президенттин администрациясы
11 октябрь
Сүлүктүдөгү жер көчкү коркунучу бар аймактардын тургундарын шаардын сыртына көчүрүү пландалууда
Сүлүктү шаарында жер көчкү коркунучу бар аймактарда жашаган тургундарды көчүрүү үчүн жер тилкелерин бөлүп берүү маселеси каралууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров билдирди.
Жер тилкелерин шаардын сыртындагы Кароол-Кыштак жана Майтонбос аймактарынан бөлүп берүү пландалууда.
Президенттин айтымында, бул маселе республикалык бюджеттин эсебинен этап-этабы менен чечилет.
Көчүрүү жер көчкү жүрүү коркунучунан улам жашоого кооптуу болгон үйлөрдүн тургундарына тиешелүү.
