Россия Путин менен Трамптын макулдашуусунан кийин дизелдик отун экспорттоого коюлган чектөөнү жарым-жартылай алып салды
Россиянын өкмөтү дизелдик отунду экспорттоого коюлган тыюуну жарым-жартылай алып салуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Орусия өкмөтүнүн расмий сайтында маалымдалды.
Чечим Россиянын президенти Владимир Путин менен АКШнын президенти Дональд Трамптын макулдашууларын аткаруунун алкагында кабыл алынып, 10-октябрдан тартып күчүнө кирди.
Алгачкы этапта Россия дүйнөлүк рынокко 500 миң тонна дизелдик отун чыгарууга мүмкүнчүлүк алат.
Россиялык мунай компанияларына өкмөт менен макулдашуу аркылуу чет өлкөлүк сатып алуучулар менен келишимдерди тез арада түзүү тапшырылды.
Россиянын вице-премьер-министри Александр Новак бул чечим ички рынокту күйүүчү май менен камсыздоого таасирин тийгизбеши керектигин билдирди.
«Өндүрүш көлөмү ички рынокту толук камсыздоого да, дүйнөлүк рынокко көрсөтүлгөн көлөмдө отун жеткирүүгө да мүмкүндүк берет», — деди ал.
Россияда дизелдик отунду экспорттоого тыюу 2026-жылдын 31-январынан тартып киргизилген. Башында чектөө отун өндүрбөгөн компанияларга тиешелүү болгон. Ал эми 9-июлдан тартып чектөөлөр күчөтүлүп, түздөн-түз өндүрүүчүлөргө да жайылтылган.
