Анара Калиев: Бүгүнтөн баштап электрондук тамекиге тыюу салынат: кооз кутучадагы тамекинин кесепетин билип алыңыз
Кыргызстанда 1-июлдан тартып электрондук тамекилерге тыюу салган мыйзам күчүнө кирди. Мындан ары өлкөгө электрондук тамеки алып киргендерге, саткандарга жана колдонгондорго карата жоопкерчилик күчөтүлөт. Мыйзамды бузгандарга: физикалык тараптарга – 10 миң, юридикалык тараптарга – 60 миң сомдон жогору айыппул салынат. Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун дарыгери Анара Калиева электрондук тамекинин зыяны тууралуу Биринчи радиого айтып берди.
«Электрондук тамеки өсүп келаткан организм үчүн олуттуу зыян алып келет. Биз муну көп жылдан бери айтып келе жатабыз. Ар бир мектепке сабак өтүп, электрондук тамекинин мээге, репродуктивдүү ден соолукка тийгизчү зыянын бардык окуучуларга жеткирүүгө аракеттендик. Ага карабастан же көрүнүшүнүн кооздугуна кызыгышабы же даамы жакшы болгону тартабы, айтор, мындай чылымга берилген балдарыбыз көбөйдү. Анын үстүнө жашыруун жарнама деген бар, тамеки өндүрүүчүлөр жылына жарнамага 50 миллиард доллар салышат экен. 50 миллион дагы эмес, миллиард! Жарнаманын таасиринде калган балдар өздөрү да сезбей электрондук чылымга тартылышты. 5 жыл мурда эле балдардын 4 пайызы тартылса, азыр 14 пайызга жетти», – деди дарыгер.
Айтымында, дарыгерлер бул кооптуу көрүнүш тууралуу коңгуроо кагып, ЖК депутаттарына жеткирип, тиешелүү мыйзам кабыл алынышына өбөлгө болушкан. Ал электрондук тамекиге кошо курамында никотин бар суусундуктарга да тыюу салынганын белгиледи.
«Өспүрүм балдардын мээси 21 жаштан кийин жетилет. Когнитивдүү ой жүгүртүү, эс тутум, чечим кабыл алуу функцияларына мээнин маңдайкы бөлүгү жооп берет. Мына, ошол бөлүк 21 жаштан кийин гана жетилет. Өспүрүм куракта, мээ жакшы жетиле албай турган чакта тамеки тарта баштаса, толук кандуу жетилбей калат. Бизди, адамдарды айбандардан айырмалап турган – бул когнитивдүү ой жүгүртүү. Эгер ал толук кандуу жетилбей калса, анда кандай айырмабыз болот?
Дүйнө жүзүндө бул боюнча көптөгөн иликтөөлөр жасалган. Мисалы, тамеки тарткан өспүрүмдөрдө тамеки тартпагандарга караганда тынчсыздануу 45 пайызга, депрессия 35 пайызга, суицид тууралуу ойлор 22 пайызга көп болот.
Тамеки тартуу өспүрүмдүн психикасын бузат, андан сырткары никотин борбордук нерв системасын жабыркатат. Электрондук тамеки тарткан бала жөнөкөй тамекиге өтүп кете алат, анткени никотиндик көз карандуулук пайда болот. Ошондой эле, мындай балдар спирт ичимдиктерине 2-3 эсе жакыныраак болот. Нервденет, сабактарга кызыгуусу жоголот, коркунучтуу сексуалдык жүрүм-туруму көбөйөт», – дейт Анара Калиева.
Ал белгилегендей, электрондук тамекинин ден соолукка тийгизген кесепеттери оор. Мисалы, электрондук тамекинин ичиндеги уу заттар организмге кирип, нерв системасын, ар бир клетканы жабыркатат, ДНКга чейин жетет. Адамда 25 миңге жакын ДНК коддору бар, анын 7 миңдейи тамеки аркылуу жабыркайт. Анын кесепетинен кан тамыр, рак, тубаса кемтик оорулары келип чыгат. Мунун баары илимий изилдөөлөрдө тастыкталган.
«Тамеки деген уу. Ал абдан сак, тартаарың менен ооруп калбайсың, акырындык менен организмге топтолуп, кайсы бир өнөкөт ооруга чалдыктырат. Ал турмак майыптуулукка да алып барат.
Кыргызстанда кан тамыр ооруларынан каза болгондор көп. Анын эң биринчи себеби – тамеки. Ашказан рагы жашарууда, ага насвай да себеп болууда. Акыркы жылдары жөнөкөй тамекинин баасы кымбаттап кеткендиктен, насвайга өткөндөр көбөйдү. Биз ага да тыюу салууну ойлонуштуруудабыз, бирок убакыт керек», – дейт дарыгер.
Айтымында, жөнөкөй тамеки менен электрондук тамекинин айырмасы – жөнөкөй тамекинин түтүнүндө истүү газ бар. Ал организмге кислородду жакшы сиңирбейт. Мындан улам мээ, органдар жабыркайт. Ал эми электрондук тамекинин түтүнүндө ал жок, бирок уулуу заттын баары ичинде.
«Электрондук тамекинин ичинде кутуча болот, анын ичинде суюктук. Батарейка суюктуктун (глицерин, арамотизатор) ичинде жайгашкан. Батарейка суюктукту жылытканда жаңы химиялык заттар пайда болот, ал абдан зыяндуу. Ал заттар организмге түтүнгө караганда бат сиңет, канга бат кошулат жана мээге бат барат. Ошондуктан тамекинин бир түрүн жакшы, бирин жаман дегенге болбойт. Анын баары бирдей кесепеттүү», – деди дарыгер.
Анара Калиева белгилегендей, мыйзамдын аткарылышын милиция көзөмөлдөйт. Ошондой эле дарыгер, коомчулукка кайрылып, бул боюнча кайдыгер болбоого, электрондук тамеки сатып же колдонуп жаткандар тууралуу милицияга кабар берип турууга чакырды.
