Рахат Жуманазарова: «Кээде адамдар өздөрүн күзгүдөн көргөндөй көрүшү үчүн ыр арнап коём»
Акындын жүрөгүнө ыр кайдан келет? Кээде бир сөздөн, бир караштан, күтүүсүз окуядан жаралган саптар кантип бүтүндөй бир сезимге айланат?
Акын, журналист Рахат Жуманазарова үчүн поэзия – жөн гана уйкаш сөздөрдүн жыйындысы эмес, адамдын ички дүйнөсүн аңтарып, турмуштагы көрүнүштөрдү сөз менен сүрөттөгөн өзгөчө дүйнө.
Акын менен ырдын жаралуу сыры, сезим, сүйүү жана адамдарды поэзия аркылуу «күзгүдөн көрсөтүү» тууралуу маектештик.
– Рахат эже, сиз үчүн акын болуу – тубаса берилген талантпы же турмуштун адамды сөзгө жетелеген сабагыбы?
– Атам Шакир сөзмөр адам болгондуктан, жамактатып дароо ыр чыгара койчу эле. Ошондуктан мендеги азыноолак таланттын башаты тубаса болушу мүмкүн. Анан калганы, албетте, турмуштун сабактары менен толукталып келе жатат.
– Ыр сизге качан келет? Атайын отуруп жазгандабы же күтүүсүздөн бир сөз, бир көрүнүш, бир адам сизди ыр жазууга түртүп коёбу?
– Мага ыр ар кандай кырдаалда келиши мүмкүн. Ырдын өзөгү учкундай жылт дей түшөт да, оюман кетпей кайталана берет. Анан ошондо гана атайылап отуруп, кайра-кайра чийип, оңдоп, аягына чыгарам.
Кээде тойлорго, юбилейлерге, даталуу майрамдарга карата ыр жазып бер деп суранышат. Ошондо көңүл үчүн атайын отуруп алып жазып берем, бирок аябай кыйналам. Анткени чыгармачылыкта баары эле буйрук менен келе бербейт экен.
Ал эми кээде сен күтпөгөн эле окуялар, көз караштар, сезимдер, көрүнүштөр көөшөрүп отуруп ыр жазууга түрткү болот.
– Сиздин ырларыңызда жөнөкөй сөздөрдүн артында чоң сезим жатат. Сөздү тандап, бир сапты жаратууда сиз үчүн эң маанилүүсү эмне – ойбу, сезимби же ошол сөздүн угулушубу?
– Мен үчүн эң маанилүүсү – өзүмдүн сезимим. Анан ошол ээнбаш ойлорду эркелетип, алдап, жоошутуп туруп, окуп берсең уккулуктуу, окуса окумдуу кылып ыр жазууга аракет кылам.
– Сизди ыр жазууга түрткөн нерсе көбүнчө эмне: кубанычпы, кайгыбы, турмуштагы адилетсиздикпи же адамдын жан дүйнөсүн түшүнүүгө болгон каалообу?
– Сиз санап өткөн сезимдердин бардыгы мени ыр жаздырат. Бирок жаш мезгилде өзүмдүн жеке сезимдериме көбүрөөк басым жасап, сүйүү жөнүндө ырларды көп жаздым.
Мурда айлана-тегерегимдеги алдым-жуттум, ач көз, кошоматчы, жалганчы адамдардын терс жактарын бетине айтып, жаман көрүнсөм, азыр тек гана ыр арнап, Фейсбукка чыгарып койчу болдум.
Өздөрүнүн образдарын күзгүдөн көргөндөй эле көрүп алышат.
