Гүлдана Челобаева: Кыргызстандыктар үчүн жаңы эмгек рыноктору ачылууда: мигранттар эмнени билиши керек?
12 октябрь

Гүлдана Челобаева: Кыргызстандыктар үчүн жаңы эмгек рыноктору ачылууда: мигранттар эмнени билиши керек?

Кыргызстандыктардын чет өлкөдө иштөөсү жаңы мүмкүнчүлүктөр менен катар бир катар тобокелдиктерди да жаратат. Мыйзамсыз жумушка орношуу, алдамчылыкка кабылуу, эмгек акынын төлөнбөй калышы сыяктуу көйгөйлөргө туш болгон жарандар бар. Ошол эле учурда Улуу Британия, Корея, Түркия, Словакия, Япония сыяктуу өлкөлөр менен эмгек жаатындагы кызматташтык кеңейүүдө. Мигранттардын укугун коргоо, жаңы эмгек рыноктору жана мыйзамдуу жумушка орношуу тууралуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Тышкы миграция башкармалыгынын жетектөөчү адиси Гүлдана Челобаева менен маектештик.

Миграцияны токтотуу эмес, коопсуз жолго салуу маанилүү

– Гүлдана Рашитовна, эмгек миграциясынын күчөшүн эмнеден көрүүгө болот?

– Эмгек миграциясын бир гана Кыргызстандагы жумуш орундарынын жетишсиздиги менен түшүндүрүүгө болбойт. Бул дүйнөдө кеңири тараган процесс. Жарандар жогорку эмгек акы, жаңы тажрыйба жана мүмкүнчүлүктөр үчүн чет өлкөгө чыгып жатышат. Ошондуктан негизги маселе – миграцияны токтотуу эмес, аны коопсуз, мыйзамдуу жана уюшкан жолго салуу.

Алдамчылыкка кабылбоо үчүн алдын ала текшерүү зарыл

– Чет өлкөгө иштегени кеткен жарандар кандай коркунучтарга көбүрөөк туш болушат?

– Негизги коркунучтардын бири – мыйзамсыз жумушка орношуу жана алдамчылык. Айрымдар иш берүүчү же ортомчу тууралуу маалыматты текшербей туруп, жумуш сунуштарына ишенип калышат. Ошондуктан чет өлкөгө чыгар алдында иш берүүчү тууралуу маалыматты тактап, эмгек келишимин кылдат окуу керек. Бара турган өлкөнүн миграциялык талаптарын да алдын ала билүү зарыл.

2026-жылы өлкөнүн аймактарында «Коопсуз миграция кербени» маалыматтык кампаниясы өткөрүлүп, жарандарга ушул маселелер боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Мыйзамдуу агенттикти кантип айырмалоого болот?

– Жеке агенттик аркылуу жумушка орношууда эмнеге көңүл буруу керек?

– Агенттиктин мыйзамдуу иш алып барып жатканын текшерүү маанилүү. Алар тууралуу маалыматты министрликтин migrant.kg сайтынан алууга болот. Ошондой эле Жарандарды чет өлкөдө жумушка орноштуруу борборуна кайрылып, жумуш сунушу жана документтер боюнча кеңеш алууга болот.

Мигранттын айлыгы төлөнбөй калса, эмне болот?

– Чет өлкөдө иштеп жүргөн жарандын укугу бузулса, аларга жардам көрсөтүлөбү?

– Мындай учурда тиешелүү механизмдер иштейт. Мисалы, Россиядагы Кыргызстандын Эмгек министрлигинин Өкүлчүлүгү жарандарга укуктук жана миграциялык маселелер боюнча консультация берет. Бул багытта 224 кайрылуу түшүп, 461 жарандын 69,8 млн рубль эмгек акысын өндүрүү боюнча иштер жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгында 210 жаранга 16,1 млн рубль эмгек акы төлөтүлүп берилди.

Мындан тышкары, өндүрүштүк жаракат алган төрт кыргызстандык жаранга иш берүүчүлөрдөн 4,746 млн рубль компенсация өндүрүүгө көмөк көрсөтүлдү.

Өкүлчүлүк мамлекеттик органдар, прокуратура, эмгек инспекциясы жана башка тиешелүү мекемелер менен биргеликте иш алып барат. Жарандардын укугу бузулган учурда маселени тиешелүү органдарга жеткирүүгө жана чечүүгө көмөк көрсөтөт.

Британия, Корея, Япония: жаңы мүмкүнчүлүктөр

– Кыргызстандыктар үчүн жаңы эмгек рыноктору кайсы өлкөлөрдө ачылууда?

– Учурда Улуу Британия, Корея, Түркия, Словакия сыяктуу багыттар боюнча иштер жүрүп жатат. Япония менен «Белгилүү көндүмдөргө ээ жумушчу» программасынын алкагында кызматташтык өнүгүүдө. Словакия менен кыргызстандыктарды ири ишканаларга, анын ичинде Volkswagen ишканасына жумушка орноштуруу боюнча макулдашууга жетишилген.

Мындан ары Германия, Япония жана эмгек рыногунда суроо-талап жогору болгон башка өлкөлөр менен расмий каналдарды кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрү каралууда.

Жөн гана жумушчу эмес, квалификациялуу кадр

– Жаштардын чет өлкөгө кетиши күчөп жаткан шартта Кыргызстан эмне кылышы керек?

– Бул жерде миграцияны чектөө эмес, адамдык капиталды өнүктүрүү маанилүү. Чет өлкөлүк эмгек рыногунда талап кылынган кесиптерге жана чет тилдерине окутууну күчөтүү зарыл. Туризм, мейманкана-ресторан бизнеси, логистика, тейлөө жана техникалык адистиктерге көңүл буруу керек.

Негизги багыт – жарандарды жөн гана жумушка жөнөтүү эмес, квалификациялуу кадр катары даярдап, эл аралык эмгек рыногуна чыгаруу.

Чет өлкөдө топтолгон тажрыйба Кыргызстанга кайтышы керек

– Миграцияны өлкөнүн өнүгүүсүнө кантип пайдалуу багытка бурууга болот?

– Чет өлкөдө тажрыйба топтогон жарандардын Кыргызстанга кайтып келип иштөөсүнө шарт түзүү маанилүү. Ошондо миграция адамдык капиталды жоготуунун гана эмес, тажрыйба жана жаңы көндүмдөрдү топтоонун да бир механизми боло алат.

Ошол эле учурда миграция саясаты мыйзамдуу жумушка орноштурууну, жарандарды алдын ала даярдоону, чет өлкөдө алардын укуктарын коргоону жана жаңы эмгек рынокторун ачууну камтышы керек.

143 агенттик 26 өлкөдө иш алып барууда

– Бул иштерде жеке агенттиктердин ролу кандай?

– Учурда 143 жеке агенттик 26 өлкөдө жарандарды ишке орноштурууга көмөктөшүүдө. Алардын ишин көзөмөлдөө менен катар мыйзамдуу жана ишенимдүү агенттиктердин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү зарыл.

Жарандар да жумуш сунушуна ишенип эле калбастан, агенттиктин жана иш берүүчүнүн мыйзамдуулугун алдын ала текшериши керек.