ӨКМ: Кара-Кулжа районунда кыртышынын активдешүүсүнө байланыштуу жарандар коопсуз жайга көчүрүлдү
2026-жылдын 10-октябрында Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Тогуз-Булак айылынын Доңуз-Ой тилкесинде жер кыртышынын активдешкендиги тууралуу маалымат түшкөн.
Окуя болгон жерге Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кара-Кулжа райондук №66 ӨКБсынын куткаруучулары барып, жеринде абалды тактоо жана коопсуздукту камсыздоо иштери жүргүзүлдү.
Алдын ала маалымат боюнча, аталган тилкеде жалпысынан 4 турак үй бар. Алардын экөөсүндө тургундар жашаган. Жер кыртышынын активдешүүсүнө байланыштуу жарандардын коопсуздугун камсыздоо максатында тартылган куткаруучулар тарабынан Доңуз-Ой тилкесинде жашаган 2 үй-бүлө (жалпы 11 адам) коопсуз жайга көчүрүлүп, Тогуз-Булак айылындагы туугандарынын үйүнө эвакуацияланды.
Учурда жеринде ӨКМден 10 куткаруучу жана АСМ үлгүсүндөгү куткаруу унаасы, Ички иштер министрлигинен 1 кызматкер, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана 10 жергиликтүү тургун иш алып барууда.
Кырдаал тиешелүү кызматтар тарабынан көзөмөлгө алынып, зарыл болгон чаралар көрүлүүдө. Кошумча маалымат берилет.
