Кыргызстан 2026-жылы Азиядагы экономикасы эң тез өсүп жаткан өлкөлөрдүн катарына кирди
Кыргызстандын экономикасы 2026-жылы 8,9%га өсүшү мүмкүн. Бул Азия өлкөлөрүнүн арасындагы эң жогорку көрсөткүчтөрдүн бири. Мындай маалыматтар актуалдуу экономикалык божомолдордун негизинде GeoStatistica тарабынан жарыяланды.
Маалыматка ылайык, бул көрсөткүчтөн жогору өсүш Тайванда гана күтүлүүдө — 11%.
Андан кийинки орундарда Вьетнам 7,8%, Өзбекстан, Тажикстан жана Индия 7%дык өсүш менен турат. Бутандын экономикасы 6,5%га, Грузия менен Түркмөнстандыкы 6,3%га, Монголияныкы 5,7%га өсүшү мүмкүн.
Ошол эле учурда Азия өнүктүрүү банкы Азия жана Тынч океан аймагындагы өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн экономикасынын 2026-жылдагы өсүшү боюнча божомолун 5%га чейин жогорулатты.
Ошентип, Кыргызстандын экономикасынын күтүлүп жаткан өсүү темпи аймактагы өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн орточо көрсөткүчүнөн кыйла жогору.
