Канткенде кыргызстандыктар арзан жана ишенимдүү саякаттай алат?
20 ноябрь

Канткенде кыргызстандыктар арзан жана ишенимдүү саякаттай алат?

Мында бир сыйкырдуу нерсе бар: америкалык жазуучу Кейт Дуглас Уигген “башка адам болуп барып, такыр башка адам болуп кайтып келесиз” деген. Ал абдан туура айткан, анткени саякаттоо адамдын көз карашын кеңейтет, ал эми жаңы адамдар менен таанышуу аны руханий жактан байытат. Бирок саякатка чыгууда да өзүнө тиешелүү коркунучтар бар. Өз милдетин так аткара албаган же мыйзамсыз иштеген туристтик агенттиктердин жемине кантип түшүп калбоо керек, кайсы туристтик агенттикти тандап алган жакшы жана алар аркылуу кеткен жакшыбы же өз алдынча узак сапарга чыгуу оңбу, бул тууралуу «Бифлай Трэвэл» туристтик компаниясынын негиздөөчүсү Талант Озокеев “Караван-Инфо” агенттигине берген маегинде билдирди.

– Талант, фирмаңыз тууралуу кыскача айтып берсеңиз? Эмне үчүн сиздин фирмаңызды тандашыбыз керек? Сиздин агенттиктин ишинин принципиалдуу айырмасы эмнеде?

– Туризм тармагында иштегенибизге 15 жылдан ашты. Чет өлкөдө кабыл алуучу компания болуп иштечүбүз. Туристтерди жөнөткөн бардык өлкөлөрдө иштедик жана агенттерибиз туризм боюнча кесипкөй билимге ээ. Биз турларды бир топ профессионалдуу тандаган, башкача айтканда өз ишин билген кадрларды алууга аракет кылабыз. Чоң тажрыйбабыздан улам  өнөктөштөрдөн эң жакшы бааларды алууга мүмкүнчүлүгүбүз бар. Туристтерди кабыл алган туроператорлордун дээрлик 90 пайызы менен келишим түзгөнбүз. Келишимдерибиз абдан чоң жана күчтүү. Башка фирмаларда номерлер жок болуп турганда да, биз табабыз.   Ар бир адам саякаттай ала тургандай кылууга аракет кылабыз, ошондуктан бизде көптөгөн арзандатуулар жана шашылыш турлар бар жана дайыма акцияларды өткөрүп турабыз. Абдан көп адамдар биздин компания аркылуу саякаттайт, анткени бизге ишенишет. А биз ишенимди өтө жогору баалайбыз. Бизде баалардын арзан болушу – бул менеджерлерибиздин сапаттуу иши.

– Анда айтыңызчы, кантип аз акча менен саякаттоого болот?

– Ал үчүн Telegram -каналыбызга же Whatsapp-группабызга катталышыңыз керек. Ал жактан мөөнөтү өтүп бараткан шашылыш турларды жарыялап турабыз. Шашылыш турлар 70 пайызга чейин арзандатылат. Эгер сиз жөн учурда турду 700-800 долларга сатып алсаңыз, а шашылыш тур менен 300 долларга учуп кетсеңиз болот. Ал эми, мисалы, Дубайга 4-5 күнгө 150 доллардан айланып калат. Анын ичинде авиаучуу, жатакана, эртең мененки тамак, трансфер бар. А отелди тизмеден өзүңүз тандайсыз. Бирок бир күндүн ичинде даярданып учуп кетүү керек. Мына, ушул арзан болсо дегенге эң бир оптималдуу вариант. Ал эми мезгилге келсек, башкысы Жаңы жылдын алдында жана андан кийинки каникул учурун тандаба болду, анткени ушул даталар эң кымбат болот.

– Негизи эле агенттикке кайрылуунун зарылчылдыгы барбы? Эмнеге эс алууга өз алдыңча кетүүгө болбосун?

– Айрым өлкөлөргө агенттик аркылуу саякаттоо чындыгында пайдалуу болот. Кеп авиаучуулардын баасында деле эмес. Айрым отелдерде өз алдынча номер брондоонун чыгымы көп. Ошол эле Түркия, Анталияда агенттик аркылуу брондосоңуз арзан түшөт, анткени ал жакта Booking сыяктуу брондоо системаларына тыюу салынган. А Египетте сиз турфирманын документтери, виза болбосо билет да сатып ала албайсыз, сизди өлкөгө киргизишпейт. Бир гана турфирма аркылуу кире аласыз. Айрым өлкөлөрдө өз алдынча саякаттоо такыр мүмкүн эмес. Кээ бирлеринде ушундай сайттар бар: сиз брондойсуз, а качан барганда отелге жайгашууга мүмкүн болбойт, анткени алар ал фирмалар менен системада иштешпейт. Ушундай кыйынчылыктар кездешет.

– Сиздин агенттик ички туризм менен алектенеби?

