Чынар Капарова, диктор: “Мен эфирден өз каалоом менен кеткен эмесмин...”
Бир кезде күн сайын экрандан көрүнгөн Чынара айым соңку он жыл ичинде эфирден алыстап, илимий иштерге терең сүңгүп, жетекчилик кызматтарда эмгектенип келди. Бул маекте ал жаңы китебинин жаралуу тарыхы, эфир менен байланышы, жеке жашоосундагы жаңылыктары, эң негизгиси – жакында жарык көргөн китеби тууралуу кызыктуу маек курду.
– Саламатсызбы? Жакында китебиңиз чыгыптыр. Ал эмне жөнүндө? Китеп чыгаруу деле чоң түйшүк болсо керек?
– Саламатсызбы. Ооба. Өзүм иштеген, мага экинчи үйүм болуп калган Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын калыптануусунун 100 жылдыгына арнап эмгек жаратканыма өзүм да кубанып отурам. 2015-жылдары аспирантурага тапшырам деп телеберүүнү изилдеп, чакан эмгегимди илимий чөйрөгө сунуш кылдым. Бирок ал эмгегим тарых же саясат илимдерине жакын болуп калып, илимий чөйрө бул эмгекти өзүнчө китеп кылып жазсаң болот деген сунуштарын айтышты. Ошону менен ал эмгегим телеберүү багытында жазылып, кийин радиоберүүнүн тарыхын кошуп жазууну колго алдым. Президентибиз С.Жапаров тарабынан УТРКнын имараттарын капиталдык оңдоого жетиштүү акча каражаттары бөлүнүп, ошол ремонт иштеринин бүтүшүнө карап быйыл жарыкка чыкты. Китепте УТРКнын башынан өткөн оор учурлар тарыхый фактылар менен жазылды. Окуп чыккан ар бир окурман өзүндөгү “эмне үчүн?” деген суроолоруна жооп алып, телерадиого болгон мамилесин өзгөртөт деген чоң ишенимдемин.
– Жашоодо дем күч берген колдоочуңуз, тирегиңиз ким? Сурайын дегенибиз, китепке ким демөөрчү болуп берди?
– Жашоомдо моралдык жактан колдоо берген менин ата-энем, балдарым. Алар менен кубанычымды, алдыдагы ой-максаттарымды бөлүшүп, дайыма кеңешип иш кылам. А каржы маселесине келгенде мен өзүмдү өзүм баккан, тыным албай иштеген, ак эмгек менен акча тапкан адаммын. Бирок китеп чыгарууда демөөрчүлүк колдоого муктаж болдум. Китепти сатып алып окуп коюу оңой көрүнгөнү менен аны жазып чыгуу, изилдеп так фактыларды берүү жана башка иштери албетте көп убакытты жана жоопкерчиликти талап кылат. Бардыгына жагынып, ар бирин мактаган ода китебин жазуудан алыс болдум. Артыкчылыктары менен бирге каталарын да мисал келтирип, талкууга жем таштадым... Мага демөөрчү “Оптима” курулуш компаниясы болду. Учурдан пайдаланып компанияга ыраазычылык билдирем.
– Сизди эфирден көрбөй калдык. Чарчадыңызбы же илимий иштериңизден колуңуз бошобойбу?
– Эфирден кеткениме он жылга жакындап калды. Өз каалоом менен эфирди таштаган эмесмин. Анткени эфир менин стихиям, менин өмүрүм болгон. Артка бурулуп, эфирден кеткениме себепчи болгон окуяларды эстегим келбейт. Ошол маалда жумушумсуз жашоону элестете алчу эмесмин, кийин андан да кызыктуу башка жолдор бар экенине ынандым. Азыр да дикторлук ишимди сагынам, бирок окуучуларымды эфирден көрүп өзүм чыгып жаткандай сүйүнөм.
– Эфирге канча жашыңызда чыктыңыз эле? Алгачкы эфириңиз эмнеси менен эсиңизде калган?
– Биринчи жолу 20 жашымда диктор катары экранга чыккам. Дикторлук кызматка сынак жарыяланып, 2-курсту аяктап жаткан маалда катышып калдым. Студент болгон алгачкы жылдары эле телерадиого бара берер элем. Адегенде “Баластан” редакциясына, андан соң сынактын жеңүүчүсү катары эфирдик диктор катары аралаша баштагам. “Арноо концертин” да эки жолу алып барып көрдүм. 3-курс болгон учурдан тарта “Ала-Тоо” маалыматтык редакциясына практикант-стажер катары кабыл алынып, кабарчы катары иштей баштагам. Практикант болуп жүргөн учурда эле чоң эфирди алып баруу ишенимине татыдым. Эртең эфирге чыгасың деген күнү жаңылыгымды ата-энем менен бөлүшөйүн деп дегеле үйгө жетпейм... Толкунданып түнү менен уктабай да чыктым. Апам менин эң биринчи колдоочум болду. Биринчи эфириме даярдап кийимимди алып берип, чачымды жасап, батасын берип узаткан. Ошондон тарта чейрек кылым эфирдин эрке кызы болдум. Ыйык эфир аркылуу элиме таанылдым, элимдин батасы менен өнүгүп-өстүм, ар бир көрүүчүмө таазим.
– Дикторлук кесип сизге эмне берди?
