Жаш балдардагы йод жетишсиздиги: Кантип алдын алуу жана дарылоо керек
Кыргызстан тоолуу аймак болгондуктан адамдардын организминде йож жетишсиздиги башкы көйгөйлөрдүн бири. Бул жаш балдарга да тиешелүү. Балдарды йод жетишсиздиги ооруларынан кантип калкалоону жана ага чалдыккан учурда кандай аракеттерди жасаш керектигин Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун балдар эндокринологу Альбина Кенжесариева айтып берди.
– Йод организмге абдан маанилүү элемент. Жаш балдарга эки эсе маанилүү. Биздин аймак тоолуу болгондуктан жана деңизден алыс жайгашкандыктан йод жетишсиздигине дуушар болобуз. Бирок ошол эле учурда деңизге жакын жайгашкан өлкөлөрдүн тургундарынын эч бири бул жетишсиздикке кабылбайт деген да кепилдик жок. Анткени йодду биз организмге тамак-аш аркылуу беребиз.
Азыркы учурда Кыргызстанда йод жетишсиздигинен эле пайда болгон оорулар менен 1400 бала көзөмөлдө турат. Анын ичинде 800ү өспүрүмдөр. Демек, йод жетишсиздиги өспүрүмдөрдө көп кездешет, – деди дарыгер.
Айтымында, йод жетишсиздиги бир катар ооруларды жаратат. Мындан улам 1994-жылы Кыргызстанда биринчи жолу “Йод жетишсиздигин алдын алуу” деген программа түзүлгөн. Анын негизинде тамак-ашка кошулчу тузду йодддо аракеттери жасалган жана учурда ал ийгиликтүү колдонулуп жатат. Кийинчерээк, 2000-жылдары аталган программанын калктын ден соолугуна канчалык деңгээлде таасир бергени изилденген, бирок жыйынтык көңүл кубантаарлык болгон эмес. Ошондуктан программа кайрадан толукталып, жакшыртылып, бүгүнкү күнгө чейин жолго коюулууда.
– Дүкөндөрдө атайын йоддолгон туздар сатылат, тамак-ашка мүмкүн болушунча ошондой туздарды колдонушубуз керек. Экинчиден, бала бакчаларда, мектептерде үй-бүлөлүк дарыгерлер жана педиатрлар тарабынан атайын текшерүүлөр болуп турат. Ал баланын 5, 6 жана 15 жашында жасалат. Эгерде балада йод жетишсиздиги байкалса, дарыгер аны жоюуга сунуштарын берет. Андан сырткары кош бойлуу айымдарга профилактикалык негизде курамында йод бар дары каражаттары жазылат. Булар дагы жогоруда айтылган программанын негизинде жүрүп жатат, - деди.
Дарыгер белгилегендей, йод туздан башка деңиз азыктарында көп болот. Бирок кыргыз калкы мындай азыктарга жакын болбогондуктан, көп учурда көйгөйдү жоюу үчүн атайын дары каражаттарынын жардамына таянууга туура келет. Йоддун жаш балдар үчүн күнүмдүк нормасы, 5 жашка чейин – 500 мкг, өспүрүмдөргө – 90 мкгдан 120 мкгга чейин.
Ал эми йод жетишсиздигинин белгилерин тизмелеген дарыгер буларга кайрылды:
-Баладагы мындай белгини аныктоо жеңил, бирок көп учурда ата-энелер өз убагында маани бербей коюшат. Бала бат чарчайт, эс тутуму төмөндөйт, уйку басат, мектептеги көрсөткүчтөрү артка кетет, көп шишийт, өзү курактуу балдарга физикалык жана акыл-эс жагынан жетпей баштайт, териси кургайт. Белгилер байкалганда, ата-эне баласын дарыгерге алып баруу керек, албетте, аталган белгилер боюнча эле диагноз коюлбайт, андан ары текшерүүгө жөнөтүлөт, бирок булар негизги көрсөткүч болуп саналат. Дагы бир маанилүү нерсе – эгерде балада эч кандай белги болбосо, бирок ата-эненин биринде калкан безине байланышкан оору аныкталса, ооруган болсо, анда сөзсүз түрдө баланы да текшерүүдөн өткөрүп коюу керек. Дарыгер биринчи колу менен калкан безин текшерип, богоктун бары-жогун байкайт, анан калкан безинин УЗИсин жасайт. УЗИден калкан бези сыртынан көрүнөт: көлөмү канча, өзгөрүү жокпу дегендей. Андан сырткары калкан безинин гормондорун текшерүү да маанилүү. Эмне үчүн калкан бези деген суроо жаралышы мүмкүн. Анткени, йоддун жетишсиздиги биринчи кезекте калкан безинин туура иштешине таасирин тийгизет.
Ошондой эле Альбина Кенжесариеванын айтымында, калкан безинин гормондорунун азайышы же көбөйүшү шарттаган оорулар – гипертериоз жана гипотериоз боюнча 2019-жылы Кыргызстанда улуттук программа кабыл алынган жана анын негизинде учурда бала бул ооруга төрөлгөндөн кийин эле дароо текшерилет.
– Төрөт үйүндө бала төрөлгөндөн кийин үчүнчү суткада анализге кан алынат. Анда тиреотроп гормону каралат, эгер ал нормада болбосо, бизге, эндокринологдорго маалымат келет дагы, ата-энелер менен байланышып, бул оору боюнча маалымат беребиз. Мында бир эле анализ жетиштүү болбойт, кайрадан кайталайбыз. Кээ бир учурда диагноз тастыкталат, мындайда баланы дарылоо башталат. Айрым учурда баланы көзөмөлгө алуу менен гана чектелебиз.
Ттиреотроп гормону нормасынан ашыкча же кем болуп төрөлгөн балада кездешүүчү белгилер – шишийт, тили абдан чоң болуп сыртка чыгып турат, ичи аябай чоң болот. Бул көбүнчө чоң салмакта -4,5 кг ашык төрөлгөн балдарда кездешет. Кээде ымыркайларда мындай белгилер болбой эле, ичи катып, териси кургай бериши мүмкүн. Бул дагы текшерүүгө негиз болоорун белгилей кетишибиз керек. Анан дагы жаш куракка карата өзгөрүүлөр: мисалы, башын кармоо, томолонуу, отуруу, жөрмөлөө кеч боло баштайт. Өз убагында диагноз коюлуп, дарылоо жүргүзүлсө баланын өнүгүүсү өз курагына ылайык болот.
Дарыгер ошондой эле, балага дарыгердин көзөмөлүсүз йод камтыган дары каражаттарын бербеш керектигин белгиледи. Айтымында, ата-энелер өзүм билемдик менен балага йод берип, бул анын организмине тескери таасирин тийгизген учурлар дагы катталган. Ошондуктан, бул жаатта эң кылдат болуу керектелет, бала йодду текшерүүлөрдөн кийин, организми ага муктаж болгон учурда гана керектүү дозада кабыл алууга тийиш.
