Токтобек Асаналиевдин апасы Жумабүбү апа: “Током менин эле эмес, бүт айылдын сыймыгы”
КРнын эмгек сиңирген артисти, улуу-орто муундун сүйүктүү ырчысы, салмактуу, мазмундуу ырлардын аткаруучусу Токтобек Асаналиевдин маданият тармагындагы салмагы сайдын ташындай десек аша чаппаган болорбуз. Ушундай уулду кандай эне тарбиялап, турмуш жолуна салды деген кызыгуу сизде да болсо керек. Бүгүн биз ырчынын апасы менен маектештик.
– Апа, ырчы уулуңуз бир туугандарын канчанчысы?
– Он балам бар, төрт уул, алты кыз. Токо алардын алтынчысы. 1975-жылы 6-июлда Ат-Башынын Ача-Кайыңды айылында төрөлгөн. Ал кезде совхоздун малына карап жайлоодобуз. Абышкам кечки окууда окуп, аттестат алганы кеткен маалда мал карап жүрүп толгоом кармап калды. Кайненем атын койду. Токо кичинекей кезинде көзү ойноктогон, арык, тентек бала болчу. Бир жолу бээ саап келгенимче арчанын тикенин мурдуна тыгып ийиптир. Токтобой кан атат. Суу жүгүртүп, самындап атып тикенди араң чыгардым. Дагы бир ирет ун салган үкөктүн үстүндө жүргөн чычканды өлтүрүп сыртка ыргытып ийгем. Бир маалда энем “балаңды кара” дейт. Чыксам баягы чычканды мууздап, шыйрактарын кесип ыргытып, ичин жарганы калыптыр. Атасы экөөбүздүн койду мууздап сойгонубузду көрүп ошону туурагандагысы экен.
– Башка балдарыңыз деле ырдашабы?
– Атасы комуз чертчү, мен ырдачумун. Ушул дареметибиз балдарга өттү окшойт, баары эле ич ара жакшы ырдашат. Бирок арасынан Токо эле суурулуп чыкты. Баланын жөндөмүн байкаган атасы гормошка, комуз сатып берди. Кайда болбосун тартынбай ырдап кетчү. Атасы клубдарда өткөн концерттерге, айыл ичиндеги мааракелерге “менин балам ырдайт” деп ээрчитип алчу. Мектепти бүткөндө атасы экөөбүз тең “үйдө эле колубузда кал, сен окуп кетсең бизге ким жардам берет, мал-жан эмне болот” деп кызматына кызыгып окуткубуз келбей атты. Үндөбөй эле макул болгонсуп калган. Бир күнү шаарга качып кетиптир. Улуу эжесине ырчы болом десе ал консерваторияга ээрчитип барыптыр. Алдынан Асек Жумабаев чыгып, ырдатып көрүп окууга кабыл алыптыр. Бир нече убакыт шаарда жүрүп келди. Ичимден окууга өтпөй калып, айылда калса деп атам... “Өттүм” деп кудундайт. “Акчалуу, атасын ээрчип жүргөн балдар өтпөй атса сен кантип өтүп кеттиң?” деп таң калыптырмын. Чын эле өткөнүнө ишенгенде атасы экөөбүз батабызды берип окууга жөнөттүк. Абышка экөөбүз тоодон, малдан башка эч нерсе көрбөсөк жок дегенде балдарыбыз билимдүү болсун деп балдарыбыздын онун тең окутканга аракет кылдык.
– Он баланын түйшүгү, чыгымы ошол кезде деле оңой болбосо керек?
– Анан эмне, биз деле убагында кыйналдык. Кийин совхоз тараганда энчибиздеги малды алып айылга келдик. Токонун студенттик жылдары 1992-94-жылдарга туш келди. Базардан шекер, май алып, кайра сатып жанын багып жүрдү. Жатаканадан орун ала албай ар кайсы жакта баш калкалап жүрүптүр. Бизди аяды окшойт, алардын бирин бизге айтпай сыр алдырбай окуду. Окуусун бүтө электе, 1996-жылдар го дейм, үйлөнүп, Кенжеге баш кошту. Өздөрү жатаканада жашаса кантишет деп чыдабай неберем Канат 1 жашка чыкканда колума алып келдим. Жети жашка чыкканча койнума алып жатып чоңойттум. Келин-уулум экөө тил табышпай эки жолу түшкөндөн кийин Саадатка баш кошту. Ошондо Канатты атасынын колуна алып барып бердим. Негизи бергим келген эмес. Токо “окуталы, ырчылык даремети бар” деп айланчыктай бергенинен жеткирип бергенмин. Тим эле бир бөйрөгүмдү жулуп кеткендей болгом. Айылдагы кемпир-кесектер “Канат кеттиби, шаарга жеткирдиңби?” деп сураса ого бетер жарама туз сепкендей ичим тызылдайт. Кийин башка неберелериме алаксып көнүп кеттим. Бирок Канатымдын өмүрү кыска экен… Андан көп өтпөй абышкам менен кош айтыштым. Кудайдын буйругуна эч ким каршы чыккан эмес. Азыр он баламдын, неберелеримдин амандыгын тилеп, чайын ичип жүрөм.
– Шаарга канча убакытта бир келесиз?
– Көбүнчө кышында барам, бирок кайра эле кеткиче шашам. Шаардын жашоосу башкача, дарбазадан чыксаң бир да бала учурашпайт. Айылда алдыңдан чыккан ар бир бала саламынан жазбайт. Шаардагы балдардын тиктегени эле телефон. Балдарымдыкына кезеги менен жатам. Токо кетиргиси келбей кыйылып, эки жакка алып чыгып алаксытат. Анан кетем дей берсем жеткирип коёт. Айылга келгенде кадимкидей кере дем алам. Сыртка кенен кирип-чыгып, бир чыны чайды курдаштарым менен ичсем, мен үчүн ошондон өтөрү жок.
– Уулуӊуз өзү айылга канча убакытта бир барат?
– Бат-бат келгенге аракет кылат. Шаарга байланып калбадыбы, болбосо жашыраак кезинде айылдын жашоосун жакшы көрчү. Бул жакта биздин колдо мал-жаны бар. Айыл элинин жакшылыгына, райондо жумуштары болсо келип турат. Ача-Кайыңдыдагылар Токо менен “биздин уул” деп сыймыктанышат. Маараке, тойлордо “өзүбүздүн бала” дешсе мен бери жакта эле калам. Элдин уулу болгон ушул турбайбы деп сыймыктанып, жашып кетем.
– Сыналгыдан ырларын тажабай уксаңыз керек?
– 18 жашында бир иш-чарага катышып, Малик Алиевдин “Мөлмөлүм” деген ырын ырдап сыналгыга чыккан. Ошондо көзүмдүн жашы буурчактай төгүлүп ыйлаган элем. Абышкам экөөбүз өмүр бою мал баккан чабан болсок. Анан балам телевизордон ырдап чыгып атса кантип ыйлабайсың. Эмгегибиздин акыбети ошондо кайткандай болду. Кийин телевизордон байма-бай ырлары чыга баштады. “Боогачыны” бөтөнчө жакшы көрөм. Азыр ырларын берип калса “Токо атам ырдап жатат” деп үйдөгү неберелерим сыналгыга жабыша түшөт. Мен да жасап аткан оокатымды таштап коюп ыр бүткүчө отуруп калам. “Апакем” деген ырын канча жолу уксам деле көзүмө жаш айлана берет.
