Базарлар ассоциациясы субижарага берүүгө байланышкан мыйзам бузуулар үчүн айып пулду азайтууну сунуштады
12 октябрь

Базарлар ассоциациясы субижарага берүүгө байланышкан мыйзам бузуулар үчүн айып пулду азайтууну сунуштады

Кыргыз Республикасынын базарлар ассоциациясынын президенти Сергей Пономарев Жогорку Кеңеште өткөн парламенттик угууда субижарага байланышкан мыйзам бузуулар үчүн жоопкерчилик маселеси боюнча Мамлекеттик салык кызматынын жетекчилиги менен бир чечимге келишкенин билдирди. Бул маселе узак убакыттан бери чечилбей келген.

Анын айтымында, субижарачылар тарабынан жасалган мыйзам бузуулар үчүн жоопкерчилик базардын жана соода борборлорунун ээлерине жүктөлүүдө. Мында алар менен мыйзам бузган адамдардын ортосунда түз келишимдик мамилелер жок.

Ошондой эле айып пул салуудан мурда мыйзам бузууларды жоюу жөнүндө милдеттүү түрдө эскертүү берүү жана аларды жоюу үчүн 30 күндүк мөөнөт берүү сунушталды.

Ассоциациянын пикиринде, тиешелүү ченемдер Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде бекитилиши керек.