Мэр: Бишкекте быйыл 25 миңге жакын бак-дарак отургузулду
Бишкек шаарында 2026-жылы 25 миңге жакын бак-дарак отургузулду. Бул тууралуу борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев УТРКга берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, жаз мезгилинде 11 миңге жакын бак-дарак отургузулган. Жалпысынан жыл башынан бери алардын саны 25 миңге жеткен.
Мындан тышкары, шаарда өзүнүн көчөтканасы бар. Анда борбор калааны мындан ары жашылдандыруу үчүн 93 миңге жакын көчөт даярдалган.
Мэр белгилегендей, шаарда авариялык абалдагы жана куураган бак-дарактарды алуу иштери да уланууда. Былтыр 4 миңден ашык куураган бак-дарак аныкталса, быйыл алынган бактардын саны болжол менен 1,6 миңди түзгөн.
Анын маалыматына ылайык, жаңы отургузулган көчөттөрдүн жер алып кетүү көрсөткүчү 85%дан жогору.
Джунушалиев жашылдандыруу иштери системалуу жүргүзүлүшү керектигин белгиледи. Ошондой эле жол жана курулуш долбоорлорун ишке ашырууда мүмкүн болушунча соо бак-дарактарды сактап калууга аракет жасаларын кошумчалады.
