Баткенде 80 сотых бак талашка түшүүдө: президент жерди өз ээлерине калтырууну табыштады
12 октябрь

Баткенде 80 сотых бак талашка түшүүдө: президент жерди өз ээлерине калтырууну табыштады

Баткен районунун тургуну президент Садыр Жапаровго кайрылып, 80 сотых кайракы жерге суу чыгарып, мөмө бакка айландырып койгондон кийин талашкандар көп болуп жатканын билдирди.

Айтымында, апасы өмүр бою “Таза сууда” иштеген, ал жактан токтом аркылуу 80 сотых жер алышкан.

“Ал жерге үй курдук, бак тиктик. Жүз метр жерди каздырып, насос менен суу чыгардык. Ар бир жолу 10-15 миң сомго насостоп суу чыгартып жаттык, жайдын күнүндө ал тез эле жарабай калат. 1999-жылы жерди бизге бергенге токтом чыгарылган, азыр ал катталган эмес деп жатышат. 2010-жылы атам кайтыш болду. Апам 10 баласы менен жалгыз калды. Кийин бак-шак өсүп чыгып, элдин көзүнө көрүнө баштагандан кийин талашкандар көбөйдү. Кайра эле токтом менен ал жерди Тагаев Эркин дегенге берип коюшуптур. Ал келип, абийири чыдабады окшойт, албайм деп баш тартып кетип калды. Андан кийин Ганиев Икрам дегенге токтом чыгарышыптыр. Мамлекеттик каттоо бир жер үчүн ар кимге токтом чыгара береби?” – деди тургун.

Айтымында, 80 сотых жердин баары иштетилет: помидор, жүгөрү, картошка айдалат жана өрүк, алма багы бар.

Садыр Жапаров: “Жерди бул адамдарга калтырып койгула. Тийишпегиле. Дыйканчылыгын кыла беришсин. 10-15 жылдап иштеп жашылдандырып жатса, тааныш-билишке салып бөлөккө кармата салуу адилетсиздик. Жер иштетилип жатса болду да, Ташмат иштетеби, Эшмат иштетеби, айырмасы канча”, - деди.