Азия-Тынч океан чемпионатында Кыргызстан курама командасы үчүнчү орунду ээледи
11 октябрь

Азия-Тынч океан чемпионатында Кыргызстан курама командасы үчүнчү орунду ээледи

3-октябрдан 10-октябрга чейин Малайзиянын Пенанг шаарында сурдоспортсмендер арасында Азия-Тынч океан чемпионаты өттү.

Үстөл тенниси боюнча мелдештерге Кыргызстандын атынан жалпы үч спортсмен катышты.

Мелдештин жыйынтыгында командалык эсепте Кыргызстан үчүнчү орунду ээлеп, спортсмендер коло медалдарга ээ болушту.

Курамдын тизмеси:

Акжолтой Токбаева;
Жанара Табылдыева;
Аделя Садыкова.

Курама команданын машыктыруучусу: Жанболот Тилемиш уулу.

Белгилей кетсек, кыргызстандык спортсмендер командалык курамда аталган мелдешке алгачкы жолу катышты.аве.