Кыргызстан менен Өзбекстан бажы тармагындагы кызматташтыгын кеңейтет
Кыргызстан менен Өзбекстан бажылык администрациялоо, санариптештирүү жана маалымат алмашуу багыттарындагы кызматташтыкты өнүктүрөт. Бул тууралуу эки өлкөнүн бажы органдарынын 2027–2028-жылдарга карата өз ара аракеттенүү жол картасына кол коюлду.
Документке 12-октябрда Бишкек шаарында өткөн Түрк мамлекеттер уюмунун бажы администрацияларынын жетекчилеринин 12-жолугушуусунун алкагында Кыргызстандын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы менен Өзбекстандын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Бажы комитетинин ортосунда кол коюлду.
Жол картасы бажылык контролду өркүндөтүүгө, өткөрүү пункттарынын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга жана бажы жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүгө багытталган.
Ошондой эле документте «Бир аялдама» принцибин киргизүү, ыйгарым укуктуу экономикалык операторлорду өз ара таанууну өнүктүрүү, контрабандага каршы күрөштүн натыйжалуулугун жогорулатуу, тажрыйба алмашуу жана кадрларды даярдоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулган.
Жол картасын ишке ашыруу эки өлкөнүн бажы органдарынын кызматташтыгын чыңдоого, бажылык администрациялоонун натыйжалуулугун жогорулатууга жана өз ара сооданы өнүктүрүүгө шарт түзөт.
