Акжол Айдаров, сүрөтчү: “Он жылдай селсаяк болуп жүрдүм”
20 октябрь

Акжол Айдаров, сүрөтчү: “Он жылдай селсаяк болуп жүрдүм”

Тагдыр сүйлөгөндө пенделер үндөбөй калат деген кеп бар эмеспи. Анын сыңары  бүгүнкү каарманыбыз Акжол таланты ташкындаган сүрөтчү. Жашоосунда эң жакын  үч адамынан бирдей айрылып, күйүтүнө чыдабай ичкиликке берилип селсаяктардын катарына кошулган. Он жыл көчө кезип үйсүз жүрүп, акыры ошол оор күндөрдү өзүнүн жигиттик эрки менен жеңип учурда сүрөтчүлүк өнөрү менен алек. Андан сырткары селсаяктарды чыныгы жашоого кайтарууга белсинип кайрымдуулук фонддо ыктыярчы болуп иштеп жаткан чагы. Өзүнүн сүрөт тарта турган усулканасы болсо мындан да көп чыгармаларды жаратып, көптөгөн көрсөтмөлөргө катышып, селсаяктарга жардам берүүнү улантсам деген тилеги бар каарманыбыз башынан өткөргөн оор күндөрүн үшкүрүү менен баяндап берди.

“Бактылуу жашообуз союз менен кошо талкаланган”

Мен өзүм Алайдан болом. 1986-жылы Ош шаарында Сулайман-Тоонун түбүндөгү кабат үйлөрдүн биринде жарык дүйнөгө келген экем. Менден эки жаш улуу агам бар болчу. Атам курулушта, апам “Кызыл крест” кайрымдуулук фондунда медайым болуп эмгектенген. Мен 5-6 жашка келгенче жашообуз эл катары сонун өттү. Бактылуу элек. Оштун борборундагы эки бөлмөлүү үйүбүздү атам курулушчу болуп турган кезинде мамлекет берген экен. “Үйдү кеңейтели, балдарыбыз чоңоюп келатышат” деген максатта ата-энем үйдү сатышат. Ошол жылдары союз кулап акчалары эч нерсеге жарабай күйүп кетет. Үйдөн жок же акчадан жок калып, жакшы жашообуз ошол союз менен бирге талкаланган экен. Бара турган жерибиз жок акыры жатаканага барып жашап калдык. Бул окуя атама катуу сокку болсо керек, ичкиликке берилип кетти. “Ата, ичпечи?!” деп суранып байкем экөөбүз көп ыйладык. Бирок атам ичкиликтен чыга алган жок. Апам болсо мурда эле жүрөк оору менен ооруп жүрүптүр. Кийин инсульт алып калды. Бул абалында апам бизди баккандан кыйнала баштаганда Кызыл-Кыядагы балдар үйүнө жиберген эле.

“Апам менен атамдан айрылып томолой жетим калдык”

Ошентип ата-энебизден алыс балдар үйүндө тарбиялана баштадык. Болгону жети жашта элем. Байкем экөөбүздү классташ кылып бирге окутуп коюшту. Апам ыраматылык энелик жүрөгү чыдабай бир жак капталы жакшы  кыймылдабаса да дайыма бизден кабар алып балдар үйүнө келип турду. Каникулга тараган кезде байкем экөөбүз апама барабыз. Ал күндөрү ар кимге жалданып иштеп, базарга барып тачка түртүп, кээде пирожки, семичке сатып апама жардам берчүбүз. Окуу башталганда кайра балдар үйүнө кетчүбүз. Ошентип биз 6-классты окуп жүргөн кезде апам бизди таштап кетти. Бул менин жашоомдогу эң чоң жоготуу болду. Ушундан көп өтпөй эле атамдан айрылып калдык. Кызуу абалында келатып жыгылып, башынын талуу жери менен катуу тийген экен. Ошентип агам экөөбүз томолой жетим болдук. Бири-бирибизге гана таянып жашай баштадык...

“Окуу жайды кызыл диплом менен аяктадым”

Балдар үйүнөн эле сүрөт тартканга абдан кызыкчумун. Ичимдеги кыялымды,  көзүм менен көргөн сулуулукту кагазга түшүрсөм эс алып калчумун. Ошентип 9-классты бүткөндө Бишкекке келип Улуттук көркөм сүрөт академиясына тапшырып өтүп кеттим. Жакшы окудум. Сүрөттөн тышкары спорт менен машыгып турнирлерге катышып, байгелүү орундарга татыдым. Тарткан сүрөттөрүмдү жактыргандар көп болду. Конкурстарга катышып ийгиликтүү орундарга жетиштим.  Дипломдук ишимди да бешке тапшырып, окуу жайды кызыл диплом менен аяктадым. Жашоомдогу эң алгачкы жетишкендигим ошол болду. Ошентип жашоом жакшыра баштаган кезде сулуу кыз менен таанышып, сүйүүгө жолуктум. Жарым жылдай кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүп экөөбүз баш коштук.

