Жыргалаң – жери катаал, бирок эли жылуу. Туристтердин кыргыз өрөөнүндөгү ырахат тууралуу айткандары
18 февраль

Жыргалаң – жери катаал, бирок эли жылуу. Туристтердин кыргыз өрөөнүндөгү ырахат тууралуу айткандары

Жыргалаң деген сөздүн мааниси жыргоо, ырахат алуу дегенди түшүндүрөт, чындыгында Ысык-Көлдүн чыгышындагы бул жер бейиштей, цивилизациядан алыс, акыркы учурда экотуризм активдүү өнүгүүдө. Бул жакка дүйнөнүн бардык чекитинен туристтердин агымы келет: фрирайд, жөө басуу жана атка минүүнү сүйүүчүлөр. Бул жылы да Жыргалаңдагы лыжа сезонунда адаттагыдай эле саякатчылар топтолушту, негизинен Европадан келгендер. Алар “Караван-Инфого” Кыргызстандын бул керемет өрөөнүнөн алган эстен кеткис таасирлерин бөлүшүштү. 

Джеймс Мартин, 37 жашта, Англия

Менин атым Джеймс, дүйнө жүзүн жалгыз кыдырам. Кыргызстанга биринчи келишим эмес. Лыжа туризми хоббим болгондуктан, лыжа тебүү үчүн келдим. Кыргызстандан башка Францияда жана Канадада да лыжа тептим, бирок мага ушул жер, Жыргалаң жагат, анткени бул жерде нукура жаратылыш сакталган. Кыргызстандын артыкчылыгы ушул нерседе, Батыштагыдай курулуштарды, көптөгөн имараттар көргүм келбейт. 
Мен ошондой эле альпинизм менен алектенем, Ленин жана Хан-Теңир чокусунда болдум, а бул жолу Жыргалаңда лыжа тебүүгө келдим. Бул жерде жаратылыш абдан кооз жана эли да абдан жакшы. 

Майкл Бэнс, 49 жашта, Германия

Менин атым Майкл, мен гид болуп иштейм, адамдарды дүйнө жүзүн кыдыртам, негизинен биз Жыргалаң сыяктуу тынч, кооз жайларды издейбиз. Кыргызстанды интернеттен билип, биринчи жолу келдим. Бул жер мага абдан жакты жана кийинкиде сөзсүз жаңы туристтерди алып келем, алар ушундай кооз жерди көрүүлөрү керек. 

Мен дүйнөнүн Түштүк Америкадан башка жерлеринин баарында, Альпы тоолорунда көп жолу болдум. Ар бир өлкөдө мага кайсы бир нерсе жагат, ар бир өлкөдөн ал жакка кайра кайтып барууңа өбөлгө болгон бир нерсе табылат. Ошол сыяктуу эле Кыргызстанда тоолор, эли жана тамак-ашы жакты. Элиңиздер абдан меймандос жана мээримдүү экен. А тамак-ашка 10дон 10 деген упай берем. 

Иван Илиев, 55 жашта, Болгария

Менин атым Иван, Болгариянын борбору Софиядан келдим. Тайпам менен биринчи жолу Кыргызстанда болуп жатам. Биз фрирайд менен алектенебиз, жыл сайын өзүбүз үчүн жаңы жерлерди ачабыз. Буга чейин Кашмирде болдук. Биз популярдуу эмес, адам көп болбогон, изилденбеген бурчтарды издейбиз. 

Биздин тактикабыз ушундай, биз дүйнө жүзү боюнча күтүүсүз саякат кылабыз. Эгер сенде күтүүлөр бар болсо жана алар акталбай калса, анда аябай көңүлүң калат. Бирок Кыргызстанда жагымдуу таң калуу тосуп алды, себеби бул жер катаал болсо да, жүрөктөрү жылуу адамдар бар, бул сонун  контраст!

