Бишкекте композитор Сталбек Бактыгуловдун элесине арналган эскерүү кечеси өттү
Маданият министрлиги
11 октябрь

Бишкекте композитор Сталбек Бактыгуловдун элесине арналган эскерүү кечеси өттү

Бишкектеги А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын чоң залында 9-октябрда Кыргыз Республикасынын эл артисти, композитор Сталбек Бактыгуловдун 70 жылдык мааракесине арналган «Эскерүү кечесинин» концерттик программасы өттү. Бул тууралуу Маданият министрлигинен кабарлашты.

Иш-чарага маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Айбек Дайырбеков катышып, сөз сүйлөдү.

Ал өз сөзүндө композитордун өмүр жолуна жана чыгармачылыгына токтолуп, кыргыз музыкасынын өнүгүшүнө кошкон салымын, улуттук музыкалык искусстводогу ордун жана бай чыгармачылык мурасын белгиледи.

Концерттик программанын жүрүшүндө эстрада ырчылары Сталбек Бактыгуловдун чыгармаларын аткарып, көрүүчүлөргө өзгөчө музыкалык кече тартуулашты.

«Эскерүү кечеси» композитордун чыгармачылыгын даңазалоого, анын баалуу мурасын эскерүүгө жана кийинки муундарга жеткирүүгө, ошондой эле кыргыз музыкасынын руханий байлыгын сактоого арналды.