финансылык сабаттуулуктун төмөндөшүнөн улам. Ошондуктан, кандай мыйзам же эреже чыкпасын элге кеңири, жеткиликтүү түшүндүрүп туруу керек. Ошондо эл да туура кабыл алат. Азыр агартуу кербенин жер-жерлерде жүргүзүп, окуу процесстерин өткөрүү, түшүндүрүү иштерин жасоо, суроо-жоопторду уюштуруу менен бул маселени чече алабыз.
– Деги эле Кыргызстандагы салык саясатына кандай карайсыз? Ийкемдүү болуудабы?
– Жылдын башында салык амнистиясы жүргүзүлдү. Анын негизинде 20 миңге жакын ишкерлер салыктан бошотулуп, алар кутулган сумма 11 миллиард сомго жетти. Бул жөн жерден жасалган жок, мамлекет ишкерликти өнүктүрүүгө негиз түзүүнү болжоду. Ишкерлер да ошого жараша жооп берип, мамлекеттик саясатты колдоп, салык саясатын туура кабыл алышы керек. Биздин өлкөдө салык саясаты башка өлкөлөргө караганда абдан ыңгайлуу. Мисалы, ошол эле Россия, Беларусияга караганда бир топ төмөн. Россияда КНС 23 пайыз болсо, бизде 12 пайыз. Ушундан эле билсе болот. Бизде мамлекет ишкерлерге жакшы шарт түзүп берип жатат.
– Жогоруда чакан жана орто ишкерчиликтин өндүргөн продукциясы ИДПнын 40 пайызын түздү деп айттыңыз, бул дагы мамлекеттин бизнеске болгон колдоосунан улам жаралдыбы?
– 2021-жылдан бери салыктык жеңилдиктердин негизинде салык чогултуу эки жарым эсеге өстү. 150 миллиард сомдон 392 миллиард сомго чыкты. ошол эле убакта жалпы салыктын көлөмү ИДПга салыштырмалуу 23 пайыздан 35 пайызга жогорулады. Демек, ишкерлер дагы туура мамиле жасап жатат. Салыкты төмөндөтүп койсок, мурдагыдай көлөмдө салык жыйнай албай калабыз деген коркунуч бар эмес беле. Биз ошондой коркунучтарды практика жүзүндө жокко чыгарып жатабыз. Мамлекет мындан ары дагы салыктык жеңилдетүүлөргө барат деп ойлойм, анткени, жылдын жылга бюджет профицит менен чыгууда, мамлекет өзүнүн функцияларын аткарууга эч кандай тоскоолдук жок.
