Чолпон-Атада триатлон боюнча Азия кубогу өтөт
сүрөт жасалма интеллекттин жардамы менен жасалды
26 август

Чолпон-Атада триатлон боюнча Азия кубогу өтөт

12-13-сентябрда Чолпон-Ата шаарындагы «Каприз» эс алуу борборунда триатлон боюнча Азия кубогу өтөт.

Мелдешке ар кайсы өлкөлөрдөн келген кесипкөй спортчулар жана ышкыбоздор катышат.

12-сентябрда мелдешке кесипкөй спортчулар жана өспүрүмдөр чыгат. Бул күнү Ысык-Көлгө келип, спортчуларга колдоо көрсөтүүгө да болот.

13-сентябрда ышкыбоздор арасында жарыштар өткөрүлөт. Катышуучуларга эки аралык сунушталат.

Суперспринтте 300 метр сууда сүзүү, 8 чакырым велосипед жарышы жана 2,5 чакырым чуркоо каралган.

Олимпиадалык аралыкта 1,5 чакырым сууда сүзүү, 40 чакырым велосипед жарышы жана 10 чакырым чуркоо болот. Бул аралыкта жеке өзү же 2–3 адамдан турган эстафеталык команданын курамында катышууга болот.

Мелдешке катышуу үчүн өзүнүн велосипеди жана шлеми болушу зарыл.

Каттоо, мелдештин эрежелери жана кошумча маалыматтарды Кыргыз Республикасынын Триатлон федерациясынан алууга болот.