ДССУ: Дүйнөдө 170 млн бала жана өспүрүм семирүүдөн жабыркайт
Сүрөт ачык булактардан алынды
12 октябрь

ДССУ: Дүйнөдө 170 млн бала жана өспүрүм семирүүдөн жабыркайт

2024-жылы дүйнө жүзүндө 5 жаштан 19 жашка чейинки 170 млнго жакын бала жана өспүрүм семирүүдөн жабыркаган. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) билдирди.

Алардын 70 миллионго жакыны 5–9 жаштагы балдар болсо, дагы 100 млнун 10-19 жаштагы өспүрүмдөр түзөт.

ДССУнун маалыматына ылайык, 1990-жылдан бери бул курактагы балдар жана өспүрүмдөр арасында семирүүнүн жайылышы төрт эсеге көбөйгөн. Тактап айтканда, көрсөткүч 2%дан 8%га чейин өскөн.

Маселенин курчушуна байланыштуу уюм семирүүдөн жабыркаган балдарга жана өспүрүмдөргө жардам көрсөтүү боюнча саламаттык сактоо органдары жана медицина кызматкерлери үчүн алгачкы сунуштамаларын жарыялады.

ДССУ негизги ыкма катары жашоо образын өзгөртүүнү сунуштайт. Ага туура тамактануу, физикалык активдүүлүктү жогорулатуу, ошондой эле балага жана анын үй-бүлөсүнө узак мөөнөттүү колдоо көрсөтүү кирет. Бул чаралар өз алдынча же комплекстүү программалардын алкагында жүргүзүлүшү мүмкүн.

Уюм төрөлгөндөн тартып 9 жашка чейинки балдарга семирүүнү дарылоо үчүн дары-дармектерди колдонууну, бариатриялык операцияларды жасоону же салмакты азайтуучу атайын түзмөктөрдү пайдаланууну сунуштабайт.

Ал эми 10–19 жаштагы өспүрүмдөргө дары-дармектер жашоо образын өзгөртүү боюнча адистердин көзөмөлүндө жүргүзүлгөн программа жетиштүү натыйжа бербеген учурда гана дайындалышы мүмкүн. Семирүү оор деңгээлге жеткен айрым учурларда бариатриялык операция жасоо маселеси каралышы мүмкүн.

ДССУ семирүү өнөкөт жана кайра кайталануучу оору экенин белгилейт. Ал бала кезинен тартып эле экинчи типтеги кант диабетинин жана жүрөк-кан тамыр ооруларынын пайда болуу коркунучун жогорулатышы мүмкүн.

Мындан тышкары, семирүүдөн жабыркаган балдар көп учурда стигматизацияга, мазактоого жана басмырлоого туш болушат. Бул алардын психикалык саламаттыгына терс таасирин тийгизиши мүмкүн.

Уюмдун белгилешинче, дарылоо дене салмагын азайтуу менен гана чектелбеши керек. Анын негизги максаты баланын ден соолугун чыңдоо, физикалык активдүүлүгүн жогорулатуу, өзүн жакшы сезишине жана жашоо сапатын жакшыртууга көмөктөшүү болушу зарыл.

Ошондой эле ДССУ мамлекеттерди туура тамактануунун жана активдүү жашоо образынын жеткиликтүүлүгүн камсыздоого чакырат. Бул үчүн билим берүү, транспорт, шаар куруу, социалдык коргоо жана салык саясаты жаатында тиешелүү чараларды көрүү сунушталат.