– Мага биринчи кезекте кесипкөй адис болууну үйрөттү. Ишке так, ыкчам иштегенди калыптандырды. Маалыматтык багытта иштеген адамдын кыймыл-аракети да, мүнөзү да шамдагай болуп калат. Тез чечим чыгарасың, бардык ишке так боло баштайсың.
– Кээде күчтүү көрүнгөн айымдардын ичинде чарчоо, жалгыздык болот. Сизде ошондой учурлар болобу?
– Өмүрлүк жолдошумдан эрте ажырап калдым. Бирок балдарым мени жашоого умтултуп, алар үчүн жашоодо да тың болууга милдеттүү экенимди моюндадым. Чоң апам “чарчадым” деген сөздү лексиконумдан бала чагымда эле алып салган. “Бул жаман сөз, эч качан колдонбо, чарчаган учурда тек гана жакшы эс алып, кайра алдыга умтула бериш керек”, – дечү. Ошондон кийин бул сөздү такыр колдонбойм. Өзүмө көп милдеттерди, убадаларды артып алгандыктан аларды аткарышым керек деген ой менен жүрө берип жалгыздыкты да сезбей калдым. Иштен бош учурда чарба, үй-жай менен алек болуп физикалык кубат алсам, китеп же илимий макалаларды жазуу, окуу аркылуу акыл оюмду топтоо менен алаксыйм.
– Кызынызды коншу мамлекетке узаттыңыз эле. Таене болуп калдыңызбы?
– Кызым Москва мамлекеттик университетине окууга өткөн кезде анын ийгилигине абдан сүйүндүм. Эл аралык мамилелер боюнча окуу жай болгондуктан түрдүү мамлекеттерден келген жаштар көп экен. Эне катары ичимден безилдеп, кайсы бир чет өлкөгө турмушка чыгып кептегей эле деп бир чети тынчсызданып калдым. Анымды кызыма билдирип: “Ай, кызым, чет өлкөлүк жигит менен сүйлөшпө. Такыр кыргыз жигит таппай калсаң, жок дегенде казакка турмушка чык”, – деп жиберипмин. Оозума сала берген экен, окуусун бүтүп, казак туугандарга келин болуп узап кетти. Бактылуу болсун, буюрса таене болуу бактысы да алыс эмес.
– Уулуңуз да чоңоюп калгандыр?
– Ооба, уулум азыр студент. Ал да окуусун бүтүп, кыргыз элине татыктуу кызмат кылат деп ишенем.
– Аялды жаш көрсөткөн нерсе косметикабы же ички абалбы? Мисалы сиз үчүн кайсынысы маанилүү?
– Аялзатын жаш көрсөткөн чоң касиет – бул мүнөзү. Жаш көрүнгөн адамдар менен дос болууга ашык дейт. Эмне үчүн алар жаш көрүнөт десе, анткени аларды санаага батыра турган жаман окуялар жок. А кантип жаман окуяларга кептелбеш керек? Бирөөнү жамандаба, ушак сүйлөбө, сенин ишиң жок болгон окуяларга аралашпа. Мындайча айтканда, санаага сала турган, кайгы алып келе турган терс учурлардан оолак болсоң нервиң тынч болот. А ден соолук нервден көз каранды. Бардык оору ошондон башталат. Ооба, жаш болдук. Түрдүү сөздөргө азгырылып ушак сүйлөдүк, өзүбүз да ушактын каармандары болдук дегендей. Бирок акылдуу аял ошол жаштык кезде кетирген кемчиликтерин артка таштап, туура жолго өз учурунда түшүүгө белсениши керек. Экинчи жагынан аял өзүн тыкан, таза алып жүрсө да жаш көрүнөт. Тамак-ашты тандап ичүү, туура жүрүм-турум, мээни өстүрүү, физикалык көнүгүүлөр өңдүү түрдүү окууларды өз алдынча өздөштүрүп, өзүнүн алдына койгон милдеттерди кынтыксыз аткаруу убадасын аткара билиш маанилүү. Жалкоолук чоң душман. Анан албетте 40 жаштан ашып, элүүгө бараткан жолдо териге да өзгөчө мамиле жасоо маанилүү.
– Жаштыкты, сулуулукту сактоодо кандай жеке эрежелериңиз бар?
– Көп окусаң мээ жашарат. Анткени мээ иштеген сайын активдүү болот, улам жаңы нерселерди билүүгө умтула баштайт . Кыймыл-аракет да маанилүү, ал денени сергек жана шамдагай алып жүрүүгө чоң жардамчы. Туура тамактануу ден соолук үчүн өзгөчө маанилүү. Туура тамактануу аркылуу денени, ички органдарды таза кармай аласың, бул да жаштыкты узартуунун жолу. Териге кам көрүүнүн туура ыкмаларын өздөштүрүп алган жакшы. Айтор жаш көрүнүп, сулуулукту узак убакытка сактап калуу чоң эмгек. Мындай максат жалкоолукту жактырбайт.
– Эгер мүмкүнчүлүк берилсе ушул жашыңызда турмушка чыгат белеңиз?
– Жок. Ушул жашыма, ушул жашоомо, ушул тандоомо ыраазымын! Алдыда таене, чоң апа болуу бактысына бөлөнөм деп Жаратканымдан жакшылыктарды мол сурап, шүгүр кылып жашап келем. Шүгүр...
