Ата-Бейит: Кыргызстан калкынын эскерүү жайы
7 ноябрь

Ата-Бейит: Кыргызстан калкынын эскерүү жайы

Чоң-Таш – Кыргызстандагы сталиндик тазалоонун курмандыктарынын сөөгү коюлган, массалык репрессиянын документтештирилген жалгыз жайы.

“Ата-Бейит” мемориалдык комплекси Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаевдин демилгеси менен 2000-жылы курулган, ал Бишкектен 25 чакырым алыстыкта, Таш-Дөбө шаарчасына жакын жайгашкан.

“Ата-Бейит” музейинин экспозициясында репрессиянын курмандыктарынын жеке буюмдары – өтүктөр, баш кийимдер, портсигарлар, ошондой эле аларды “эл душманы” кылып чыгарган өкүмдүн документтери бар. Бул жерде күбөлөрдүн эскерүүлөрү, өлүм жазасына тартылгандардын жана алардын үй-бүлөлөрүнүн сүрөттөрү сакталып, трагедияны жана жоготуунун орду толбостугун эскертип турат.

Чоң-Таштын тарыхы Бүбүйра Кыдыралиеванын, НКВДнын кайтаруучусунун кызынын эскерүүлөрүнөн башталат, атасы ага 1978-жылы өлүм алдында жатканда, 30-40-жылдары атылгандардын сөөгү көмүлгөн жай тууралуу айтып чыгууну керээз кылган. Ал: “Сен адамдарга жакшылык жасайсың, анткени көптөр жакындарын издеп келишет, бирок бул жерди таба албай жатышат”, - деген.

1938-жылдын ноябрь айында атасы Бүбүйраны сиңдиси жана апасы менен чогуу Чоң-Таштан шашылыш түрдө башка жакка кетирген. Бул анын үй-бүлөсүн коргоо үчүн жасаган амалы болчу. Бирок Бүбүйранын эс тутумунда ал жердин майда-чүйдөсү - кыш заводу, күйүүчү меш, кыйраган имараттар, көрүстөндөр сакталып калган.

Андан бери 53 жыл өттү, 1991-жылдын апрель айынын аягында гана улгайып калган Бүбүйра бул тууралуу КГБнын капитаны Болот Абдрахмановго айтып берет, алар айтылган жерге барышып, дөбөлөрдүн биринен кирпичтин сыныгын табышат. Бир канча күндөн кийин Болот Абдрахманов белгилүү археолог Михаил Маскалев менен кайрадан Бүбүйра көрсөткөн жерге барышат. Жерди 20-30 сантиметрдей казышкандан соң адамдын ок тешип кеткен баш сөөгү чыккан – бул атып өлтүрүүнүн далили. Эки жуманын ичинде 138 сөөк: бир аял жана белгисиз адамдардын тобу табылган.

 

Кыш күйгүзүүчү мешке атылган адамдардын сөөктөрү жашыруун түрдө ташылып, ыргытылган. Кийинчерээк алар эл душманы катары жалган жалаа менен атылган 19 улуттун өкүлдөрү экени аныкталган. Алардын арасында интеллигенция, жумушчу жана чыгармачыл чөйрөнүн өкүлдөрү, партиялык жана комсомолдук кызматкерлер болгон. Окуя болгон жерден жабырлануучулардын жеке буюмдары: аскердик баш кийимдер, көз айнектер, 30-жылдардагы тыйындар табылган.

 

НКВДнын айыптоо корутундуларынын табылышы өзгөчө мааниге ээ болду. Анын ичинде Кыргыз ССРинин ички иштеринин эл комиссары Лоцманов кол койгон 1938-жылдын 5-ноябрындагы РСФСР Кылмыш-жаза кодексинин 58-беренеси боюнча "эл душмандары" үчүн чыгарылган өкүм да бар. Жабырлануучулардын арасында Чыңгыз Айтматовдун атасы Төрөкул Айтматов да болгон.

 

Археологиялык изилдөөлөр жана ДНК тесттери жүргүзүлгөндөн кийин сөөктөр "Ата-Бейитке" кайра коюлду. 1991-жылы 30-августта мамлекеттик аза күтүү белгиленди, ал эми 31-августта Кыргызстан көз карандысыздыгын жарыялады.

 

 

 

«Ата-Бейит» музейи бүгүнкү күндө репрессиянын курмандыктарынын элесин сактап гана тим болбостон, туристтер жана расмий делегациялар үчүн да зыярат кылуучу жайга айланды. Экспозиция ошол кездеги трагедиялуу окуяларды көрсөтүп, андагы кайгыны жана трагедиянын масштабын ачып берет. Мемориал баргандарга күчтүү таасир калтырат, өлкөнүн катаал тарыхын, ошондой эле тоталитардык режимден жапа чеккендерди эскерүүнүн маанилүүлүгүн түшүнүүгө жардам берет.