Базарбай Өмүров: Көз ирмемге сыйган жашоо
9 май

Базарбай Өмүров: Көз ирмемге сыйган жашоо

«Кыштын аягы же жаз жаңы башталган кез болсо керек, бирок биздикиндей, кыргыздыкындай жылуу жаз эмес. Чыкыроон аяз, бурганактап кар тынбай жаайт. Окоптордо муз аралашкан муздак суу кээде тизеге чейин жетчү. Мындан өткөн суук болушу мүмкүн эместей, бирок салгылаштын алдындагы түнү аяз дагы катуулады. Эртең менен «Чабуулга!» командасы берилгенде, биз чуркап баратканыбызда тоңуп калган өтүктөр сынып, күүлүп түшүп калыптыр. Аны байкабаптырбыз деле. Ошентип, карда дээрлик жылаңайлак чуркап бараттык, бирок күн сайын, саат сайын чарчоонун, чыңалуунун кучагында жүргөндүктөн, суукту сезген да жокпуз.

Анын үстүнө өтүк, суук же ачка болгон үчүн токтоп калууну эч кимибиз ойлогон да жокпуз. Согушта өзүбүз тууралуу такыр ойлончу эмеспиз, ошондой тарбияланганбыз. Советтик өлкөдө өз кызыкчылыкты биринчи орунга коюу болчу эмес. Азыр аны идеология, патриотизм деп аташат, бирок биз үчүн жөн гана жашоо болчу – биринчи кезекте башкаларга, өлкөбүзгө, элибизге кам көрчүбүз.

Тизеге чейин жеткен шыргалаң сууда туруп, жеңиш, тынч жашоону, келечекте эмне кылаарыбызды кыялданчубуз. Азыр советтик жоокердин ушунчалык күчтүү кайраты жеңишке жеткиргенин түшүнөбүз», – бул фронтовик-пулеметчу, улук лейтенант Базарбай Өмүровдун уулу Кудайберген Базарбаевдин эсинде калган акыркы эскерүүлөр.

Ошол салгылашта Базарбай Өмүров жарадар болгон. Жакындарынын эскерүүлөрүнө караганда, башында ал ооруну такыр сезбей, чабуулга өткөнүн, анан эле көз алдында кара парда тартылып калганын айткан. Кандайдыр бир нерседен улам көзүн ачкан. Көрсө, биринчи чабуулдун мизи кайтарылыптыр, а ал эсинен танып жатканда, жоокерлерди кайрадан чабуулга чыгарышыптыр. Бир жаш жоокер буга мылтык кезеген, бирок бактылуу кокустук менен ок тийбей калган, ошол маалда ал колун көтөрүп: «Тууган, мен өзүбүздүкүмүн», – дегенге үлгүргөн.

Согуш жылдарында Базарбай Өмүров дагы эки жолу жарадар болгон, бирок кайрадан фронтко кайткан, ал жакка 1941-жылдын 28-июнунда, согуш башталгандан бир жумадан кийин эле өз ыктыяры менен аттанган болчу. Эскерүүлөрүнө караганда, фронтко ойлонбой туруп кетишкен. 360 миң кыргызстандыктар бир дем менен Мекенди коргоого көкүрөгүн тоскон, ар бир төртүнчүсү согуш талааларында калган.

Базарбай Өмүров жашаган убакты бир сөз менен сүрөттөөгө болот: «жалпы бир дем». Бир дем менен улуу өлкөнү курушту. Бир дем менен ачарчылыкты, жакырлыкты жана кыйроону жеңишти. Бир дем менен фашизмге каршы турушуп, жеңиштин жолуна жаштыгын, кыялдарын, үмүттөрүн калтырышты.

Өз заманынын уулу Базарбай Өмүров бир дем менен жашоосун өзгөрткөн, үй-бүлөсүн Украинага айдаган учурда тобокел кылып Кыргызстанда калган. Ал убакта ушундай программа болгон: колунда барларды кулакка тартып, анан аларга Украинанын талааларында пахта эктиришкен. Жүз миңдеген үй-бүлөлөрдөн турган эшелон кеткен, а он алты жаштагы Базарбай төрт жаштагы иниси Настай менен кетпей койгон. Ала-Тоосуз жашап жатканын элестете албашын айткан.

Ачарчылык каптаган 1926-жылдарда туугандары, жакындары жок кыйын жашоого кабылган. Ошондо атасы берген билиминин жардамы тийген. Ошондуктан Базарбай Өмүров агартуу жаатында өз ордун таап, Айтматовдун Дүйшөнү сыяктуу биринчи мугалим болуп, күн сайын майда, бирок абдан маанилүү жеңиштерин жасаган.  1924-жылы гана биздин эл биринчи жазмасына ээ болгон, 1930-жылы өлкөдө 600 мектеп ачылган, согуш башталган маалда калктын 82 пайызы сабатын жойгон. Мунун баары Базарбай Өмүров сыяктуу биринчи улуттук агартуучулардын шарапаты менен болгон. Ал жөнөкөй мугалимдиктен жана драмалык ийримдин (ал маалда бул заманбап театрларга тең келген) алдыңкы артистигинен Чүй облусундагы ал кездеги Шалта, азыркы Күнту айылындагы мектептин директорлугуна кыска убакытта жеткен.

 Анын жөндөмүн байкаган советтик бийлик Базарбай Өмүровду Жалал-Абад облусуна элди агартууга жиберет. Базар-Коргон районунан фронтко кеткен, согушту толук алгач 7-, андан соң 12-гвардиялык аткычтар дивизиясында басып өткөн.

