Батыштын Россиянын кызыкчылыктарына кол салуусу Кыргызстанда ири долбоорлордун ишке кирүүсүн тездетти
31 октябрь

Батыштын Россиянын кызыкчылыктарына кол салуусу Кыргызстанда ири долбоорлордун ишке кирүүсүн тездетти

Валдай клубунун эксперти, экономист, «Аппликата» стратегиялык чечимдер борборунун аткаруучу директору Кубатбек Рахимов узак убакыт өлүк катары эсептелген Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун 2024-жылы экинчи деми ачылып, аны ишке ашырууга жигердүү кадам ташталышынын себептерин жана мындан Кыргызстан кандай практикалык пайда алаарын талдады. 

Анын пикиринде, биринчи себеп - Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун мурунку бийликтердин тушунда башталган же өтө жай ишке ашырылып жаткан бардык ири долбоорлорду тездетүү, ишке киргизүү же кайра баштоо боюнча тапшырмалары.

– Бул ГЭСтин курулушуна да, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолуна да, Кыргызстандын аймагындагы тоо-кен иштерине да, эң негизгиси мурда “Центерра” компаниясына тиешелүү болгон, артында  дүйнөдөгү көптөгөн саясий процесстердин жашыруун оюнчусу– америкалык «Black Rock» инвестициялык корпорациясы турган Кумтөр кенин улутташтырууга да тиешелүү. 

Темир жолду куруу үчүн зарыл болгон документтерге кол коюуну тездетүүнүн экинчи себеби - Кемпир-Абад же Өзбекстанда айтылгандай Анжиян суу сактагычы менен жер тилкелери алмашкандан кийин Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамиленин кескин жакшырганы. Бул Кыргызстан менен Өзбекстандын чыныгы стратегиялык өнөктөш болушуна алып келди жана бул оң тенденция.

Үчүнчү себеп – жаралган жагдай:  Чыгыш-Батыш темир жол байланышындагы негизги кургак транзиттик өлкө катары Россия Федерациясынын кызыкчылыктарына ар тараптуу чабуул жасалышы. Бул жерде Россияга каршы болгон оюнчулардын кызыкчылыктары биригип, Россия товарларды ташуудагы шарттуу монополиясын жоготуп жатканын чагылдырган дүйнө картинасын кубануу менен менен көрсөттү.

Мурдагы ТРАСЕКА долбоору - СССР кулагандан кийин киргизилген Европа-Кавказ-Азия транспорт коридорун Россияны айланып өтө тургандай кылып уюштуруу боюнча Европа Биримдиги менен өнөктөш өлкөлөрдүн эл аралык кызматташуу программасы – дээрлик өзгөрүүсүз калган жана азыр поэтикалык түрдө "Орто коридор" деп аталат.

Бул коридордун ичинде Россияга каршы болгон нерселердин баарын батыштык катышуучулар жакшылыкка деп жорушат. Ал эми төртүнчү себеп – парадоксалдуу түрдө бул темир жол Кытайдын өнөктөшү катары Россия үчүн пайдалуу: Россия менен Кытайдын ортосундагы стратегиялык мамиле азыр болуп көрбөгөндөй жогорку деңгээлде жана алардын ортосундагы ишеним азыр, айталы, жыйырма жыл мурункуга караганда такыр башкача. Бул жагынан биз дүйнөнүн картинасы өзгөргөнүн көрүп жатабыз, демек, өтө кызыктуу нерсени алабыз –  ал ар кандай геосаясий оюнчулар менен Россиянын кызыкчылыктарынын дал келиши”, – деп белгилейт ал.

Бирок экономисттин айтымында, Кыргызстан долбоорду көп жылдык сүйлөшүүлөрдүн абстракттуу абалынан ишке ашыруу фазасына өткөрүүдө олуттуу роль ойноду, бирок ага карабай  негизги кызыкдар өлкөгө кирбейт. Эмне үчүн? 

– Долбоорду ишке ашыруунун натыйжасында курула турган Борбор Азия темир жолунун жарым шакекчеси жыйынтыгында, Өзбекстандын, Кытайдын, андан кийин гана Кыргызстандын кызыкчылыгын канааттандырат. Өзбекстан  “double-landlocked country” өлкө категориясына кирет: ал жактан деңизге чыгуу үчүн эки чек арадан өтүш керек.

Ошондуктан Каримовдун жана Мирзиёевдин тушундагы өзбек элитасы үчүн республиканы транспорттук мегахубка айландыруу жана продукцияны экспорттоодо жана импорттоодо минималдуу чыгымдарды камсыздоо стратегиялык маанилүү идея болуп калды.

