Мамед Тагаев: Кыргыз алфавиттерин саясий оюнга аралаштыруу от менен ойногонго тете
Бир нече жылдан бери кыргыз алфавитин латын алфавитине өткөрүү боюнча талаш-тартыш токтобой келет. Бул маселе боюнча өзүнүн пикирин А.О.Орусбаев атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин Орус тили институтунун директору, филология илимдеринин доктору, профессор Мамед Жакыпович Тагаев Караван-Инфого билдирди.
– Бүгүнкү саясатташкан дүйнөдө саясат көп учурда өзүнө эч кандай тиешеси жок нерселер боюнча катуу талаш-тартыштардын чордонунда болуп калат. Кыргыз тилинин алфавитинде саясий нерсе болушу мүмкүнбү деп ойлойсуз? Бирок бир катар белгилүү кыргыз саясатчылары кыргыз алфавитин реформалоо, кириллицадан латын арибине которуу зарылдыгын биринчи жылдан бери эле катуу талап кылып келишет. Мен массалык маалымат каражаттарындагы кесиптештериңизге мындай демилге Кыргызстанды Россиядан саясий жактан алыстатууга кызыкдар күчтөр тарабынан көтөрүлгөнүн бир нече жолу айтып келдим.
– Азыр “бул жерде саясаттын кандай тиешеси бар”, “отко эмнеге май чачып атасыңар” деп айтчулар табылат. Кыргыз жазууларын латындаштыруунун айрым жактоочулары, кээ бир адистер жана коомдук ишмерлер кыргыз тилдүүлөргө компьютердик программаны өздөштүрүүгө, англис тилин үйрөнүүгө жана башка дүйнөлүк цивилизациянын жакшы жактарын сиңирүүгө латын графикасы натыйжалуу жардам берет деп эсептешүүдө.
– Мындай көз караштын өзөгү жок, анткени дүйнөдө абдан көп улуттар, мисалы, гректер, армяндар, корейлер, грузиндер ж.б. латын эмес, өздөрүнүн улуттук алфавитин колдонушат. Алардын бирөөсүнө да бул нерсе Глобалдуу тармакты өздөштүрүүдө көйгөй жараткан жок: бир алфавиттен экинчи алфавитке тексттерди алмаштыруучу компьютердик программалар эбак түзүлгөн. Ага караганда Кыргызстан курамына кирген Түрк мамлекеттеринин уюму өлкөлөрүнүн айрым жетекчилери бир нече жолу айткан аргумент бир топ логикалуу. Бул уюмга кирген өлкөлөрдүн лидерлеринин 2024-жылдын 9-сентябрынан 11-сентябрына чейин Баку шаарында өткөн жолугушуусунда, беш өлкөнүн – Түркиянын, Азербейжандын, Өзбекстандын, Казакстандын жана Түркмөнстандын президенттери түрк латиница менен 34 тамганын негизинде иштелип чыккан бирдиктүү латын алфавитин колдонуу келишимине келишти. Чечим түрк дүйнөсүн мындан ары бирдиктүү маданий мейкиндигине интеграциялоо максатында кабыл алынды.
Бир гана башында өлкөбүздүн президенти Садыр Жапаров турган кыргыз делегациясы мындай кадамга макул болгон жок. Ал жолугушуунун катышуучуларына Кыргызстан жакынкы жылдарда алфавитин өзгөртпөй турганын жеткирди. Президент мындай деди: “Кыргыз тилин латиницага өткөрүү тууралуу айтуу эртелик кылат. Азыр бул маселени көтөрүүнүн кереги жок, мамлекеттик тилдин өнүгүүсү кириллица менен уланышы керек”. Ушундай эле билдирүүнү ал 2023-жылдын апрель айында, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын өкүлдөрү кезектеги жолу ага кайрылып, кыргыз алфавитин латындаштыруу боюнча кайрылууну кароо өтүнүчүн жолдогондо да жасаган. Бул кайрылуунун ээлерине президент: “Кириллицадагы мамлекеттик тилге сабаттуу, жетиштүү деңгээлде камкордук көрбөй туруп, латиницага өтүүнү кеп кылуунун кереги жок”, - деп жооп берген.
– Кыргыз лидеринин мындай позициясын сиздин оюңузча, кандай түшүндүрсөк болот?
