Кыргызстандын банктарынын активдери жыл башынан бери 24,2%га өсүп, 1,5 трлн сомдон ашты
сүрөт: depositphotos.com
13 октябрь

Кыргызстандын банктарынын активдери жыл башынан бери 24,2%га өсүп, 1,5 трлн сомдон ашты

2026-жылдын 31-августуна карата Кыргызстанда 26 коммерциялык банк жана алардын 308 филиалы иштеп жаткан. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан билдиришти.

Жыл башынан бери банк секторунун жалпы активдери 24,2%га көбөйүп, 1 трлн 504,8 млрд сомго жетти.

Банктардын кредиттик портфели 24,9%га өсүп, 633,3 млрд сомду түздү.

Ал эми депозиттердин көлөмү 6,1%га көбөйүп, 919,2 млрд сомго жетти.

Мындан тышкары, алты коммерциялык банк улуттук жана чет өлкөлүк валютада ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык кызмат көрсөтүшкөн.

Жыл башынан бери ислам принциптери боюнча каржылоонун көлөмү 54,3%га өсүп, 29,7 млрд сомго жетти.