Толкун Дайырбекова, продюсер: “Биринчи айым тагынган жоолуктарым дүкөндөрдө калбай калды”
Айгүл Жапарованын Кореяга иш сапарында салынган жоолугу көпчүлүктүн көңүлүн бурду. Андагы кыргыз тоолору менен эдельвейс гүлүнүн сүрөтүн жараткан продюсер Толкун Дайырбекова жоолугун биринчи айым тандаганын укканда сүйүнгөн. Ал эми анын Кореяда салынып жүргөнүн өзү да интернеттен көрүп билген. Толкун айым бизге жоолуктун жаралуу тарыхын, кол өнөрчүлүккө кайтып келишин жана «Дарак ыры» тасмасы үчүн үйү менен унаасын саткан күндөрүн айтып берди.
– Толкун айым, сиз жараткан өзгөчө жоолук коомчулукта кызуу талкууланды. Мындай жоолук чыгаруу идеясы качан жана кандайча пайда болду эле?
– Мен бул идеяны жакында эле колго алып, “Tolkun brand” деген бренддин астында жоолуктар топтомун чыгара баштагам. Майрамкул Асаналиев деген сүрөтчү агай “Уңгу жолу” аттуу курсун окутуп калды. Оюу тартканды үйрөнсөм деген максат менен курска барып окуп, ошол жактан кыргыз жаратылышын жоолукка түшүрүү идеясы жаралган. Эң алгач айгүл гүлүн түшүрүп көрдүм. Чындыгында сонун айкалышты. 2019-жылы Кара-Кужур деген жайлоого эс алып барып калып, 2800 метр бийиктикте өскөн Эдельвейс гүлүнө суктанган элем. Ал гүлдү, ак илбирсти, кыргыз тоолорун түшүрүп төрт түрдүү жоолук чыгарып көрдүм. Анан эбептен себеп болуп минтип биринчи айымыбыз колдонуп жоолуктарым өтүмдүү болуп кетти.
– Ал атайын Айгүл айым үчүн жасалган эксклюзивдүү жоолук эмес беле? Анын колуна кандайча тийип калды?
– Жок, атайын биринчи айым үчүн жасалган жоолук эмес болчу. Жакында өткөн Көчмөндөр оюнунда Ысык-Көлдөгү Курманжан датка музейинин башчысы Аида аттуу эже бир нече жоолугумду көргөзмөгө коём деп алып кеткен. Анан бир убакта сүйүнчүлөп чалып калды: “Айгүл Жапаровнага бир жоолугуңду белек кылсам кабыл алды”, – деп. Биринчи айым музейге киргенде Аида эже жоолуктардын ар бирине токтолуп айтып берген экен, арасынан ошол кыргыз тоолору менен Эдельвейс гүлү түшүрүлгөнүн жактырып тандап алыптыр. Мен үчүн ушул эле абдан кубанычтуу болгон.
– Кореядагы жолугушууга тагынып барары сиз үчүн деле күтүлбөгөн жаңылык болуптур да анда?
– Ооба, ал экинчи кубанычтуу жаңылык болду. Мен деле эл катары интернет булактарынан көрдүм. Иштеп отургам, көрүп эле дароо тааныдым. Сүйүнгөнүмдөн ыргып туруптурмун. Кыргыз өндүрүшүн колдогон биринчи айымга абдан ыраазы болдум. Социалдык желелерде “Кореянын жоолугу” деген сыяктуу пикирлер айтыла баштаганда өзүмдүн баракчама түшүндүрмө иретинде билдирүү жаздым.
– Ушундан кийин жоолугуңузга болгон суроо-талап көбөйө баштагандыр?
– Ооба, ошондой болду. Бул жаатта жаңы ишкер болгонум үчүн ар кайсы дүкөндөргө өзүм суранып жүрүп тараткан элем. Азыраак бөлүгү өткөн эле. Бул окуядан кийин жоолуктарым дүкөндөрдө калбай, буйрутмалар түшө баштады. Айрыкча Айгүл айым тагынган жоолукка суроо-талап абдан көп болуп атат. Фабрикага кайрадан чоң партия буйрутма бердим, жакында келип калат буюрса.
