Мирлан Рахманов: Салык системасын жөнөкөйлөштүргөн сайын, элдин салык төлөө маданияты өсүүдө
7 май

Мирлан Рахманов: Салык системасын жөнөкөйлөштүргөн сайын, элдин салык төлөө маданияты өсүүдө

Жыл башынан бери өлкөдөгү салык саясаты бир топ өзгөрүүлөргө учурады. Жаңычылык болуп эсептелинген бир катар эрежелер жокко чыгарылды, ал эми жокко чыгарылган эрежелер кайрадан киргизилди. Мындай кадамга баруу кандай зарылчылыктан улам келип чыкканын жана ал ишкерлерге канчалык деңгээлде ыңгайлуу болуп жатканын Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Мирлан Рахманов туз эфиринде айтып берди.

– Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов жасалып жаткан иштер тууралуу айтып жатып, бизнес чөйрөсүнө олуттуу колдоо көрсөтүлөрүн баса белгилеген болчу. Ал боюнча кандай иштер жасалып жатат?

– Жыл башынан тартып президентибиз Садыр Нургожоевич тарабынан салык эрежелерин жеңилдетүү боюнча катуу тапшырма коюлганын билесиздер. Анын негизинде салык жаатындагы айрым мыйзамдарды карап чыгып, ишкерлерге, эң башкысы орто жана чакан ишкерчиликке шарттарды түзүүнү колго алганбыз. Президенттин жакында ушул багыттагы үчүнчү жарлыгы чыкты. Ага чейинки эки жарлыгынын алкагында, укуктук-ченемдик актыларга өзгөртүү киргизүүнү демилгелегенбиз. Аны жакында Жогорку Кеңештин кароосуна коебуз.

– Быйылкы жылы ишкерлер үчүн пайдалуу болгон кандай кадамдар жасалды?

– Биринчи алкоголь ичимдиктерин, тамеки жана күйүүчү май саткан ишкерлерден башка бизнестин бардык түрүнө ЭТТКны жокко чыгардык. Экинчиден, транспорт салыгы алып салынды. Аны жарандар узун кезекке туруп төлөшчү. Андан түшө турган салыкты бензиндин баасына кошуп алмай болдук. Андан сырткары, патент менен иштеген жеке ишкерлер, мүлкү бар жарандар декларация тапшырышчу эле, эми аларды мындай түйшүктөн куткардык. Биз сервис аркылуу кайсы жаранга кайдан акча түшкөнүн көрүп турабыз. Ушундай санариптешкен ачык-айкын маалда кошумча кагаз же электрондук түрдө декларация алып убаракерчиликти көбөйтпөйлү дедик.

Дагы бир жеңилдик – буга чейин ишкерчилигин убактылуу токтоткон жаран нөлдүк отчет тапшырганга милдеттүү болчу. Аны да жокко чыгардык.

Бешинчиден, төраганын буйругу менен жеке ишкерлерди, айрыкча базардагы чакан жана орто бизнести рейддик текшерүүгө мараторий киргиздик.

Алтынчыдан, «Дордойдон» товар алып, өлкөнүн башка аймактарына алып кеткендер Сосновка посту аркылуу өтүшчү, биз азыр андай ички постторду алып салдык. Бул да ишкерлерге жеңилдик эмеспи.

Жетинчиден, патент системасына кайрадан кайттык. Буга чейин «Дордой» менен «Кара-Суу» базарына өзгөчө режим деп киргизгенбиз, ал жактагы сатуучулардын кирешесине жараша патенттик ставкасы чыгып турчу. Эми аны бардык орто жана чакан ишкерчиликке жайылтып, айрыкча, чакан дүкөн, павильон, киоск иштеткендерге дүкөнүнүн чарчы метрине жараша патенттик ставка киргизели деп турабыз. Бул бир – эки айдын ичинде ишке ашырылат. Патент системасына кайтканыбыздын себеби – субъекттер өздөрү кайрылып, ККМ колдоно албайт экенбиз, бизге шарт түзүп бергиле деп суранганынан улам болду.

– Базардагы соодагерлерден салык чогултуу системасы да өзгөрүүгө учурады...

– Ооба, бизде эң чоң базар – «Дордой», кеминде 15 миңге жакын контейнер иштейт. Андагы соодагерлерге шарт түзүү максатында, салык чогултууну базардын администрациясына берип жатабыз. Ар бир контейнердин салык төлөгөн же төлөбөгөнүн базадан биз жана администрация көрүп турат. Администрация соодагерлерден коопсуздук кызматына, таштанды чыгаруу кызматына акча топтойт, анын катарында салыкты да топтой беришет. Мындайча айтканда, соодагерлерге отчеттук тапшырууларды жөнөкөйлөштүрүп жатабыз.

– Ошол эле маалда соодагерлерге тандоо укугун да бердиңиздер?..

– Патент менен иштейби же ККМ колдонуп бирдиктүү салык режимине өтөбү – бул соодагерлердин өзүнүн укугу. Мисалы, айрымдар патенттин баасы мен үчүн кымбат экен деши мүмкүн, анда аларга ККМ колдонуп, 15 миллион сомго жетпеген товар жүгүртүүсү бар ишкерлер салыктан бошотулат деген мыйзамга таянып иш жүргүзүүнү сунуштайбыз.

Максатыбыз – баарына бирдей шарт түзүү, көмүскө экономикадан чыгуу. Көмүскө экономика мыйзамдарда барьерлер учураганда пайда болот. Мындайда ишкерлер кирешесин жашырганга далалаттанып, жашыруун иштегенге аракеттенет. Биздики либералдуу позиция – баарына бирдей шарт түзүү керек.

– Чектөө чараларынын азайышы салык төлөмдөрүн дагы азайтат деген пикирлер да жок эмес.

– Чектөө чараларын жок кылганда салык чогултууларынын көлөмү түшүп кетет деп көп айтылып жатат. Бирок бизде жөнөкөй механизм түзүлгөн сайын, салык түшүү көбөйүүлө. Анткени, биринчи кезекте салык төлөө маданияты өстү, салык төлөсөк жакшы иштер болот экен деген идеология орноду. Статистикалык маалымат менен жооп берейин, былтыркы жылдын көрсөткүчүнө салыштырмалуу быйылкы 3 айда көп салык чогулттук. 28-апрелге карата ай бүтө элек болсо дагы, көптөгөн салык башкармалыктары план тапшырмаларын аткарып коюшту, түшүү темпи – 24 миллиард сом. Былтыр ушул убакта 16 миллиард чогулткан экенбиз. Ошондо, өсүү темпи 140 пайыз. Бул чоң көрсөткүч. Бул азыр биз жасап жаткан реформаларга каршы чыгып жаткандарга карата айтылчу цифра. Канчалык салык системасын жөнөкөйлөштүргөн сайын, элдин салык төлөө маданияты ошончолук өсүүдө.