Кубанычбек Эрмегалиев, психиатр: “Депрессиянын аягы өз өмүрүнө кол салуу менен бүтөт”
19 июнь

Кубанычбек Эрмегалиев, психиатр: “Депрессиянын аягы өз өмүрүнө кол салуу менен бүтөт”

Жашоодогу ар кандай көйгөйлөр адамды стресске кабылтат. Стресс – депрессияга жетелейт да, ал эми депрессия ар кандай психикалык ооруларга жол ачат. Бирок көбүбүз стресс, депрессияга маани бербейбиз. Республикалык психикалык ден соолук борборунун  психиатр-наркологу, эксперт  Эрмегалиев Кубанычбек бүгүнкү күндүн актуалдуу темасында маек куруп берди.

– Кубанычбек Айдаралиевич, бүгүнкү күндө депрессияга кабылгандар көп экен. Көбүнчө кандай жагдайлар адамды андай абалга жеткирет?

– Адам турмушунан кандайдыр бир сокку алганда депрессияга түшүп калат.  Эгер эки жума аралыгында жашоосу бир нукка тушүп кетсе адам ал абалдан чыгып кете алат. Ал эми эки жумадан ашык улана берсе – ал күч алат. Адам түнт тартат, уйкусу качат, агрессивдүү же тескерисинче, ой басып айланасындагылардан оолактап качат. Адамдын депрессияда экени сыртынан деле билинет. Үнү пас чыгып, кабагы түйүлүп, оозунун бурчтары ылдый түшүп калат. Ушул учурда жакындарынын көңүл буруусу көп нерсени чечет. Мисалы, сырттан сокку алып келген адамды үйдөн түшүнүү болбосо, же тескерисинче үйдөн стресс алган адам сырттагы досторунан, кесиптештеринен колдоо таба албаса, кошул-ташыл болуп терең депрессияга түшүп кетиши мүмкүн. Үй-бүлөсү убагында элес алып, жардам бербесе адамдын депрессиясы күч алып, өз өмүрүнө кол салуу менен аяктайт. 

– Кандай адамдар депрессияга жакын болот?

– Ар бир адамдын организми уникалдуу. Азыр бизде өспүрүм курактагы балдар көп болуп атат. Себеби мындай курактагы балдардын психикасы турукташа элек. Буларды жаңы өсүп келаткан көчөткө салыштырсак болот. Көчөткө канчалык кам көрүп карасаң, ошончолук тамырлап күчтүү болот да. Баланын аң-сезими да ошондой, канчалык маанайы жашы болуп, жагымдуу окуяларга курчалып жүрсө, психикасы жакшы калыптанып турукташат. Ал эми калыптана элек психика тышкы таасирлерди ар кандай кабыл алат. Кээ бир балдар стрессти көтөрүп кете алат, көбү көтөрө албайт. Баланын психикасына ата-энесинин урушу, ажырашуусу, жада калса кайым айтышуусу бычактын мизиндей курч тиет. Өмүр бою жараат болуп эсинде кала берет. Акыркы убактарда жумушсуздук, экономикалык абал, насыясын төлөй албай карызга баткандан улам депрессияга түшүп бизге кайрылгандар көп болуп жатат.

– Алар өз эрки менен келишеби?

– Тилекке каршы, биздин менталитет бул нерсеге жол бербейт. Психиатрга кайрылганды уят көрүшүп көбү мындай абалга түшкөн жакындарын үйүндө катып жата беришет. “Жиндиканага жатып калды” деп айтат деп арданышат. Ошол эле учурда невропатологго алып барышат, молдого алып барып дем салдырышат. Бул убакыттан уттуруу дегенди түшүндүрөт. 

– Сиздерде кандай бөлүмдөр бар? Дарылоо кандай жүргүзүлөт?

– Кээ бири биздин оорукананы тор менен тосулган, жатсаң кайра чыкпайсың, сыртын кулпулап койгон деп түшүнүшөт. Жок, кадимки эле башка ооруканалардын бөлүмдөрүндөй. Оорунун деңгээлине жараша бөлүмгө жатып дары ичет же тамчылатма дары алат, укалоо курстарынан өтөт. Уйкусу качкан адамдын уйкусу калыбына келет, көзүнө көрүнгөн, кулагына угулган нерселерден кутулат. Дем алыш күндөрү үйүнө барып келет. Биз комплекстүү дарылайбыз, бизге келгенден көп өтпөй уйкусуздуктан арылып, абалы жакшырып толук кандуу айыгып депрессиядан чыгып кетишет. Бейтап айыккандан кийин дарыларга көз каранды болбойт.

– Оор түрү менен ооруган бейтаптарды кантип дарылайсыздар?

– Андайлар өнөкөт оору менен ооругандар. Психоз, шизофрения деген оорулар менен келгендерди 10 күндөн 1 айга чейин жабык бөлүмдөрдө дарылап, абалы жакшырганда үйүнө чыгарабыз. Туугандарына кандай кароо керек, дарысын канча маал ичүү керектигин майдалап түшүндүрүп узатабыз. Өнөкөт оорулар жаз, күз мезгилинде аба ырайындагы өзгөрүүлөрдөн козголуп турат. Бул маалда бизде бейтаптардын саны да көбөйөт.

