Экономика министрлиги менен Дүйнөлүк банк мамлекеттик ишканалардагы реформаларды ишке ашырууну талкуулашты
Кыргызстандын экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова Дүйнөлүк банк тобунун Кыргыз Республикасындагы өлкөлүк кеңсесинин жетекчиси Хью Ридделл жана Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу Экономика министрлигинен кабарлашты.
Ведомстводон кабарлашкандай, жолугушуунун негизги темасы мамлекеттик катышуусу бар ишканалар секторундагы реформаларды иш жүзүндө ишке ашыруу болду.
Тараптар мамлекеттик активдерди пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу, корпоративдик башкаруунун заманбап ыкмаларын киргизүү жана атаандаштык чөйрөнү өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.
Жолугушуунун жүрүшүндө Швейцариянын экономикалык маселелер боюнча мамлекеттик катчылыгы (SECO) тарабынан каржыланып, Дүйнөлүк банк тарабынан ишке ашырылып жаткан «Кыргыз Республикасында мамлекеттик катышуусу бар ишканалар секторун реформалоо үчүн потенциалды чыңдоо» биргелешкен долбоорунун маанилүүлүгү белгиленди.
Ошондой эле тараптар ченемдик укуктук базаны өркүндөтүүдө, мамлекеттик ишканаларды башкаруунун ачык-айкындуулугун жогорулатууда жана жеке секторду өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүдө эл аралык тажрыйбанын жана эксперттик колдоонун маанилүүлүгүн белгилешти.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргыз Республикасындагы артыкчылыктуу экономикалык реформаларды ишке ашыруу максатында конструктивдүү кызматташтыкты улантууга даяр экендиктерин ырасташты.