“Ичкилик ичип селсаяктардын катарына кошулдум”

- Келинчегим уул төрөп берди. Үй-бүлө түйшүгү оор эмеспи. Эч нерседен кем болбосун деп ар кандай иштерде иштедим. Машина сырдап, оңдоп, кээде курулушта, андан арткан убактыма сүрөт тартып сатып,  айтор, жашообуз уланып жатты. Агам да өз жашоосу менен алек болуп жүрдү. Бир кыз менен сүйлөшүп жүргөнүн билчүмүн. Бир күнү байкемдин жүрөгү токтоп калды деген кабар келди. Жалгыз таянарымдан айрылганымды билгенде жер аңтарылып кеткендей эле болду. Артында туяк калбай, жакшы жашоого умтулуп жүрүп эч нерсеге жетпей кете берген байкеме ичим ачышты. Ошол оор күндөрүмдө келинчегимден жылуулук издесем керек. Балким көкүрөгүмдөгү боштукту толтуруш үчүн көбүрөөк нерсе талап кылып койдумбу, айтор, ортодо келишпестиктер көп боло баштады. Күйүтүмдү басыш үчүнбү, же оор күндөрүмдү унутуш үчүнбү ичкилик иче баштадым. Андайда шылтоо табыла берет эмеспи. Ошо менен жашоомду жеңилдетем деп ойлосом керек. Бирок мен ичкиликти эмес, ал мени өзүнө тартып жеңип кетти. Акыры селсаяктардын катарына барып кошулдум.

“Тагдырды эмес, баарына өзүм күнөөлүүмүн”

Он жыл селсаяктын жашоосун башымдан өткөрдүм. Ачкачылык кандай экенин, ысык-суук эмне экенин билдим. Андайда ар бир түндөн аман чыкканыңа сүйүнөсүң. Өзгөчө кыштын күнү ызгаар суукта жата турган жериңдин жоктугу азап. Сенден жийиркенип, кооптонуп жандарына жолотпой, эч бир адам кабыл албасын билесиң. Көпчүлүк селсаяктар кургак учук менен ооруган үчүн иттерди кармап союп жеген учурлар көп болот. Эптеп аман калыштын амалын кылышат. Мен да ошолордун бири болчумун. Бир жолу кышында жылуу жер издеп жүрүп кудук аркылуу трубалардын ичине кирип жаттым. Тентек балдар ошол кудуктун ичине күйүүчү май менен өрт коюшту. Өрт өчүргүч келип өрттү өчүрүп, мени ал жактан алып чыгышкан болчу. Дагы бир жолу кыштын күнү бир жерим калбай шалбырап суу болуп калдым. Алмаштырайын десем кийимим жок. Ошондой абалда кыштын суугунда калып кеткем. Мындай учурлар көп болду. Мен тагдырды же кимдир бирөөнү күнөөлөбөйм. Баарына адамзаты өзүбүз күнөөлүү экенбиз.

“Селсаяктар мени жакшы угуп ошол жашоодон чыкканга аракет кылышат”

Селсаяктын жашоосунда кантип он жыл өтүп кеткени билинбей калды. Мени кайрымдуулук  фонд алып келип дарылап, кадимки  жашоого кайтышыма өбөлгө болду. Толук айыгып чыктым да, өзүм кайра ошол фонддо иштеп калдым. Селсаяктарга: “Болду, ичпе, баары жакшы болот”,- деп катардагы адам айтса “сен эмнени түшүнөт элең?” деп коюшу мүмкүн. Ал эми мен айтсам аларга таасирдүү болот. Анткени менин башымдан өткөн. Көбүнчө бирге жүрүп, таанып калган адамдар болгон үчүн аларды жашоого кайтаруу мага жеңилирээк жана мени угуп, ошол абалдан чыкканга аракет кылышат. 

“Балам мени түшүнөт деген ойдомун”

Менде азыр баары жакшы. Ичкиликтен алысмын. Бул жашоодо бирден бир максатым - үйүм жана өзүмдүн сүрөт тарткан усулканам болсо дейм. Өзүмдөй тагдырлаш адамдарга жардам берүүнү дагы да тереңдетсем деген тилегим чоң. Балам 12 жашка келип калды. Ушунча жыл балам менен көрүшкөн жокмун. Ичкилик ичкен абалымды көрсөткүм келбеди. Бирок балам ар дайым менин эсимде, жүрөгүмдө болду. Буйруса алдыдагы күндөрдө жолугаттырмын. Балам мени түшүнөт деген ойдомун.

Азыркы тапта жыйырмага жакын сүрөттөрүм сатыкка коюлду. Көргөзмө уюштурсам жана андан түшкөн каражатты жашоодон кыйналган адамдарга жумшасам деген тилегим бар. Аларга жардам берип, жаркын жашоого, бактылуу жашап кетишине мындан ары да себепчи болсом дейм. Мен жашоону сүйөм. Жакшы жашоом дале алдыда...