Айдар Сейталиев: Бизде коррупционерлер өздөрүн токтото албай, коррупция менен “ооруп” калган чекке жетишти
22 январь

Айдар Сейталиев: Бизде коррупционерлер өздөрүн токтото албай, коррупция менен “ооруп” калган чекке жетишти

Кыргызстанда коррупцияга каршы жаңы мыйзам күчүнө кирди. Эми ага ылайык, коррупцияга айыпталып сот жообуна тартылгандар мурдагыдай мамлекетке келтирген зыянын төлөп, эркиндикке чыгып кете албайт. Алар мамлекетке келтирген зыянды ордуна келтиришет, жаза мөөнөтүн өтөшөт, өзү мамлекеттик кызматка өмүр бою келе албайт. Ошондой эле, мамлекеттик кызматтарда иштеген жакын туугандары да кызматтан алынат. “Башкы элдик көзөмөл” коомдук уюмунун төрагасы Айдар Сейталиев бул мыйзам боюнча пикирин “Биринчи радиого” билдирди. 

– Өлкөдө коррупцияга каршы күрөш катаалдана баштаганы эскертилгенден кийин да милиция кызматкерлери, соттор, салыкчылар коррупция менен кармалышты. Бул эмнеден кабар берет жана коррупцияны жеңе алабызбы? 

– Биринчиден, бизде коррупцияга каршы күрөш башталганына 3-4 жыл гана болду. Кандай коррупцияланышкан “киттер” кармалып, бюджетке келтирген чыгымды төлөп беришкенине 3-4 жылдан бери күбө болуп келатабыз жана бул жааттан жакшы көрсөткүчтөргө жетиштик. Генерал Камчыбек Кыдыршаевич коррупция боюнча 40 пайызга түшкөнүбүздү айтты. Бирок жыйынтыгы мамлекетибиздин жетекчилигин, элди, бизди кайсы бир деңгээлде канааттандырбады, миллион уурдагандар кармалып, анын жарымын төлөп берип чыгып кетип жатышты. Ушул нерсеге көзү жеткенден кийин Жогорку Кеңеш жаңы жылдын алдында УКМК сунуштаган мыйзамды кабыл алып берди. Буйруса, бул жаатта күрөш мындан да күчөөрү анык. 

– Жаңы мыйзам боюнча, коррупцияга шектелип кармалгандар айыбы сот тарабынан далилденсе, ал кайрадан мамлекеттик кызматта иштей албай калышабы? 

– Ооба. Алар “жегенин” төлөшөт дагы, жоопкерчиликке да тартылышат, андан сырткары тууган-туушканы, бала-чакасы менен мамлекеттик кызматка жакындай албай калышат. Коррупцияны катуу келаткан поездке салыштырсак болот, дагы эле көнгөн адаттарын жасап жатышат, адам деген ачкөз болот экен, балким мурдагы система менен калыптанып калышты. Жаңы жылдын башында да бир топ чиновниктер кармалышпадыбы. Демек, булар өзүн токтото албай калышты, коррупция менен ооруп калышты, элим-жерим деген патриоттук сезимдери жок, жеке керт башын гана ойлоп жүрүп, ушул акыбалга туш келишти. 

– Жарандардын коррупцияны жээриген аң сезими качан калыптанат? 

– Президент Садыр Нургожоевич бийликке жаңы келгенде эле өзү көзөмөлдөр турган Антикоррупциялык ишкердик кеңешин түзгөн. Анын негизги максаты – коррупциянын алдын алуу, мониторинг жүргүзүү, эскертүү. Ошондуктан биз аталган кеңешке 3 жылдан бери өнөктөш болуп келатабыз. Ондогон мыкты уюмдарды тандап, аларга министрликтерди бөлүп беришкен, ар бир министрликтин алдында атайын коррупцияга каршы бөлүмдөр бар, биз алар менен чогуу пландарды түзүп, иштешип жатабыз. “Башкы элдик көзөмөлгө” билим берүү тармагын эки жылдай убакыт мурда бөлүп беришкен. Биз алдын алуу, мониторинг, анализ жүргүзүү иштерин жасап келатабыз. Бизде өлкө боюнча 700-800дөй активист бар, алар ар бир мектепте, бала бакчада ата-энелер, директорлор менен иш алып барып, эскертүү иштерин жүргүзгөндүктөн, билим берүү тармагында өткөн жылдан бери жакшы жыйынтык болду. Коррупция менен күрөшүүгө президентибиз өзү баш болуп киришти. Азыр мектеп директорлору мурдагыдай ачык акча чогултуудан чоочулап калышты. Мына, ушундай иштер ачык айтылса, жетекчилик, эл, активисттер жан-жабыла аракет кылышса, Кудай да берекетин берет. 