Темир жол Ташкентти Казакстандын темир жолдору жана ансыз да жүгү көп Хоргос аркылуу жүк ташуу муктаждыгынан бошотуп, каттамдарды диверсификациялоо аркылуу түштүк Синьцзян менен эң кыска жол аркылуу байланышууга жардам берет.

Өзбекстандын транспорттук хаб болуу мүмкүнчүлүгү бар: Афганистан аркылуу Пакистанга өтүүчү коридорду дагы, Синьцзян -Кыргызстан-Фергана өрөөнүнүн ортосундагы байланышты дагы жаба алат.

Долбоордун пайдасын экинчи Кытай көрөт. Өзбекстан аркылуу өтүүчү транскыргыз каттамы  жана Хайратан-Мазари-Шариф жолу аркылуу Пекин Афганистанга кире алат, ал эми трансафган жолу аркылуу деңиз деңгээлинен беш миң метр бийиктиктеги Синьцзян -Пакистан бийик тоолуу темир жолун куруунун ордуна Пакистан менен болгон транспорт каттамдарын жабат.

Эсептеги үчүнчү

Бизге Кыргызстан транспорттук туюкка кептелип турат деп тынбай айтып жатышканына карабастан, ал долбоордон пайда тапкычтардын арасында 3-орунда турат. Кыргызстандын темир жолдорундагы жүк ташуу көрсөткүчтөрүн карап  көрсөңүз, такыр башка картина көрүнөт. Кытайга карата транзиттик өлкө болуп калбашыбыз үчүн бул “туюк” деген термин качандыр бир кезде бизге ташталган.

– Ооба, биз темир жол тармагын өнүктүрсөк болот жана өнүктүрүшүбүз керек, аны моюнума алам,  бирок биз мындай терминдерди колдонбошубуз керек - бул абдан чоң сокку. Биз туңгуюкка кептелген жокпуз, биз “path-dependence”, “советтик мурастын колея натыйжасынын” классикалык үлгүсүбүз, совет жылдарынан мурас болуп калган темир жол колеясына кыйыр да, түз да мааниде көз карандыбыз. Аны толук кандуу колдонууну да үйрөнө элекпиз: азыр товарларды импорттоо жана экспорттоону темир жол менен эмес, автоунаа транспортту аркылуу ишке ашырууга басым жасайбыз.

Совет жылдарда өз алдынча советтик экономикага багытталган бирдиктүү эл чарба механизминин, бирдиктүү логистикалык тармактын алкагында, Кыргызстандын түндүгү толугу менен Алматы деп аталган темир жол менен, түштүгү штабы  Ташкентте болгон Орто Азия темир жолу менен камтылган, мында бир тууган союздук республикаларга транспорттук байланыш болгондуктан Кыргызстан аркылуу жол куруунун эч кандай зарылчылдыгы жаралган эмес. Ошондон улам биз азыр туңгуюктабыз. 

Эгерде сиз Бишкектен жүк жөнөтүүнү кааласаңыз, аны бир күндө эле каалаган экспедитор менен макулдашып, жада калса Тынч океан, Атлантика жана Индия океандарына - Каспий каттамы жана Ирандагы өнөктөштөр аркылуу жөнөтө аласыз.

Кыргызстандын түштүгүндө да ошондой: Өзбекстан менен Түркмөнстандын, Ирандын темир жолдору менен байланышкан, Каспий деңизине, Казакстан аркылуу Россиянын темир жолдоруна, андан ары кааласаң Владивосток, Осака менен Пусанга,  кааласаң  Санкт-Петербургга, Гамбург менен Роттердамга чектөөсүз барууга болот.  

Транскыргыз темир жолунун активдүүлүгүнө көз чаптырып Казакстан кооптонууда: Кыргызстан аркылуу каттам кыскараак болот. Бирок божомолдор көрсөткөндөй, темир жол транспорту  бардык катышуучуларды камтып өсүүдө. Булар трансказакстандык да, транскыргызстандык да ташуулар, ошондуктан рынокто бардыгы үчүн орун жетиштүү.

Дагы бир маселе, жол ишке киргенден кийин Өзбекстан менен Тажикстандан, Афганистандан келген жүктөрдүн бир топ чоң агымы Казакстандан чыгып кетет. Бирок Казакстанда дагы эле “Орто коридор” бар, ал кытай товарларын казак порттору аркылуу Каспий деңизине жана андан ары да чек араны кесип өтпөй туруп жеткирүүгө жардам берет, – дейт Рахимов.

Елена Короткова, EuraiaToday