Аяз Жаркынбаев: Кыргызстанга адаптациялык кандай документтер керек
4 сентябрь

Аяз Жаркынбаев: Кыргызстанга адаптациялык кандай документтер керек

Климаттын өзгөрүшү - дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнүн аракеттерин бириктирген глобалдуу маселе. Климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү жана анын кесепеттерине ыңгайлашуу эл аралык укуктук чаралар менен көзөмөлдөнөт, алар: парник газдарынын чыгышын чектөө, жумшартуу жана адаптациялоо боюнча өкмөттүн аракеттерин активдештирүү, климаттык амбицияларды турукташтыруу, климаттын өзгөрүшүнө алып келген аракеттер үчүн жоопкерчиликти эл аралык укуктук база менен жөнгө салуу. 

- Климаттын өзгөрүшү менен күрөшүүдөгү негизги документ болуп БУУнун климаттын өзгөрүшү боюнча Алкактык конвенциясы, Киото протколу жана Париж келишими болуп саналат, - дейт нормативдик-укуктук актылар боюнча эксперт Аяз Жаркынбаев. – Бул документтердин маанилүүлүгү – алар мамлекеттердин приоритеттерин жана милдеттерин аныктайт, климаттык тобокелдиктерди башкаруу боюнча биргелешкен аракеттерди координациялоо механизмдерин түзөт. Ошондой эле глобалдык жылуулукка каршы күрөштү каржылоонун ресурстарын жана механизмдерин аныктайт. 

Кыргыз Республикасы климаттын өзгөрүшүнүн алдында алсыз болгондуктан өз убагында бардык эл аралык документтерге кошулуп, улуттук пландарды жана стратегияларды иштеп чыкты жана ратификациялады. Өлкөбүз 1999-жылы эле “Айлана-чөйрө жөнүндө” Мыйзамын кабыл алган, декларативдүү болсо дагы андагы бир берене климаттын өзгөрүүсүнө байланышкан маселени караган. 

Ошол сыяктуу эле Суу, Токой жана Жер кодекстеринде климат маселеси чагылдырылган, токой жана жер иштетүү саясаты климаттык өзгөрүүлөргө адаптацияланууну эске алуу менен калыптанышы жана ишке ашуусу керек. Ал турмак Кыргыз Республикасынын Конституциясында коопсуз экологиялык чөйрөгө болгон укук белгиленген. Жалпысынан өлкөбүздүн укуктук базасында кайсы бир деңгээлде климаттын өзгөрүшүн камтыган 20дөн ашуун мыйзам бар. 

Аны менен катар 2021-жылдан тартып өлкөдө бардык нормативдик укуктук актыларга, алардын катарында климаттын өзгөрүшүнө байланышы барларга инвентаризация жүргүзүлүп келатат. Анын алкагында КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги бүгүнкү күндө климаттын өзгөрүшүнө байланышы бар мыйзам долбоорлорду Экологиялык кодекске бириктирүүдө. Алар: “Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө”, “Жаныбарлар дүйнөсү жөнүндө”, “Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө”, “Экологиялык экспертиза жөнүндө”, “Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө” мыйзамдары. Мындай бириктирүү нормативдик укуктук актыларды жаңылап гана койбостон, башка процесстерди уюштурбай туруп, аларга климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо боюнча нормаларды киргизүүгө мүмкүнчүлүк берет. Ушундай эле иш башка мамлекеттик тармактарда да жүрүп жатат. 

 - Өлкөлөрдүн укуктук потенциалын жакшыртууга Сейдан алкактык программасы көп көңүл бурат. Биздин өлкө өзүнүн милдеттеринин алкагында эмне кылат? 

- Сейдан алкактык программасы милдеттүү күчү жок келишим болуп саналса дагы, климаттын өзгөрүшү жараткан жаратылыш кырсыктарынын тобокелчиликтерин башкаруу үчүн укуктук базаны жакшыртуу максаттарын коет. Кыргыз Республикасы САП боюнча 2015-жылы “2018-2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын калкын жана аймактарын өзгөчө кырдаалдардан комплекстүү коргоо Концепциясын” жана ага ылайык этаптуу пландарды иштеп чыгуу менен милдеттерди алган.   