– Коомчулук сизди “Дарак ыры”, “Эрмен жыты” сыяктуу мыкты тасмалардын жана мультфильмдердин продюсери катары тааныйт эле. А кол өнөрчүлүккө качантан бери кызыгасыз?
– Мен Нарын шаарынын борборунда кабат үйлөрдө чоңойгом. Чоң атамдар жер тамда туруп, чоң апам узчулук менен алектенчү. Качан барбайлы жүн тытып же кийиз жасап отурган болор эле. Бала кезден чоң апама кол кабыш кылып чоңойдум. Өзүмдүн апам да кол машинасы менен бизге түрдүү кийимдерди тигип кийгизчү. Кол өнөрчүлүккө ошондон улам кызыгып калгамынбы, айтор 9-классты аяктап кесип тандоого келгенде ателье ачкым келээрин айтсам, ата-энем финансы техникумуна тапшыртышкан. Бирок баары бир кол өнөрчүлүккө кайрылдым. Ага да өзүмдүн тажрыйбам себеп болду. Төртүнчү кызымды төрөгөндө белим ооруп калып, катуу таңып жүргөнгө бир нерсе керек болду. Бир жолу апамдын белдемчисин тагып көрсөм, абдан жагып калды. Ошону алып келип кантип тигилерин изилдеп көрүп, улам жакшыртып отуруп заманбап белдемчи жаратканбыз. Келиндерге белдемчини жоолук менен жараштырып салынып кызмат кылса сонун болчудай деп жүрүп анан жоолук чыгаргандагым болчу. Аны да баштан шыпырылбагандай, тердетпегендей, ыңгайлуу болсун деп кездемесин жибек менен кебездин аралашмасын тандагам.
– Сиз продюсерлик кылган «Дарак ыры» мюзикли Кореяда көрүүчүлөрдү өзгөчө толкундантып ыйлаткан экен, эми сиз жасаган жоолук да биринчи айым аркылуу Кореяда көпчүлүктүн көңүлүн бурду. Корея сиздин чыгармачылыгыңыз үчүн өзгөчө орунга ээ болуп калды окшойт...
– Ооба, бир кезде “Дарак ыры” тасмабыз технологиясы күчтүү өнүккөн өлкөнүн кино залында көрсөтүлгөндө көрүүчүлөр абдан берилип, ыйлап көргөндөрүн карап отуруп өзүм толкундангам. Алар абдан сезимтал калк болушат экен. Бул жолу да Президенттин Кореяга болгон иш сапарында биринчи айым менин колумдан чыккан жоолукту салынып, ажобузду коштоп жүргөнү өмүрүмдөгү өзгөчө бир толкундануу жараткан күн болду. Жакшы жөрөлгө, белги катары кабыл алдым.
– Кол өнөрчүлүк, эл аралык фестивалдар, продюсерлик, энелик, аялдык түйшүк... Булардын баарын чогуу алып кетүү сиз үчүн оор эмеспи?
– Балалык чагымда окуудан сырткары ийримдерге, курстарга барып жаным тынчу эмес. Чоң атам мени “кызым түйшүкчүл” деп айтып калар эле. Ошол адатымдан азыр деле окугандан, изденүүдөн, иштегенден чарчабайм. Эң башкысы “мен биринчи болушум керек” деп эмес, өзүмө жаккан үчүн гана ар бир ишти аткарам. Бир кезде кыргыз кинолорун көрсөтө турган заманбап кинотеатр жок эле. Казакстандын сериалдарын тартып, үй алам деп иштеп келген акчасына жолдошум “Кыргыз киносу” кинотеатрын ачкан эле. Улуу баламды коляскага сүйрөп алып ошол жерде иштеген учурлар болду. Башында балдарыбыз кичинекей болуп көтөрүп, ээрчитип алып эмгектенсек, азыр чоңоюп бизге жардам бере башташты. Улуу балабыз ата жолун улантам деп Б. Бейшеналиева атындагы искусство университетинин студенти болду. Жеке ишти, энелик, аялдык бакытты жана өзүмө жаккан ишти аткарууда эң башкысы убакытты туура пайдалана билем.
