2027-жылы транспорт, курулуш жана энергетика тармактарын каржылоо көбөйтүлөт
Кыргызстанда 2027-жылы экономиканын реалдуу секторун каржылоого 149 млрд сом каралган. Бул тууралуу финансы министри Руслан Сүйүналиев 12-октябрда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, транспорт жана коммуникациялар тармагын каржылоо 2026-жылдагы 14,7 млрд сомдон 2027-жылы 19,6 млрд сомго чейин көбөйтүлөт.
Ошондой эле энергетика жана курулуш тармактарына жумшалуучу чыгымдарды болжол менен 30%га көбөйтүү пландалууда.
Министрдин маалыматына ылайык, 2026-жылы Кыргызстандын консолидацияланган бюджетинин көлөмү 843 млрд сомду түзсө, 2027-жылы 1 трлн 54 млрд сомго жетери болжолдонууда.
2026-жылдын тогуз айынын жыйынтыгы боюнча бюджеттик көрсөткүчтөрдүн аткарылышы 100%дан ашкан.
Жыйындын жүрүшүндө депутаттар жолдорду куруу жана оңдоо, социалдык объектилерди куруу, айылдарды ичүүчү суу менен камсыздоо, Бурулдай суу сактагычын куруу жана курулушу бүтпөй калган объектилерди аяктоо маселелерин да көтөрүштү.
Комитет республикалык бюджеттин 2027-жылга жана 2028–2029-жылдарга пландалган мезгилге карата долбоорун биринчи окууда жактырды.
