
Дарыгер: Өпкө ооруларынын келип чыгуу себеби жана алдын алуу чаралары
25-сентябрь Бүткүл дүйнөлүк өпкө күнү болуп саналат. Улуттук госпиталдын пульмонология бөлүмүнүн башчысы Акылай Маасаидова бул күнгө карата өпкө ооруларынын түрлөрү, башталышы жана аны алдын алуу үчүн кандай аракеттерди жасоо керектиги тууралуу Биринчи радионун түз эфиринде маалымат берди.
- Өпкө учурлары кайсы учурларда билинет, мисалы адам жөтөлүп калганда өпкө оорусуна чалдыкканынан кабар береби?
- Кээде кургак, кээде какырык менен жөтөлдүн пайда болушу, ага кошумча дене табынын көтөрүлүшү жана аба жетпей демигип баштоо өпкө ооруларынын белгилери. Мындай учурда өпкөнү текшерүүдөн өткөрүү керек. Айрыкча, курс респираторлук оорулардан кийин текшерүүдөн өтүп коюу маанилүү. Өпкөнүн бир нече оорулары бар, калкка белгилүүлөрү: пневмония, бронхиалдык астма, ХОБЛ деп коебуз - өпкөнүн өнөкөт обструктивдүү оорусу жана рак. Андан тышкары биз, пульмонологдор билген бир нече түрлөрү бар.
- Бул оорулардын пайда болушуна кандай факторлор таасир берет?
- Оорулар курч жана өнөкөт болуп бөлүнөт. Курч пневмония суук тийгенде же ОРВИден улам пайда болот. Суук тийгенде өпкөнүн иштеши кыйындайт. Өзгөчө азыр бир мезгилден экинчи мезгилге өтүп жаткан маалда суук тийгизип алуудан абайлоо керек. Суук тийген ооруларды өтүштүрүп жибергенде пневмония пайда болот, ХОБЛды козгойт, иммунитет түшкөндө кургак учук башталып кетиши мүмкүн.
Биз ОРВИге анча көңүл бура бербейбиз. Дары ичсек ичебиз, ичпесек жок, анан ал өтүшүп кетет. Экинчиден, адамдын иммунитети алсыз болсо, көп эски ооруларды козгойт. Үчүнчүдөн, экология да таасирин тийгизет. Былтыр, мурдагы жылдары Бишкектин абасы өтө булганган чекке жетпеди беле, ошол маалда менин байкашымча, өпкө оорулары көбөйдү. Аллергия астманы чакырат. Көпчүлүк адамдар аллергияга да маани бербейт. Көзү кызарып, чүчкүрүп коюп, “аллергиям бар” деп, ал өзүнөн өзү айыгып калчудай жүрө беришет. Бирок эсибизге алышыбыз керек, аллергия өз убагында себеби аныкталып, дарыланбаса бир жылбы, эки жылбы, кайсы бир убактан кийин аллергиялык реакция өпкөгө өтүп кетет да, астма пайда болот. Төртүнчүдөн, 2020-жылда болгон ковид пандемиясы да таасирин тийгизди. Ал адамдардын иммунитетин бир топ талкалап койду.
Ошондой эле акыркы убакта байкашымда, балдар эле эмес кыздардын да тамеки тартканы көбөйдү. Бизге келгендерге биринчи берилүүчү суроолордун арасында ушул бар: тамеки тартасыңбы, тартсаң бир күндө канча даана? Анан “ташта” дейбиз, анткени дем алганда тамекинин ышы өпкөгө барып жабышат, узакка тамеки тарткандардын дем алуу системасы бузулат. Мисалы, ХОБЛдын 80 пайызы тамекиден болот. Анан кайсы жерде иштээрине кызыгабыз. Мисалы, тигүү цехинде иштегендерде аллергия, астма көп. Себеби цехте чаң, кездеменин ыпырлары менен дем алышат.
- Адамдар кандай учурда сиздерге кайрылуусу керек?
- Биринчи кезекте жөтөлүп калганда. Жөтөл дени сак адамда болбошу керек. 1-2 жума жөтөлүп жүргөн кезде үй-бүлөлүк дарыгерлерге кайрылып, алардын көрсөтмөсү менен дарыланышса болот. Ага токтобой, 1 айдан 3 айга чейин улана берчү болсо, пульмонологго барып, рентгенден өтүүгө тийиш. Негизи бардык адамдарды, 18 жаштан жогору бир жылда бир жолу флюрографиялык текшерүүдөн өткөрүп турсак жакшы болмок. Айрым учурда өпкө ооруларынын белгиси жок, адам өзүн жакшы сезип жүрүп эле текшерүүдөн өткөндө, өпкөдөгү өзгөрүүлөр байкалат. Андай учурда дароо тийиштүү чараларды көрүп баштайбыз. Өзүңүздөр билгендей ооруну дарылоого караганда алдын алуу чаралары натыйжалуу жана жеңил.
- Өпкө ооруларын алдын алуу жолдорун айтып берсеңиз?
- Өпкө ооруларынын алдын алуу үчүн иммунитетти көтөрүш керек, спорт менен машыгуу зарыл. Баланын жашоосуна спортту бала бакчадагы кезинен тартып киргизүү керек. Спорт – организмди чыңдайт, иммунитетти бекемдейт. Экинчиден, экологияга көңүл буруп, аны адамдардын ден соолугуна жагымдуу кылуу багытында иш чараларды алып баруу керек деп ойлойм.