– Садыр Жапаровдун эң жакшы өзгөчөлүктөрүнүн бири – Кыргызстандын калкынын басымдуу бөлүгүнүн пикирин адекваттуу жеткире алганында. Карапайым адамдар, айрыкча аймактардын тургундары менен бүгүнкү күндө өлкөбүз үчүн кайсы тарап менен кызматташуу маанилүү – Батышбы же Россиябы деп сүйлөшүп көрсөңөр. Менимче, көпчүлүгү “Албетте, Россия менен” деп айтышат. Мында, кеп саясатта эмес, жашоонун жөнөкөй логикасында: учурда аз эмес кыргыз Россия Федерациясында иштейт, ошол жактан иштеп акча таап үй-бүлөсүн багып жатат. Мисалы, 2022-жылы Россиядагы кыргызстандык эмгек мигранттары тарабынан мекенине которулган акча, КР Экономика жана финансы министрлигинин эксперти Насирдин Шамшиевдин маалыматына караганда, өлкөнүн ИДПсынын 30 пайызын түзгөн. Миңдеген кыргызстандык студенттер россиялык жогорку окуу жайларда билим алышат.
Бүгүн орус тилин билүү мыкты билим алуунун жана кесибинин жөндөмдүү адисине айлануунун зарыл шарты болуп калды. Анын жакшы жери кыргыз жана орус тилдери кириллица менен жазылат. Филолог катары кошумчалап коеюн: бирдиктүү экономикалык жана маданий мейкиндикте ондогон жылдар бою жашоо кыргыздардын менталитетине изин калтырды. Кыргыз тили көптөгөн орус сөздөрүн жана түшүнүктөрүн сиңирди. Ошол эле маалда орус тили түркизмдин олуттуу бөлүгүн кайра иштеп чыгып, өзүнө кошуп алганын билебиз. Мен кыргыз сөздүгүндө канча орус сөзү бардыгын жөн эле санап көрдүм, Ф тамгасын эле алганымда, бул тамгадан башталган 800 орус сөзү бар болуп чыкты! Ушундай абалда анан кантип латиницага өтө алабыз?
– Кыргызстандыктарды түрк дүйнөсүнүн мейкиндигине маданий интеграциялоо жөнүндө эмне айтууга болот? Аны биздин айрым кадырлуу аксакалдарыбыз колдоп жатат.
– Менимче, түрк дүйнөсү – бул окшош алфавит эмес, а кандайдыр бир жалпы руханият, менталитет. Улуттук адаттарда кайсы бир жагынан билинип турган көп кылымдык жалпы тарых жана окшош тил. Бирок караңыздарчы, кандай кызыктуу акыбал болууда. Мисалы, Кыргызстан менен Өзбекстандын президенттери жолугушканда, кыргыз жана өзбек тили тектеш болгонуна карабай, баары бир орус тилинде сүйлөшүшөт. Түрк тилинде эмес, англис тилинде эмес! Орус тили эбак эле кайсы бир этникалык жамааттын тилине айлануудан калган, ал азыр эң бир ар түрдүү этностордун өкүлдөрүнүн байланышуу аянтына айланган.
Менталитеттин бирдиктүү мейкиндигин жаратты, аны азыр Орус дүйнөсү деп аташат. Мага мисалы, менталдык жактан япон же америкалыкка караганда, орус улутундагы адамды түшүнүү жеңил. Аны менен менталдык жактан бир деңгээлде болгондуктан, оңой баарлаша алам. Ошондуктан Россияда кыргыздар маданий шокко кабылбайт, алар ал жакка оңой ыңгайлашат. Жок, мен түрк же башка дүйнөгө каршы эмесмин, бирок миллиондон ашуун кыргыз эчак эле жашоосун Россия менен байланыштырып койгонуна көңүл буруш керек. СССР убагынан баштап бирдиктүү көп улуттуу “советтик маданият” тууралуу кеп кылдык. Улуу муундун өкүлү болгон мен үчүн бул жөнөкөй нерсе эмес. Биздин биримдигибиздин өзөгү ушунда болгон, мурдагы муундун баары кайсы бир деңгээлде ошол маданиятты жана жалпы менталитетти алып жүрүүчүлөү. Ошондуктан, кыргыз тилин латицага которууга болгон бардык аракеттерди Кыргызстанды Россиядан “үзүп”алып, батыш дүйнөсүнүн талаасына жасалма түрдө киргизүүгө умтулуу деп эсептейм.
– Латинизацияны жактагандардын саясий көз карашына болгон пикириңиз түшүнүктүү болду. Эми саясаттан тил маселесине өтсөк. Кыргыз тили үчүн латиница ыңгайлуубу?