Жыргалаң мага абдан жакты. Себеби мен мегаполистен келген адаммын, ызы-чуудан чарчайм жана ушундай чакан, тынч айылдарда болгум келет. Мага бул жердеги улуу тоолор, даамдуу тамак-аш жана мен жөн гана жакшы көрүп калган адамдар эң жакшы табылгам болду. Кечирип коюңуздар, эт жей албадым, себеби мен вегетарианмын, бирок башкасынын баары жакшы болду. Мен биздин тамак-аш окшош деп айтат элем, деги эле окшоштук абдан көп: ашкана, табит жана музыка ыргагы!  Тайпабыз менен жайында жөө саякатка келүүнү ойлонуп жатабыз.

Мен бул жерде "Үч чоку" деп аталган кышкы тоо-лыжа кластерин ачууну пландап жатышканын уктум. Бул оң жана терс жактары бар. Оң жагы - бул жакка акча агылат, жергиликтүү адамдар, албетте, каражат табат. Бирок мен бул жер өзүнүн баштапкы абалын жана тынчтыгын жоготот деп корком. Болгария ушундай эле болбодубу: кооз жана өзгөчө жер өзүнүн атмосферасын жоготту. Эң негизгиси, мен силерге маданияттуу туристтерди каалайм, алар чек араларды бузбайт, таштанды калтырбайт жана силердин эрежелериңер менен салттарыңарды эске алышат.

Иван, 33 жашта, Россия

Менин атым Иван, акыркы жылдары Филиппинде жашайм. Кыргызстанга Кросноярсктагы университетте чогуу окуган досум чакырды. Мен Алматыда жумуштарым менен жүргөм, анан анын чакыруусун кабыл алып, Кыргызстанда адамдар кандай жашаар көрүү үчүн келгем. Ал мага Бишкекти көрсөттү, ал жакта тамак-ашынан таасир алдым. Сиздердин ашкана казак ашканасы менен абдан окшош, бир гана айырма сиздерде дайыма даамдуу болот экен. Бул жакка келгени бир да жолу даамсыз тамак жей элекмин. Ал турмак палоо да такыр башкача даярдалат экен. А эт өзүнчө өрт! Тез тамактануучу жайлардагы жөнөкөй самса дагы абдан даамдуу, ырахаттанып жейсиң. 

Элиңиздер да абдан меймандос экен, бир жолу кафеде түшкү тамак үчүн акча төлөйүн десем, досум катуу капа болду. Мейли, ал менин досум деп коеюн, бирок такыр эле бейтааныш адамдар дагы кайрымдуу болушту. Мисалы, Караколдо бир киши менен өйдөгө чыгып баратканда таанышып калдым, ал бул жактан кийин Жыргалаңга бараарын айтты, мен да ошол жакка баргым келип жаткан, анан ал мени акысыз жеткирип койду. Жыргалаңдагы конок үйүнүн ээси кандай суранычым болбосун аткарып, конокторуна баары жайлуу болушуна аракет кылат. Бул жерде эч ким менен конфликтке барбадым. Бир гана нерсе, адамдар менин сырткы кебетеме башкача реакция кылышууда, чачым дреды болгондуктан, башка планетадан келгенимдей карашат. Бул мени таң калтырып жатат, анткени мисалы, Бангкокто, Москвада, Балиде же Филиппинде кадыресе нерседей кабыл алынат. А бул жактагы адамдар кыязы, бул нерсеге көнө элек окшойт.  

Лыжа тебүү жолу тууралуу айтсам, мага Каракол көбүрөөк жакты, анткени ал жакта кызыктуу рельеф. Тоодон Эльбурста жүргөндөй тээп түшөсүң. Түз дөңдөн түшө бербей, токой аралаган да өзүнчө ырахат, жаңычылдык. Ошондуктан токой үчүн – лайк! 

Жыргалаң – бул кереметтүү жер, бардыгынан абдан алыс. Албетте, логистика жана маалыматтык камсыздоо жагында көйгөйлөр жок эмес – кантип барарың түшүнүксүз. Бирок бул жердеги «каталка» мыкты, лыжа тийбеген тоолор экени чоң кубаныч. Тоо бир гана  сен үчүн жаралгандай сезилет, бирок көчкү жүрүү коркунучу бар. Бирок укмуштуудай ырахат аласың. Мен бул жерде болгонума кубанам!