Бул документтер климаттык өзгөрүүлөрдөн жаралган кырсыктарды азайтуу өлкөбүздүн мамлекеттик саясатынын орчундуу бөлүгү экенин тастыктайт. Климаттык тобокелчиликтер маселеси 2040-жылга чейин Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүшүнүн Улуттук стратегиясына жана 2026-жылга чейин Улуттук өнүктүрүү программасына киргизилген. Климаттын өзгөрүшүнүн, жердин деградациясынын жана абанын булганышынын тобокелдиктерин азайтуунун негизги элементи катары жашыл аянтчаларды кеңейтүү, ошондой эле тоолуу токой экосистемаларын сактоо, көп жылдык жасалма көчөттөрдүн аянтын көбөйтүү, токой өстүрүү программаларын колдоо – булардын баары туруктуу өнүгүүнүн Улуттук стратегиясында климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу жана жаратылыш кырсыктарын азайтуу чаралары катары көрсөтүлгөн.

 - ПРООНдун Кыргыз Республикасынын Улуттук адаптация планын иштеп чыгуу долбоорунун алкагында приоритеттүү тармактардагы институционалдык потенциалга, анын ичинде жөнгө салуучу потенциалга баа берүү жүргүзүлдү. КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине кандай жыйынтыктар жана сунуштар бекитилди?

- Биринчи 2021-жылы Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги климаттык туруктуулукту камсыздоого жооптуу мамлекеттик орган катары аныкталганынан баштайлы. Мекеменин жылдык пландоо көрсөтмөлөрүндө климаттын өзгөрүшү артыкчылыктуу багыт катары көрсөтүлгөн. 2024-жылдын соңуна чейинки мезгилге Кыргыз Республикасында биоартүрдүүлүктү сактоо Приоритетине экосистеманын туруктуулугун көтөрүү жана көмүртектин сиңимдүүлүгүнө экосистеманын салымын жогорулатуу тапшырмалары киргизилген. Бул климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин жумшартат жана ага ыңгайлаштырат. Бул үчүн деградацияланган жерлерди реабилитациялоо, токой жана жер ресурстарын туруктуу өнүктүрүү сыяктуу аракеттерди ишке ашыруу керек. 

Потенциалды баалоо мекеменин алдында климаттык өзгөрүү жана ыңгайлашуу эске алынган бир катар нормативдик укуктук актыларды жаңылоо милдети турганын көрсөттү. Алар: “Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө”, “Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы биосфералык аймактар жөнүндө”, “Жаныбарлар дүйнөсү жөнүндө”, “Айлана-чөйрөнү баалоо жөнүндө”, “Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө”, Токой кодекси ж.б. 

- Баалоо төрт тармак боюнча жүргүзүлгөн эмеспи. А калган тармактар – саламаттыкты сактоо, өзгөчө кырдаал жана айыл чарба боюнча эмнелерди көрсөттү?

- “Айыл чарба жана ирригация” тармагына айыл чарба тармагын климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерине адаптациялоо Программасын жана мамлекеттик банктар менен биргеликте айыл чарбасын климаттык багыттоону колдоо Программасын иштеп чыгуу сунушталган. Ошондой эле эксперттер энергетикалык тармакты климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерине адаптациялоо Программасын жана климаттын өзгөрүшүн эске алуу менен энергияны үнөмдөө Программасын иштеп чыгуу зарылдыгын айтышууда. 

Саламаттыкты сактоо тармагы бардык күч-аракетин Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо системасын климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо Программасына, коомчулукка маалымдоо Планына жана климаттын терс факторлорунан калктын ден соолугун коргоо зарылдыгы жөнүндө ишенимдүү жана өз убагында маалымдоо системасына бурушу керек. 

Ушундай эле бир катар документтер “Өзгөчө кырдаалдар” тармагына сунушталды. Алар: климаттык мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана эффективдүү чара көрүү боюнча мамлекеттик кызматкерлердин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана калктын потенциалын жана билимин жогорулатуу боюнча Комплекстүү программа, өзгөчө кырдаалдарга комплекстүү мониторинг жана болжолдоо системасын өнүктүрүү концепциясы жана потенциалдуу кооптуу аймактардан калкты көчүрүү жана жаңы аймактарды өздөштүрүү Программасы.