Баткен шаарынын тургуну президентке кайрылды: 65 сотых жеримди “генералдан уруксат алмайынча басып келбегиле” деп алып коюшту
12 октябрь

Баткен шаарынын тургуну президентке кайрылды: 65 сотых жеримди “генералдан уруксат алмайынча басып келбегиле” деп алып коюшту

Кыргыз керек-жарак коомунда 22 жыл иштеген жана жолдошу да ошол жерде иштеп жүрүп каза тапкан Сейли аттуу Баткен шаарынын тургуну 65 сотых жерин УКМК алып койгонун билдирди.

Ал бул тууралуу президент Садыр Жапаров Баткен районунун жана Баткен шаарынын тургундары менен болгон жолугушууда билдирди.

“5 бала менен жесир калдым. 2010-жылы Кыргыз керек-жарак коому салыктан карыз болуп калып, бизге сунушташкан: ким кааласа имараттардан алсын дагы, салык төлөшкүлө деп. Мен 65 сотых жери менен кампа сатып алгам. Ал убакта акча жок, карыздап жатып, 78 миң сомго сатып алган болчумун. Балдарым чоңойуп, эми иштетип баштаганда, 2024-жылы УКМК кызматкерлери күнү-түнү телефон чалышып, туугандарымды салышып, коркутуп жатып өткөрүп алышты. Мен мамлекетке керек болсо мейли, берейин дегем. Бирок анын жанындагы 20 сотых жерге жеке менчик үй курулуп баштады. Мамлекеттин керегине жараса мейли демекмин, жеке менчик үй курулуп жатат. Кампаны бузуп кетели десек, ошол убакта “генералдан уруксат алмайынча, басып келбегиле” деп бизди жолотпой коюшкан”, - деди тургун.

Облус жетекчилигинин өкүлү ал жерге Мамлекеттик ипотекалык компаниянын көп кабаттуу үйү курулуп жатканын билдирди.

Президент убагында бала бакчанын, завод-фабриканын имараттарын 150 сомго, 1500 сомго  сатып алгандар болгонун эске салды.

“Биз ошондой имараттарды кайра алгыла дегенбиз. Элдин пайдасына иштесин дегенбиз”, - деди президент.

Ал тиешелүү кызмат жетекчилерине тургундун билдирүүсүн текшерүүнү тапшырды.