Балдар үйүндө 14 жашар бала сабалган. Акыйкатчы коопсуздук чараларын күчөтүүгө чакырды
КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Жамиля Жаманбаева тиешелүү мамлекеттик органдарды балдар үйлөрүнүн тарбиялануучуларынын коопсуздугун камсыз кылууга жана балдар арасындагы буллинг менен зомбулуктун алдын алуу иштерин күчөтүүгө чакырат.
Акыйкатчы Институнун кызматкерлери 28-сентябрда Чүйдөгү жетим жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар үчүн мектеп-интернатына өспүрүмдүн сабалганы тууралуу маалымат түшөрү менен дароо жерине барышты.
Институттун кызматкерлери барган учурда 14 жаштагы өспүрүмдүн денесинен жаракат алганы аныкталган. Ал мектеп-интернаттын медициналык стационарында жаткан.
Өспүрүмдүн айтымында, 27-сентябрдан 28-сентябрга караган түнү саат болжол менен 23:00дө ал жаткан жатаканага өзүнөн эки жаш улуу тарбиялануучу келип, ага кысым көрсөткөн. Андан соң оозеки кайым айтышуудан кийин аны бир нече жолу уруп жиберген.
Баланы сыртынан кароо учурунда анын бетинде жана эки көзүнүн айланасында шишиктер жана көгөргөн тактар, ошондой эле денесинен да башка жаракаттар аныкталган. Ошону менен катары эле бала көзү жакшы көрбөй жатканынын айткан.
Акыйкатчы Институту мектеп-интернаттын жетекчилиги тарабынан баланын коопсуздугун камсыз кылуу жана окуяга өз убагында чара көрүү боюнча бир катар кемчиликтерге жол берилгенин белгилейт.
Тактап айтканда, окуядан кийин бала медициналык кароодон өз убагында өткөрүлгөн эмес. Алган жаракаттарынын оордук мүнөзүн аныктоо, ошондой эле баланын ден соолугуна келтирилген зыяндын мүмкүн болуучу кесепеттерин алдын алуу үчүн медициналык мекемеге жеткирилген эмес. Анын жаракаттарына мазь сүйкөө менен гана чектелишкен.
Мындан тышкары, окуя болгон түнү балдар уктаган корпуста нөөмөттөгү тарбиячылар болгон эмес.
Ошондой эле мектеп-интернаттын жетекчилиги окуя тууралуу ички иштер органдарына кабар берген эмес.
Мектеп-интернаттын директору институттун кызматкерлерине тарбиячыларга кызматтык милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн сөгүш жарыяланганын, ал эми 16 жаштагы тарбиялануучу мектепте каттоого алынганын билдирген.
Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына ылайык, аталган балдар үйүнөн укук бузуулар тууралуу билдирүүлөр түшкөн эмес.
Жашы жете электердин иштери боюнча инспектордун маалыматына караганда, интернаттан бир нече жолу өз алдынча чыгып кеткендигине байланыштуу эки тарбиялануучу каттоого алынган.
Белгилей кетсек, Акыйкатчы Институту балдардын укуктарын коргоо жана укук бузуулардын алдын алуу максатында балдар үйлөрүнө үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүп келет.
18-августта Акыйкатчы Институтунун кызматкерлери «Балдардын укуктарын коргоочулар лигасынын» психологу менен биргеликте Чүйдөгү мектеп-интернаттын тарбиялануучулары менен жекече маектерди өткөрүшкөн.
Ал эми сентябрь айында Жамиля Жаманбаева Акыйкатчы Институтунун алдындагы Коомдук кеңештин мүчөсү Назгүл Турдубекова менен биргеликте интернатка мониторинг жүргүзгөн. Мониторингдин жүрүшүндө балдардын жашоо жана билим алуу шарттары, ден соолугунун абалы, коопсуздугу, ошондой эле социалдык жана мүлктүк укуктарынын сакталышы текшерилген. Мындан тышкары, балдар медициналык кароодон өткөрүлгөн.
Белгилей кетсек, жалпы 100 балага ылайыкташтырылган мектеп-интернатта учурда 88 бала тарбияланууда. Алардын 56сы эркек, 32си кыздар. Мекеде 25 томолой жетим, алтоо жарым жетим, 57си ата-энесинин камкордугусуз калган балдар жашашат.
