Садыр Жапаров ажырашкан эркектерге кайрылды: Башка аял алсаң, үй-жайыңды балдарыңа ташта дагы, чыгып кет
12 октябрь

Садыр Жапаров ажырашкан эркектерге кайрылды: Башка аял алсаң, үй-жайыңды балдарыңа ташта дагы, чыгып кет

Президент Садыр Жапаров Баткен районунун жана Баткен шаарынын тургундары менен жолугушууда ажырашуу маселесине токтолду.

3 баласы менен күйөөсү үй-жайсыз калтырган келиндин баянынан кийин президент Японияны мисал келтирди.

“Японияда ажырашуу дээрлик жок, болсо да бирин-серин гана. Эмнеге экенин билесиздерби? Мыйзам катуу жазылган, ажырашса, баласын да, аялын да эркек өмүр бою багат. Башка аялга үйлөнүп алса дагы, биринчи аялы менен балдарынын милдети моюнуна өмүр бою илинет. А бизде балдарын таштап, башка аялга үйлөнүп кетет, аз келгенсип үй-жайын талашат. Өзүңдүң балаң болгондон кийин аны да карашың керек да”, - деди президент.

Ал ошондой эле ажырашкан эркек үй-жайды балдарына ташташы керектигин белгиледи:

“Башка аял алып алсаң, үйүңдү балдарыңа таштап туруп чыгып кет. Азыр эркектер такыр эле бузулду”, - деди ал.

Президентке кайрылган келин күйөөсү менен ЗАГСы бардыгын, бирок ошол эле убакта күйөөсү экинчи аялы менен дагы ЗАГСка турганын билдирди.

Садыр Жапаров Кыргызстандын мыйзамы боюнча эки ал алуу кылмыш экенин, демек, эки ЗАГС күбөлүгүнө ээ эркектер кылмыш жообуна тартылышы керектигин белгиледи.