Улуу Жеңишке 80 жыл: Панфилов дивизиясынын бир жоокеринин тагдыры
8 май

Улуу Жеңишке 80 жыл: Панфилов дивизиясынын бир жоокеринин тагдыры

Быйыл Улуу Жеңишке 80 жыл болот. 1941-1945-жылдарды камтыган Улуу Ата Мекендик согушка Кыргызстандан 365 миң адам катышканы ачык маалыматтарда айтылып жүрөт. Жалпысынан 27 миллион адамдын өмүрүн мойсогон кандуу согушта 160 миң кыргызстандык курман болгон. Ал эми 160 миң кыргызстандык эрдик көрсөтүп, ар кандай орден-медалдар менен сыйланган. 83 кыргызстандык Советтер Союзунун Баатыры деген ардактуу наамга татыган. Түз эфиринде мамлекеттик жана коомдук ишмер Абдыкадыр Султанбаев өзүнүн үй-бүлөлүк тарыхын баяндады. Айтымында, анан атасы Дардаң Султанбаев менен чоң атасынын бир тууган иниси Садыкбай Субанов Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары болгон.

– Талас облусундагы андагы Киров районунан согушка аттангандардын 103ү кайтпай калышкан. 100дөн ашууну аман-эсен кайтып келишип, тынчтык мезгилде да каармандыгын көрсөтүп, өлбөс-өчпөс изин калтырып кетишти.

Менин апам Султанбаева Саткын 95 жашка чыгып көз жумду. Акыл-эси тунук, эс тутуму күчтүү болчу, бир окуяларды күнү-айына чейин так айтып берчү. Апамдын оозунан уккан согуштун таржымалы мындай:

1941-жылы Чоң Чүй каналы курула баштап, өлкөнүн бардык аймактарына жумушчу күчү тартылган. 6-майда биздин Бакыян айылынын эмгекке жарамдуу тургундарын – жүздөгөн кишилерди канал казууга Жамбыл аркылуу поезд алып келишет. Анын арасында менин ата-энем да болгон. Апамдын айтуусунда, алардын үлүшүнө Москва районундагы Ак-Суу айылынын жанындагы каналды казуу тийген экен. Анда баары кол күч менен жасалган, кетмен, күрөк башкы жабдыктары болгон. “Кыйынчылык көп болгону менен элдин эртеңки күнгө болгон үмүтү ошонун баарын жууп кетчү”, -  дечү эле апам.

Ошол жылдын 22-июнунда адаттагыдай жумуш күнү орун алган. Түшкү тамак маалында баш-көз болуп, эки жактан кабар алып турган адамдар «Герман немистик баскынчылар СССРге кол салып, согуш башталыптыр» деген кабар угузушуптур. «Анчейин маани бербедик, согуш бизден абдан алыста, бизге таасирин тийгизбейт дегендей кабыл алдыкпы, айтор, ии деген бойдон тим болдук», – дечү апам. Кадимкидей канал казуу иштерин уланта беришкен. Бир-эки жумадан кийин согуш тууралуу кептер күчөп, душмандар Советтер союзунун ички аймагына кирип келишиптир, кыштактарды басып алышыптыр деген сөздөрдү угушат. Ошондо эл бир аз чоочулайт. Дагы бир канча убакыт өткөндөн кийин жетекчилик канал казгандардын баарын топтоп, чогулуш өткөрүп, канал казуу иштери убактылуу токтогонун, баары келген айылдарына кетиши керектигин айтышыптыр. Апамдар айылга кайтып келишет. Анан эле 16-августта чоң атам Султанбайдын бир тууган иниси Садыкбайга чакыруу келет. Ошондо, согуш жада калса Кыргызстандын түпкүрдөгү бир айылына да жетти, эр азаматтар эми бирден кетишет турбайбы деген ойдон элдин үрөйү чындап учат. Жигиттерди ыйлап-сыктап узатышат. Кайра эле эки жарым айдан кийин, октябрда Садыкбай агама «дайынсыз» деген кара кагаз келет...

Садыкбай агамдын артында эки уулу калган, азыр бала-бакыралуу, небере-чөбөрөлүү. Аталарынын сөөгү кайда коюлганын согуштан кийин деле билбей жүрүштү. Ал маалыматты мен таптым. 2013-жылы Россиянын Коргоо министрлиги архивдик материалдарды ачып, «Память народа» деген интернет сайтына жарыялай баштады. Ошол жактан Субанов Садыкбай качан каза болуп, сөөгү кайсы жерге коюлганын билдим. Көрсө, ал Панфилов дивизиясынын курамында болуп, Москвагы коргоого катышкан экен. Бизде анын жападан жалгыз аскер кийимчен сүрөтү бар. Ага Алматыдагы бир айлык даярдыктан өтүү маалында түшкөнү да аныкталды. Москваны коргоо учурунда баатырларча курман болуп, сөөгү Волоколамск районундагы Хилково айылына коюлуптур.

Ал эми өзүмдүн атам Султанбаев Дардаң согуштан аман-эсен кайтып келип, бирок 1956-жылы оорудан улам кайтыш болгон. Ошондуктан, анын кайсы жерде согушканы тууралуу маалыматтарды биле берчү эмес элем, аны да «Память народа» сайтынан таптым.

Жыл сайын 9-майда «Өлбөс полк» жүрүшүнө неберелерим менен чогуу чыгам. Колумда – атам Султанбаев Дардаң менен чоң атам Субанов Садыкбайдын портрети болот...