### Австриялык адистер Кыргызстанда тоо лыжа спортун өнүктүрүүгө көмөктөшөт
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаровдун тоо лыжа спортун өнүктүрүү боюнча эл аралык тажрыйбаны үйрөнүү тууралуу тапшырмасын аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинде директордун орун басары Нурсултан Курманалы уулу Австриянын “Snowsports Academy” кышкы спорт түрлөрү академиясынын делегациясы менен жолукту.
Жолугушуу Мамлекет башчысынын жакында АКШнын Юта штатына болгон жумушчу сапарынын алкагында уюштурулду. Сапардын жыйынтыгы боюнча Президент тармактык мамлекеттик органдарга тоолуу аймактарды топтомдуу өнүктүрүү жана заманбап тоо лыжа инфраструктурасын түзүү боюнча эл аралык тажрыйбаны үйрөнүүнү, ошондой эле аны Кыргызстанда колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн аныктоону тапшырган.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар австриялык тажрыйбаны эске алуу менен кышкы спорт түрлөрүн өнүктүрүү келечегин, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну жана спортсмендерди да, профилдик адистерди да даярдоо системасын өркүндөтүүнү талкуулашты.
Австрия тарап Кыргызстанга негизги багыттар боюнча: массалык спортту өнүктүрүүдө, жогорку класстагы спортсмендерди даярдоодо жана спорттук билим берүүнү өркүндөтүүдө практикалык көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди. Ошондой эле дене тарбия боюнча жогорку окуу жайларына эксперттик жана методикалык колдоо көрсөтүү, анын ичинде заманбап окуу материалдарын иштеп чыгууга жардам берүү мүмкүнчүлүгү дагы каралды.
Австрия делегациясын “Snowsports Academy” президенти Мартин Долезал жетектеп келди. Ошондой эле делегациянын курамында аткаруучу директор Йоханн Райзенбергер жана долбоорлордун жетекчиси Маттиас Радель бар.
Кызматташуунун кийинки баскычы австриялык адистердин Ысык-Көл облусуна сапары болот. Алар спорттук инфраструктуранын абалы, тоо лыжа спорту боюнча иштеп жаткан объекттердин жана аймактын дарамети менен таанышат. Сапардын жыйынтыгында артыкчылыктуу долбоорлорду аныктоо жана австриялык тажрыйбаны эске алуу менен Кыргызстанда кышкы спорт түрлөрүн андан ары өнүктүрүү боюнча сунуштарды иштелип чыгат.
Австриялык адистер менен кызматташуу спорттук инфраструктураны модернизациялоого, спортсмендерди жана машыктыруучу кадрларды даярдоонун сапатын жогорулатууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын кышкы спорт системасына заманбап эл аралык тажрыйбаларды киргизүүгө көмөктөшүүгө багытталган.