– Жолдошуңуз Айбек Дайырбеков жакында Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары болуп дайындалды. Бул кабарды укканда жубайы катары биринчи реакцияңыз кандай болду?
– Буга чейин сунуш болгондо дароо жооп берген эмес. Анткени бул абдан чоң жоопкерчилик экенин жакшы билген үчүн ойлонгон эле. Убакыт өтүп кайрадан сунуш түшкөндө өзүнүн максаттарын, пландарын, жеке иштерин жыйыштырып өкмөттүн ишин аркалоого толук киришти. Жолдошумдун пландап алган чоң долбоору убактылуу токтоду. Ал эми баштап алып аягына чыга элек иштерин толук өзүм алып кетүү менен алектенип жатам.
– Жолдошуңуз режиссёр, өзүңүз продюсер болгондо чыгармачылык талаш сөзсүз жаралса керек. Пикириңиздер келишпей калганда акыркы чечимди ким кабыл алат?
– Үйдө да, иште да бардык чечимди жолдошум өзү кабыл алып, өзү чечет. Мен юридикалык жана финансылык иштерине жардам берүүчү кеңешчисимин. Анын үстүнө жаш айырмабыз тогуз жаш болгон үчүнбү, Айбек ар дайым чоң иштерди менден алда канча алдыга ойлонот.
– Эки башка кесиптин ээси экенсиздер, кантип таанышып калдыңыздар эле?
– Студенттер үчүн бир иш-чара болуп калып, финансы техникумдагы эжейлер активистка деп мени жаздырып коюшкан экен. Ошентип студенттер Ысык-Көлгө жөнөдүк. Ал иш-чарада Айбек уюштуруучу, мен 16 жаштагы студент кыз элем. Алгач ошол жактан таанышып телефондорубузду алмашып, анда-санда кабарлашып жүрүп кийин кыз-жигит болуп сүйлөшүп калдык. 18 жашка толгонумда колумду сурады. Ал кездерде Айбек өзү журналистика багыты боюнча окуп бүтүргөнү менен кино тармагына кызыгып, “Боз салкын” тасмасында экинчи режиссёр болуп эмгектенгенге жетишип калган кези экен. Кийин баш кошконубузда Эрнест Абдыжапаров өкүл атабыз болгон. Андан бери 20 жылдын жүзү болуп Кудайыма шүгүр, бир уул, үч кызды тарбиялап жаткан учурубуз.
– “Дарак ыры” мюзиклин тартууга кеткен бюджети абдан чоң болуп үй, унааңыздарды сатты деп уккан элек. Ал каражат акталганбы?
– Ооба, “Дарак ырынын” бюджети абдан чоң болгон. Жалпы 500 миң доллардай каражат кеткен. Анын 300 миң доллары акчалай, 200 миң доллары кызматыбызды алмашуу жолу менен коротулган. Ошол 300 миңдин жарымын өзүбүз, жарымына Орусиядан демөөрчү тапканбыз. Азыр андай тасмалар үчүн мамлекет каражат бөлүп жакшы кылбадыбы. Ал кезде мындай каражат жок эле. Айбек экөөбүз үйүбүздү, машинабызды сатып, андан сырткары жакындарыбыздын үйүн күрөөгө коюп кредит алып тартканбыз. Жыйынтыгында моралдык жактан абдан чоң ийгиликке жеттик. Бирок каржы жагынан артка кетип карыздарыбызды бир нече жылдан кийин жаап бүтүрдүк. “Дарак ыры” тасмасына короткон каражатыбызды актабай кыйналган күндөр артта калып, азыр үй-жайыбыз ордунда, балдарыбыз чоңоюп, жаңы долбоорлор менен иштеп жаткан учурубуз.
