Ысык-Көлдө дыйкандар картошканы 15-17 сомдон сатса, Бишкекте баасы 60 сомго чейин жетүүдө
сүрөт: depositphotos.com
11 октябрь

Ысык-Көлдө дыйкандар картошканы 15-17 сомдон сатса, Бишкекте баасы 60 сомго чейин жетүүдө

Ысык-Көл облусунда түшүм жыйноо аяктагандан кийин дыйкандар картошканын бир килограммын 15-17 сомдон сатууда. Ал эми Бишкекте анын чекене баасы 60 сомго чейин жетет. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, картошка талаадан түз сатылган учурда анын баасы килограммына 12-15 сомду түзгөн. Учурда дыйкандар картошканын сортуна жана сапатына жараша дүң сатуу баасын 15-17 сомго чейин көтөрүшкөн.

Айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн айтымында, учурда алар өндүрүштүк чыгымдарын жабуу үчүн түшүмдүн бир бөлүгүн гана сатууда. Калган картошканы кийинчерээк сатуу максатында сактоого коюшууда.

Ысык-Көл облусунун базарларындагы дүң соода катарларында картошканын бир килограммы 20-25 сомдон, ал эми чекене соодада 30–40 сомдон сатылууда.

Бишкекте картошканын орточо чекене баасы 35-45 сомду түзөт. Аламүдүн базарында анын бир килограммы 30-45 сомдон сатылууда.

Орто-Сай базарынын соодагерлеринин маалыматына караганда, алар картошканы дыйкандардан 24–25 сомдон сатып алып, керектөөчүлөргө 40–45 сомдон сатышат.

Эң жогорку баалар «Ак-Эмир» базарында катталган. Ал жерде тандалган картошканын бир килограммы 50–60 сомдон сатылууда. Беш килограммдык таңгактагы картошканын бир килограммы 35 сомду, ал эми базардын жанындагы жашылча павильондорунда 40 сомду түзөт.

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан белгилешкендей, картошканын акыркы чекене баасы дүң сатуу баасына жана жеткирүү чынжырындагы ортомчулардын санына жараша калыптанат.