Шакиранын концерти Кыргызстанга 30 млн долларга жакын киреше алып келиши мүмкүн
Сүрөт ачык булактардан алынды
12 октябрь

Шакиранын концерти Кыргызстанга 30 млн долларга жакын киреше алып келиши мүмкүн

Кыргызстан Шакиранын концертинен 30 млн долларга жакын киреше алышы мүмкүн. Бул тууралуу Туризм департаментинин жетекчиси Эдуард Кубатов билдирди.

Анын айтымында, концертке болжол менен 60 миң көрүүчү келери күтүлүүдө.

Кошумча киреше коноктордун жашоого, тамак-ашка, транспортко жана башка туристтик кызматтарга жумшаган каражаттарынын эсебинен түшөт деп болжолдонууда.

Шакиранын концерти 18-октябрга белгиленген.