видеодон алынган кадр
11 октябрь
Ошто Евразиялык билим берүү көргөзмөсүнө 2,5 миңден ашык окуучу катышты
Ош шаарында Россиянын, Казакстандын жана Кыргызстандын жогорку окуу жайлары катышкан Евразиялык билим берүү көргөзмөсү өттү. Иш-чарага 2,5 миңден ашык мектеп окуучусу катышты.
Көргөзмөнүн ачылышына Россиянын Ош шаарындагы Башкы консулдугунун консулу Артур Фищук катышты.
Көргөзмөдө жогорку окуу жайлар информатика, инженерия, биотехнология, медицина, тоо-кен иши, металлургия жана гуманитардык багыттар боюнча билим берүү программаларын сунушташты.
Окуучулар үч өлкөнүн жогорку окуу жайларындагы адистиктер, билим алуу багыттары жана жогорку билимге ээ болуу мүмкүнчүлүктөрү менен таанышышты.
