Кубанычбек Ысабеков Кыргызстандын салык системасы экономиканын өсүү темпине жетише албай жатат деген билдирүүлөрдү четке какты
12 октябрь

Кубанычбек Ысабеков Кыргызстандын салык системасы экономиканын өсүү темпине жетише албай жатат деген билдирүүлөрдү четке какты

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков чет өлкөлүк жалпыга маалымдоо каражатында жарыяланган Кыргызстандын салык системасы экономиканын өсүү темпине жетише албай жатат деген маалыматты четке какты.

Ал белгилегендей, салык системасы экономиканын өнүгүү темпине шайкеш келбейт деген билдирүүлөр иш жүзүндөгү абалды чагылдырбайт.

Кубанычбек Ысабеков акыркы жылдары Салык кызматы салыктык башкарууну ырааттуу түрдө өркүндөтүп, аналитикалык иштерди күчөтүп, көмүскө экономиканын үлүшүн кыскартуу боюнча чараларды көрүп жатканын билдирди. Евразия экономикалык бирлигинин алкагындагы импорттук операцияларга жана ири салык төлөөчүлөрдүн ишмердүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурулууда.

Жүргүзүлүп жаткан иштердин натыйжасында, 2025-жылы салыктык түшүүлөр 309 млрд сомду түзүп, баштапкы 268 млрд сомдук план ашыгы менен аткарылган.

Ал Салык кызматы көмүскөдө калган резервдерди аныктоо жана салыктык башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу аркылуу салыктык түшүүлөрдү көбөйтүү иштерин улантып жатканын кошумчалады. Мында ак ниет ишкерлерге кошумча жүк жаратпоого өзгөчө көңүл бурулат.

Ошондой эле ал салык тармагындагы абалды объективдүү чагылдыруу өлкөдө жагымдуу инвестициялык климатты калыптандырууда маанилүү экенин баса белгиледи.

Мамлекеттик салык кызматы мындан ары да бизнес-коомчулук менен конструктивдүү кызматташтыкты өнүктүрүүнү жана салык системасын өркүндөтүүнү улантат.