Баткен облусунда 23 миңден ашык пенсионерге кошумча 2 миң сомдон төлөнөт
Сүрөт ачык булактардан алынды
11 октябрь

Баткен облусунда 23 миңден ашык пенсионерге кошумча 2 миң сомдон төлөнөт

Баткен облусунда 23 миң 760 пенсионер пенсиясына кошумча ай сайын 2 миң сом өлчөмүндө компенсациялык төлөм алат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров билдирди.

Аталган төлөм өзгөчө макамга ээ болгон айрым чек ара аймактарында туруктуу жашаган пенсионерлерге каралган. Алардын катарына Лейлек, Баткен жана Кадамжай райондорунун, ошондой эле Сүлүктү шаарынын тургундары кирет.

Президенттин маалыматына ылайык, 1-октябрдан тартып пенсиянын өлчөмү жогорулатылгандан кийин өлкөдө орточо пенсия 12 миң 366 сомду түздү.

Мындан тышкары, 1-сентябрдан тартып Баткен облусунда үчүнчү жана андан кийинки балдары үч жашка чыкканга чейин ай сайын 3 миң сомдон жөлөкпул ала баштаган жарандардын саны 9 миң 481ге жетти. Бул төлөмдөргө республикалык бюджеттен ай сайын 28,8 млн сом бөлүнөт.

Ошондой эле облуста 18 миң 815 адам «Бала ырысы» жөлөкпулун алат. Ага ай сайын 24,6 млн сом каралат.