– Мындан баштайлы: латын алфавитинде 26 тамга бар, кыргыз кириллицада – 36. Дагы он тамга кандайдыр бир жол менен белгилениши керек. Же жаңы тамгаларды ойлоп табуу же диакритикалык белгилерди кошуу зарыл. Биз орус графикасына болгону 3 тамга кошконбуз, ошону менен бул жазуу системасын эң сонун колдонуп келатабыз.
Бирок адамдар үчүн эң коркунучтуусу – калыптанып калган традицияны бузуу. Ал турмак бир тамганын өзгөрүшү адамдын аң сезимине өтө чоң таасир берет. Адамдын аң сезиминин тамырына өзгөртүү киргизүү керек, а бул ар бир тил алып жүрүүчү үчүн катастрофа. Азыркы графиканын негизин көрүнүктүү окумуштуулар, биринчи кезекте 1928-жылы Баку шаарында "Алфавитти түзүүнүн математикалык формуласы (лингвистикалык теорияны колдонуу тажрыйбасы)" деген доклады менен чыккан Николай Яковлев түптөгөн. Андан соң бул теорияны Касым Тыныстанов, Константин Юдахин чыгармачылык менен колдонушкан. Кириллица графикасы кыргыз тилдик аң сезимдин бир бөлүгү болуп калды. Бул аң сезимди талкалоо – бул кылмыш.
Эмне үчүн, мисалы, англичандар өздөрүнүн жазуу өзгөчөлүктөрүн ушунчалык кызганыч менен сакташат? Эмне үчүн алар өз тилин реформалашпайт? Себеби, бул англис тилинде жаралган бүткүл интеллектуалдык мураска чоң сокку болот. Эмне үчүн кытайлар бүткүл дүйнөнү багындыруу же кошулуу үчүн өздөрүнүн иероглифтеринен баш тартпайт? Кытай мамлекети жазуу белгилерин өзгөртсө, жок болот деп эсептеңиз, анткени графика бүткүл эл үчүн бириктирүүчү нерсе сыяктуу. Ошондуктан кыргыз элинин латын тамгасына өтүшү улуттук аң-сезимге орду толгус зыян келтирет. Элдин аң сезиминде калыптанып калган тилдин графикалык образын бузууга жол берилбейт. Болбосо, биз маңкурт муунду өстүрөбүз. Латын тамгасына өтүү чет тилдерди үйрөнүүнү жеңилдетет деп тил деген эмне экенин билбеген адамдар гана айта алат. Жеңилдетпейт, тескерисинче, кыйындатат, анткени окшоштуктар башаламандык жаратат. Тескерисинче, ар кандай графика чет тилин жакшы өздөштүрүүгө өбөлгө түзөт.
– Сиздин оюңузча, кыргыз жазуусун латындаштыруунун кооптуу тенденциясына кантип каршы турууга болот?
– Эң алды менен тынч жана жүйөлүү талаш-тартыштарды, дискуссияларды демилгелөө керек. Бул темада диаметри боюнча карама-каршы пикирдеги өкүлдөрдүн дискуссиялык аянтчаларын уюштуруу пайдалуу. Мисалы, биздин А.О. Орусбаев атындагы орус тили институту бардыгын "Кыргызстандын тургундарынын жана Борбордук Азия элдеринин маданий кодун калыптандырууда орус тилинин жана кириллицанын ролу" аттуу тегерек столго чакырат.
Жолугушуу 16-майда Бишкек убактысы боюнча саат 13:00дө КРСУнун гуманитардык корпусунда өтөт. Каалоочулар бул жолугушууга онлайн катыша алышат. Бул үчүн Zoomга кошулуу үчүн жетки алуу үчүн институттун кызматкерлери менен алдын ала байланышуу керек. Бул биздин институт уюштурган бул темага арналган биринчи жолугушуу эмес. Адамдарга эч нерсе таңуулабастан, бир графикадан экинчисине өтүү эмнеге алып келиши мүмкүн экенин түшүндүрүү керек. Коомду каталардан ачык талкуу, эксперттердин компетенттүү пикирлерин билдирүү жана тең укуктуу диалог гана сактайт. Кириллицаны латын тамгаларына алмаштыруу идеясын оңой эле жүйөлүү түрдө талдап, бул кадамдын зыяндуулугун далилдөөгө болот. Ошондо коом бул демилгенин артында бош амбициялар турганына, мунун баары куру сөз экенине ынанат. Сунуш кыла турган эч нерсе жок болгондо, тилге жабышышат.
Маектешкен Андрей Токомбаев