– Аларды колу-бутун байлап дарылайсыздарбы?

– Оорулуунун ар кандай түрү бар. Агрессивдүү болуп өзүнө-өзү кол салса, тегеректегилерге коркунуч туудурса анда тез жардам чакырат да врачтар колу-бутун байлаганга аргасыз болот. Калган учурда жетелеп алып келишет. Биз дайыма бейтаптын макулдугу менен гана дарылайбыз. Макулдугун бербесе 72 саат гана кармай алабыз. Оорусу айланадагы адамдарга коркунуч туудурса, ошол эле учурда дарыланууга макулдугун бербесе биз сотко кайрылабыз. Сот “мажбурлоо түрүндө дарылоо” чечимин чыгарып берет, биз ошого жараша дарылайбыз. Бизде азыр ушундай учурлар да көп болуп атат.

– Оор түрү менен ооругандар бири-бирине кол салбайбы? Же өз-өзүнчө кармайсыздарбы?

– Бизде эркектердин 3, аялдардын 3 жабык бөлүмү бар. 460 орун каралган. Башында агрессивдүү болуп келишет, укол сайып баштаганда тынчтанып, өздөрүн жакшы сезип калышат. Агрессиясы өтүп кетет. Айрымдар өзүн-өзү тытып, дубалга урунуп, башкаларга кол салууга аракет кылса мыйзам бейтапты 2-3 саатка байлап койгонго уруксат берет. Бул аралыкта тиешелүү дарылар сайылып, ал тынчтандырылат. Бизде дары-дармек жетиштүү. Мамлекет тарабынан толук кандуу камсыздандырылат.

– Адамдын психикасы бузулганы менен жин кирген нерсе экөө бир элеби?

– Медициналык билими жок адамдар психикалык өзгөрүүнү жин кирип кетти деп коюшат. Алар адамдын маанайындагы, жүрүм-турумундагы өзгөрүүнү байкаса депрессия же психикалык ооруга кабылды деп түшүнүшпөйт. Түз эле жин кирди деп молдого алып жөнөшөт. Жеңил түрүнө канча бир пайыз жардам берүүсү мүмкүн. Оор түрүнө молдонун билими да, күчү да жетпейт. Эгер жакшы молдо болсо “биздин алыбыз жетпейт, доктурга алып баргыла” деши мүмкүн. Көп учурда алыскы айылдан келгендер бизге чейин молдого кайрылгандар болот. Молдолор анын жонуна камчы менен уруп, муздак суу чачып, дуба салып ар кандай ыкманы колдонушат. Ортодон 3-4 ай өткөрүп жиберип бейтаптын абалы оорлошуп кетип колун таңдырып, бир нече адамдын жетелөөсүндө келип атышат. Баса белгилеп айткым келет, тууганыңыз же таанышыңыз тамак ичпей, уйкусу качып, агрессивдүү болуп баштаса, тегерегиндегилерге коркунуч жаратса дароо молдого эмес, доктурга кайрылгыла дээр элем.

– Психикалык оору өзү өтүп кетүүсү мүмкүнбү?

– Депрессиянын түрүнө жараша болот. Жеңил түрү болсо адам чыртылдап, эч нерсе жактырбай калат. Катуу ооруп калганда көзүнө ар нерсе көрүнүп, кулагына ар кандай үндөр угулуп баштайт. Медицинада бул галлюцинация деп аталат. Канчалык эрте аныкталса дарылоо ошончолук жеңил өтүп, натыйжасы да жакшы болот.

– Бул тармакта иштегениңизге канча жыл болду? Мындагы тагдырларды доктурдан мурда адам катары жүрөгүңүздөн сыдырып өткөрсөңүз керек?

– Бейтаптар менен иштешип атканыма 40 жылдан ашты, бул ооруканада 28 жылдан бери иштеп атам. Мындагы окуяларды жумуштан чыгып үйгө баргандан кийин мээңден тарс чыгарып салып эс ала албайсың. Бул бейтапка мындай доза бердим эле, жакшы көтөрсө экен, эртең ден соолугунда жылыш болсо экен деген санаа менен уктап ойгоном. Эртең мененки обходдо бейтаптардын “мени эч ким түшүнбөйт” деген арманың угуп отурам. Доктурда жан тартуу деген сезим болуш керек. Анын арманың жөн эле угуп тим болбой, кеңеш берип сүйлөшүп отурсаң жеңилдеп калышат.

Өкүнүчтүүсү, көп адамдар оорукчан тууганынан, досунан, ал тургай ата-энеси же баласынан тажап калган. Бул жакка жаткырып коюп ошо бойдон кайрылып келбегендер көп. Телефонуна чалсак өчүк, жазып берген дарегине барсаң жок болуп чыгышат. Жетеп тажап бүткөндөр көп.

Чет мамлекетте мындай бейтаптарды дарылоо курсу бүткөндөн кийин туугандары албай койсо карылар үйүнө өткөрүп беришет экен. Бизде андай шарт каралбагандыктан тууганы алып кетмейин айла жок бага беребиз. Биз чыгарып салгандан кийин кокус өлүп калса, эртеси кайра эле биз докторлор күнөөлүү болуп чыгабыз. Айла кеткенде туугандарын издештирип таптырып, колдоруна тапшырабыз. Буга бир нече ай убакыт кетет.