7-гвардиялык аткычтар дивизиясынын курамында Базарбай Өмүров Москваны коргоого катышкан, анда жарым-жартылай курчоодо калган дивизия төрт күн бою душмандардын мизин кайтарып турган. Андан соң  Демьянск чабуулуна катышып, Россиянын азыркы Новгород областын бошоткон.  Операция болгондо да ошол аймактарга мүнөздүү болгондон дагы суук кышта башталып, бак-дарактуу, саздак жерде жүрүп, тамак-аш, кийим-кече жана ок-дарыларды жеткирүү тынымсыз кечеңдеп турган. Алар муз баскан жолдор менен жылып, чоң кардын катмарларында окопторду казууга туура келген.

1942-жылы дивизия дээрлик ССтин «Өлүк баш» жана «чабуулчу полк» бөлүмдөрү менен күчөтүлгөн «Зейдлиц» корпустук тобунун «казанында» кайнаган, бирок согуш башталгандан бери биринчи жолу дал ушул арып-ачкан, согуштардан чарчаган дивизия адегенде душмандын ири тобун курчоого алып, андан кийин душман бир жарым жылга жакын кармап турган "казанды" толугу менен жок кыла алган.

Новгород менен Псков бошотулгандан кийин Базарбай Өмүров Невелдик немис тобун куугунтуктоого, Балтика өлкөлөрүн бошотууга катышат. Үчүнчү жолу жарадар болгондон кийин биздин кыргызстандык 12-гвардиялык аткычтар дивизиясынын курамында салгылашууну улантат. Ушул, Кызыл Туулуу, Ленин, Кутузов жана Суворов ордендери менен сыйланган дивизия менен Базарбай Өмүров Курск жаагында салгылашып, Днепрден өтүп, Беларуссияны жана Балтика боюндагы жерлерди бошотуп, душманды Одерге чейин кууган.

Мурдагы мугалим, азыркы улук лейтенант Базарбай Өмүров Жеңишти Берлинге жакын жерде, Эльбада тосуп алган. Бирок капитуляцияга кол коюлгандан кийин эле анын кызматы бүткөн жок, аны Украинаны бандеровчулардан тазалоого жөнөтүшкөн.

Аскерден бошотулгандан кийин Базарбай Өмүров мекенине, Кыргызстанга кайтып келди. Согуш бардык күчүн соргон өлкөнүн алдында чоң тапшырма – элдик чарбаны көтөрүү турган. Мисалы, өнөр жай деңгээлин эки эсеге көбөйтүү. Чыгымын азайтмак тургай көбөйткөн агартуу тармагынан дагы үмүт көп эле. Бир окуучуга болгон чыгым 30 пайызга көбөйгөн, мугалимдердин айлык акысы да жогорулатылган. 

Ошондуктан улук лейтенант Базарбай Өмүров шинелин чечип, кайрадан агартуу тармагына киришти, бул сапар Нарын облусунун Чолпон районунда билим берүү жаатын жетектеди. Биринчи беш жылдыкта эле мектептин бүтүрүүчүлөрү үч эсеге өстү, башкача айтканда республика эки эселенген деңгээлге кайтып гана келбестен, аны байкалаарлык түрдө ашып өттү.

Агартуу Базарбай Өмүровдун жашоосунун иши эле, ошол жактан түбөлүк сүйүүсүн да тапты. Чолпон айылында 22 жаштагы физика жана математика мугалими Самар Атабекованы жолуктурду. Айыл жергесинде мугалим айым, болгондо да так илимдердин мугалими ал маалда чанда кездешчү. Анткени, Кыргыз ССРинде аялдардан педагогикалык кадрларды дайындоо 1949-жылы гана, Кыз-келинде педагогикалык окуу жайы (азыркы И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети) ачылганда башталган.

Өз кесибине болгон сүйүү, китептерге болгон сүйүү бекем үй-бүлөнү жаратты. Уулу Кудайберген Базарбаев үйүндө ушул убакка чейин атасына таандык Владимир Ильич Лениндин «Эмне кылуу керек?» китеби сакталып турганын айтат. «Атам бул китепти 1946-жылы окуган экен, аны биринчи барагына жазып, колун коюп койгон. Ал убакта ушундай кылуу мода болчу. Азыр китеп менин үйүмдө, көрүнүктүү жерде сакталып турат. Китепти карандаш менен окуп, керектүү жерин чийип коюу адаты бизге да өткөн, а биз балдарыбызга өткөрдүк. Апам өмүр бою мектептен ажыраган жок, жүздөгөн окуучуларды билим уясынан учурду», – дейт ал.

Базарбаевдердин үй-бүлөсүндө алты бала төрөлгөн, партиянын тапшырмасы менен атасы улам башка аймакка жумушка которулганда, аны менен чогуу көчүп жүрүп отурушкан. Чолпон районунан Ат-Башыга, 1962-жылы Токмокко которулуп, ал жакта алты жыл иштейт. Ушул жерде, согуш бүткөнүнө 22 жыл болгондо, немецтердин огу жарадар кылган жерлери улук лейтенантты кайрадан кыйнап баштайт. 1968-жылы Базарбай Өмүров көз жумат.

Бирок анын насааттары балдарына, неберелерине жана чеберелерине калды: «Адамдын ойдон чыгарылган эмес, реалдуу өткөнү болгондо гана келечек жарык болот».

Ошондуктан Улуу Жеңиштин алдында биз атактуу маршалдарды эмес, башкалар менен чогуу бир дем менен өз өлкөсүн коргоого көкүрөгүн тоскон жана бизге фашизмсиз дүйнөнү тартуулаган советтик жоокерди, пулеметчуну, улук лейтенант Базарбай Өмүровду эскеребиз.