президенттин администрациясы
11 октябрь
Баткен облусунда 4,1 миң батирге эсептелген турак жай комплекстери курулууда
Мамлекеттик ипотекалык компания Баткен облусунда 4 116 батирге эсептелген турак жай комплекстерин куруп жатат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Баткен шаарынын жана Баткен районунун тургундары менен болгон жолугушууда билдирди.
Мамлекет башчысы ошондой эле аймактагы социалдык жана өндүрүштүк объектилердин курулушу жана оңдоп-түзөө иштери тууралуу маалымат берди.
Жалпысынан Баткен облусунда 38 объектте иштер жүргүзүлүүдө. Алардын ичинен 30 объекттин курулушу жана капиталдык оңдоо иштери аяктады.
Калган сегиз объектти 2026-жылдын аягына чейин бүтүрүү пландалууда.