– Жакында УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев билим берүү тармагынын өкүлдөрү, студенттер менен жолугушту, ошол жакта 80ден ашуун мугалим коррупцияга аралашканы тууралуу айтты. Келечек муунга багыт бере турган мугалимдин коррупцияга аралашканын кандай чечмелесек болот? 

– Билим берүү тармагы – Кыргыз мамлекетинин келечеги да. Алар миңдеген жаштарды тарбиялашат. Жаш балдар кичине кезинен эжекелеринин акча чогултканын көрүп чоңойсо, студенттер акча чогултуп маселесин чечип жатса, турмуш ушундай экен деп кабыл алышат, ошону менен миллиондогон коррупционерлерди даярдап жатпайлыбы. Камчыбек Ташиев студенттер акча чогултуп кармалышса, аларга да аео болбостугун айтты, анткени, алар 18 жашка чыккан жарандар. Бул бизге окшогон эл тарабынан иштеп жүргөн активисттерге абдан жеңилдик берди. Демек, жетекчилик менен чыныгы активисттер чогуу-чаран иш алып барса, коррупция бир топ азая. 

– Сиздер анализ кылып, мониторинг жүргүзөт экенсиздер, өткөн жылы коррупцияга каршы күрөштүн анализи кандай болду? 

– Биз жыл сайын анализдерибиз боюнча Президентке караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңешке отчет беребиз. Кеңештин башкы катчысы бардык анализдерди чогултуп, президентке отчетун киргизет. Чындыгында, биз келгенде билим берүү тармагында абдан жүрөк ооруткан окуялар көп болчу. Керек болсо, каралар системасы мектеп окуучуларына чейин кирип кеткен эле. 8-класстын окуучуларына 9-класстын окууулары “салык” салса, 9-класска 10-класс, а 10-класска 11-класстын окуучулары акча топтотуп турган. Жакшы окуган балдарды кордомой, кара өзгөй, чоң муштум балдар лидерликке чыкмай көбөйүп, турмушубуз тескери басып калган. Биз мониторинг жүргүзүп, Антикоррупциялык ишкердик кеңештин башкы катчысына жеткирдик. Камчыбек Ташиев мектептеги рекет балдарды да аябайбыз деп айтпадыбы, ошол биздин отчеттен кийин айтылып жатат. 

– Айылдабы же шаарда коррупциялык иштерге кабылып калган жаран сөзсүз Камчыбек Ташиевди эстеп, ошол кишиге жолуккусу келет. Бул бир жагынан жакшы көрүнүш, бирок экинчи жагынан аң сезим ушул нерсеге бурулуп кетпеши үчүн кандай аракеттерди жасоо керек? Мисалы, коррупциялык ишке кабылган адам биринчи айыл өкмөткө же башка дагы тийиштүү кызматтарга барышы керек да? 

– Кандай маселе болсо эле Ташиевге жеткириш керек деп отурсак, ал кишинин чама-чаркы жетпей калат да. Негизи мыйзам диктатурасын орнотуу керек. Камчыбек Ташиев сунуш кылып, президент кол койгон мыйзам Кыргызстандын бардык аймактарында күчтүү аткарылууга тийиш. Мамлекет башчы президенттик ишмердүүлүгүнө киришип жатканда бизде жарандык сектор күчтүү экенин айткан. Кыргыз элинин өзүнүн өзгөчөлүгү бар – ачык-айрымдыгы, эр жүрөктүүлүгү, тазалыгы. Эл арасында активисттер көп. Эгерде элибиз коррупция менен күрөшүүдө активдүү болсо, максатыбызга бат жетебиз. Көбүнчө коррупциялык ишке күбө болуп калган адам аны кайда жеткирерин, кайда кайрылаарын билбейт. Ошондуктан, азыркы Антикоррупциялык ишкердик кеңештин жетекчилиги жакшы иш жасоодо: өлкөнүн булуң-бурчунан активисттерди чакырып, жатаканасын даярдап берип, окутуп, анан кайра өз аймагына жиберип жатат.  Бул сөзсүз коррупцияны ооздуктоого салымын кошот.