– Азырынча алектенбейт, бизде бир гана багыт бар – Ысык-Көл, пансионаттар, отелдер. Анткени ички туризм менен алектенүү үчүн адамдар болушу керек. Тилекке каршы, бизде контракттык мамиле жолго коюлбаган: мисалы, отелди, конок үйүн брондогондон кийин баары расписание боюнча болушу керек эле, бирок стандарт номерлер, белгиленген тамак-аш так болбойт. Бирок келечекте ички туризм менен алектенүүнү пландап жатабыз.

– Сиз туш болгон негизги көйгөйлөр кайсылар?

– Кардарлар тараптан түшүнбөөчүлүк. Биз кайсы бир убакытка ылайыкталган гана бааларды жарыялайбыз. Мисалы, бир датага баа 300 доллар болушу мүмкүн, а эгерде бир жумадан кийин учууну чечсе, анда баа да 600-700 долларга секирип кетет, анан адамдар кайсы бир баа кайсы бир күнгө гана болоорун түшүнгүсү келбейт. Баары датадан, учак уча турган шаардан көз каранды. Алматы аркылуу арзан учууга болот.

– Бүгүнкү күндө туризм тармагындагы бизнес канчалык келечектүү жана суроо-талапка ээ?

– Суроо-талап сунуштарды жаратат. Акыркы учурда, тагыраак айтканда, акыркы 3 жылда саякатка болгон суроо-талап өсүүдө. Ошондуктан бул багыттагы сунуштар активдүү жогорулап баратат: агенттиктер, ар түрдүүлүк сервистери көбөйдү.

– Негизги кардарларыңыз кимдер, кайсы куракта?

– Биздин кардарлар 18 жаштан 70 жашка чейин. Жашын так көрсөтүү кыйын, анткени азыр мектеп окуучуларынан тартып пенсионерлерге чейин саякатташат.  VIP кардарларыбыз, ошондой эле 300 долларга саякаттаган пенсионерлер бар. Биз бардыгы үчүн иштейбиз. 3 жылдыздуу да, эң кымбат да мейманканаларды биз аркылуу тапса алса болот. Адамдарды категорияга, финансылык мүмкүнчүлүктөрүнө, жашына, жынысына жана башкаларга бөлбөйбүз. Биз үчүн алардын баары бирдей.

– Туристтерге байланышкан кызыктуу, а балким опурталдуу учурлар болду беле?

– Бир күнү ушундай күлкүлүү окуя болду. Биз менен бир киши байланышып, Таиландга эки кишилик турга заказ берип, документтерди электрондук түрдө жөнөтө турганын айтты. Кийинчерээк ал өзүнүн жана аялынын паспортун жөнөттү, бирок көрсө ал аялы менен ал расмий түрдө ажырашкан, ал тургай, башка бирөөгө үйлөнүүгө да үлгүргөн экен. Ал жөнөткөн паспорттор менен документтерди даярдап койдук. Ал киши документтерди карап, бардык маалыматтарды текшерген болчу, сыягы, жакшы карабаса керек. Жубайлар аэропортко келгенде гана катасын түшүнүптүр. Аэропортко эрте келгени жакшы болуптур. Эмне кылаарын билбей калган турист бизге  чалып, жагдайды түшүндүрдү. Бизге анын аялына шашылыш түрдө жаңы билет алууга туура келди. Алар Таиландга учуп баргыча, туристтердин “ордун алмаштырууга” үлгүрдүк, ошентип учурдагы аялы күйөөсү ушундай катачылыкка жол бергенин билбей да калды. Дагы бир нерсе сактап калды – КР жарандары Таиландга учканда алдын ала каттоонун кереги жок. Ошентип, кырдаалдан чыга алдык.

– Чындыгында эле кызыктуу окуя экен. Бирок турфирма тарабынан кандайдыр бир жагымсыз сюрпризге кабылып калбоо үчүн турагенттиктерин кантип тандоо керек? Эмнелерге көңүл буруу зарыл?

- Учурда жарнамалык кампанияны активдүү жүргүзүп жаткан туристтик фирмалар көп. Башкача айтканда, кээ бир турагенттиктер кайсы бир агенттикте бир-эки ай иштеп, өз фирмаларын ачышат, бирок ошол эле учурда көп майда-чүйдөлөрдү, нюанстарды билишпейт. Ошондуктан, бул жерде биз жарнамага эмес, компаниянын канча убакыттан бери иштеп келе жатканына карашыбыз керек. Эгер ал бир ай мурун ачылган болсо, анда, албетте, бул жакшы вариант эмес. Туристтик агенттик өзүн далилдеп, жок дегенде 5 жылдан кем эмес тажрыйба болушу керек. Болбосо компаниялар күн сайын ачылат. Бир күндүк компаниялар бар, андыктан жарнамага таянуунун кереги жок. Ошондой эле агенттери улам чалып, сизди тынбай азгырып жаткан туристтик агенттиктерден сак болушуңуз керек. Баарын ар бир адам өзү талдап, жыйынтык чыгарууга тийиш.

Төмөнкү шилтемелер аркылуу саякат тууралуу көбүрөөк маалымат ала аласыз:

https://t.me/supertury

@beflytravel.kg – инстаграм

https://chat.whatsapp.com/FIuz65KIOwu6j0DClBLymz