Канат Шабдалиев, актер: «Көрүүчүнүн жүрөгүндө калуу-актёр үчүн чоң сыйлык»
Сахна – актёрдун тагдыры, анын ички дүйнөсү менен көрүүчүнүн сезими айкалышкан өзгөчө мейкиндик. Театрда ондогон образдарды жаратып, көп жылдык чыгармачылык жол баскан актёр Канат Шабдалиев сахнанын сыйкыры, ролго даярдык жана актёр үчүн эң чоң баа эмне экендиги тууралуу ой бөлүштү.
– Канат мырза, актёрлук сиз тандаган кесиппи же тагдырдын буйругубу?
– Актёрлук мен бала кезден кыялданып жүргөн кесип. Бирок тагдыр мени кыргыз тили мугалими болууга түрткөн учурлар болду. Ошого карабай, тагдырга моюн сунбай актёрлукка ыктадым. Акыры жүрөгүм каалаган жолду тандадым десем болот.
– Сахнада жараткан образдарыңыздын ичинен өзүңүзгө эң жакыны кайсы?
– Сахнада өзүмө жаккан 2–3 ролум бар. Биринчиси – 30 жашымда “Ай тутулган түндө” драмасында жараткан дубананын ролу. Экинчиси – Манастын уулу Семетей тууралуу спектаклде Хан Жакыптын ролу. Үчүнчүсү – Орозгулдун образы.
Жашыраак кезде драматург Мар Байжиевдин “Окуя” спектаклинде Темир аттуу мунжу баланын ролун ойногом. Бул образ да мен үчүн өзгөчө роль болгон.
– Театр менен кино — кайсы аянтча сизди толук ачат?
– Мени көбүнчө театр өзүнө тартат. Мен өзүмдү кино актёрумун деп айта албайм, анткени киного көп тартылган жокмун. Балким кийин кино да жагып кетер. Бирок мага театрда роль жаратып, ошол образ менен иштөө көбүрөөк жагат. Театрда жараткан ролдорумдан ырахат алам.
– Образга кирүү үчүн кандай даярдык көрөсүз? Кээде ролдон чыга албай калган учурлар болобу?
– Образ жаратуу үчүн чоң даярдык керек. Маңдай тер төгүп, көп изденмейинче роль толук чыкпайт. Кээде кайгырып, кээде ыйлап, каармандын ички дүйнөсүн түшүнүүгө аракет кыласың.
Театр ишмери Константин Станиславский айткандай, ар бир саптын түбүнө түнөш керек. Каарман эмне үчүн ошол сөздү айтты – ошону түшүнүп, анын терисине кирүүгө аракет кыласың.
Айрым ролдордон кийин образдан чыгуу кыйын болуп калат. Мисалы, Темирдин ролун ойногондо бир топко чейин жаралуу адамдай болуп жүрдүм. Ал эми Орозгулду аткаргандан кийин мүнөзүм өзгөрүп, бир аз убакытка чейин ачуулуу болуп өзүмө келе албай жүргөн учурлар болгон.
– Сахнада чыныгы эмоция барбы же көпчүлүк актёрлор “оюн” гана көрсөтөбү?
– Эгер актёр сахнаны сүйсө жана көрүүчүнү сыйласа, анда ал чыныгы эмоция менен ойнойт. Кээде айрым актёрлор жөн эле оюн көрсөтүп коюшу мүмкүн. Бирок сахнага чыккан адам элдин ишенимин актоого тийиш.
– Ролду кандайдыр бир принцип менен тандайсызбы же режиссёрдун тандоосуна макул болосузбу?
– Театрда ролду көбүнчө актёр эмес, режиссёр тандайт. Мен да берилген ролду колдон келишинче аткарууга аракет кылам. Албетте, пьеса окулуп жатканда “ушул ролду ойносом” деген ой келет. Бирок акыркы чечим режиссёрго таандык болот. Режиссёр кандай роль берсе ошону аткарып, муну да көрөйүн дейм.
– Көрүүчүнүн сүйүүсү менен расмий наамдын кайсынысы маанилүү?
– Менимче, эң негизгиси — көрүүчүнүн сүйүүсү. Көрүүчүнүн жүрөгүндө калуу актёр үчүн чоң бакыт. Расмий наамды ар кандай жол менен алып жаткандар бар. Бири таанышы менен алса, бири сатып алып длегендей. Ошон үчүн элдин жүрөгүнөн орун алуу андан маанилүүрөөк деп ойлойм.
-Бүгүн өзүңүздү толук ачылдым, бактылуу актёрмун деп эсептейсизби?
- Али толук ачыла элекмин деп ойлойм. Мен ойной турган ролдор алдыда. Аманчылык болсо дагы көп образдарды жараткым келет. Кыялдарымда дагы көп ролдор бар. Ошентсе да өз кесибим менен жашап жатканым үчүн өзүмдү бактылуу актёр деп эсептейм.
– Кайсыл ролдор жылдызыңызды жандырды?
– Театр чөйрөсүндө жылдызым 27–28 жашымда дубананын ролу менен жангандай болду. Андан кийин Хан Жакыптын ролу менен дагы таанылдым. Театр фестивалдарында болсо Орозгулдун образы менен бааландым.
Жалпысынан театрда иштегениме 27 жыл болду. Бул аралыкта 50дөй спектакль коюлса, анын 30уна катышыпмын. Анын ичинен 25тейинде башкы ролдорду аткардым.
– Сиздин эң чоң сынчыңыз ким?
– Менин эң чоң сынчым – эл, көрүүчүлөр. Алардын баасы мен үчүн маанилүү. Тагыраагы, көрүүчүнүн жүрөгүндө калуу-актёр үчүн чоң сыйлык.
