Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими Өмүрзак Мамаюсупов: Мугалим таланттуу болсо класста 50 окуучуга билимди жеткирет
20 октябрь

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими Өмүрзак Мамаюсупов: Мугалим таланттуу болсо класста 50 окуучуга билимди жеткирет

“Эмгек баатыры”, эмгек сиңирген мугалим, “Даңк”, “Манас-1000” медалдарынын ээси Өмүрзак Мамаюсупов “Караван-Инфо” гезитинин редакциясына курган маегинде өзүнүн тарбиялоо ыкмасы тууралуу кеп салды.

– Новосибирскиден үйрөнгөн методдорду бириктирип автордук методуңузду тааптырсыз, ошол боюнча айтсаңыз, ал кандай методдор эле?

– Ленин комсомолу атындагы Новосибирск мамлекеттик университетинде стажер-изилдөөчү болуп иштеп, аспирантурада окудум. Анын алдында физикалык-математикалык мектеп бар болчу. Ал мектепке окуучу топтоо жагын бизге, аспирант-стажерлорго беришчү. Физмат мектепке 250 бала кабыл алышат. Ал үчүн жайкы үч айлык каникулда ошол аймактан 2000 бала жыйнап келишет. Бекер тамак берип, 3 ай окутушат. Биз мисалы, үч ай эс алабыз, илгери биздин убакта 7 айлап окучу эмеспиз, майда талаа иштери башталаары менен сабак токтоп, жыйым-терим бүткөндөн кийин гана мектеп ачылчу. А алар жайкы каникулду куру кетирбей окушат. Ошол 2 миң баланын арасынан эң мыкты жетишкендиктерди көрсөткөн 250 баланы августтун аягында тандап алып, физикалык-математикалык мектепте калып билимин улантууну сунушташат. Андан ары дагы бекер окутушат, үч маал тамагы, жаркыраган жатаканасы акысыз. Алар келечек муундун билимдүү, илимдүү болуусуна гана кызыкдар, материалдык жагына басым жасашпайт. Академиктер, эң мыкты делген педагогдор балдарды моюнуна көтөрүп, бөпөлөп окутушат.

– Бирок шыктуу баланы андан ары окутуп кетүү шыгы жок, билим алууга каалоосу жок баланы окутканга караганда оңой болсо керек. Жалаң жакшы окуган окуучуларды топтогон билим берүү мекемелеринин ийгилигин чоң эмгек катары кароого болобу?

– Бул маселени дайыма атышат. “Жакшы окуган балдарды жыйнап алдыңар”, -  дешет. Эмнеге анда өздөрү жакшы окуган балдардан олимпиада жеңүүчүлөрүн, медалисттерди чыгара алышкан жок. Биздин мектепте окуй баштагандан кийин ал балдардын экинчи деми ачылгандай болду. Мисалы, 35 жылдан бери 1428 бүтүрүүчүлөрдүн 90 пайызы жогорку окуу жайларга бюджеттик негизде өтүштү.  210 бүтүрүүчү артыкчылык аттестат ээлери,  32си  алтын медаль, 124ү кызыл аттестат,  54ү “Алтын тамга”, экөөсү “Алтын сертификат”, дагы экөө Президенттин “Мактоо баракчасына” татыктуу болушту.  

– Аларга сабак берген мугалимдер тууралуу да айтсаңыз, мыкты окуучуларды чыгаруу үчүн мыкты мугалимдер керек эмеспи?

- Мен башынан эле бир да мугалимди сырттан алып келбейм, ушул райондогу мугалимдер иштейт дегем. Албетте, ишенбегендер болду, кантип айылдык мугалимдер укмуштуудай шыктуу балдарды өстүрүп жиберсин деп. Биз мектепке балдарды сынак менен кабыл алдык, 10-15 пайызын аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн же томолой жетим балдарды сынаксыз кабыл алуу менен толтурдук. Анан аксакал мугалимдерди чогулттум. Арасында атам да бар. Алардан 1-класстан 7-класска чейинки бардык материалдарды кайталатып бериңиздер деп сурандым.  Алты ай жаңы тема өтүлбөй, жалаң гана буга чейинки калып кеткен боштуктарды толтурттум.

Бул балдарга абдан кызыктуу болду. Андан кийин Новосибирск, Москвадан алып келген физика-математикалык китептерим бар болчу, аны мектепке алып келип, коюп койдум да, айттым: “Эми ушундан күн сайын программадан тышкары ар бир окуучу мен үчүн 10дон эсеп иштеп бере тургандай кылыңыздар”, - деп. Дайыма жаңы эсеп эмес, айрым учурда мурункуларды көчүрүп кое беришсе да болот дедим. Бирок 35 жыл расмий тарых турат, бир да окуучу көчүргөн жок, күн сайын жаңы эсеп болуп жатты. Башында өзүм текшерчүмүн, азыр текшере турган система бар. Ошентип, окуучуларым изденгенге үйрөнүштү. Экинчиден, мугалимдерден жөнөкөй бир нерсе сурандым: сабак өтүп жатканда эртеңки сабактын темасын досканын бир бурчуна жазып койгула деп. Балдар дилгир болушат да, алар эртеңки сабактын темасын көрүп ага даярданып келишет. А мугалим даярданбай келсе уят болот. Ошентип, бул мугалимдеги да дилгирдикти, изденүүнү жаратты. Буга чыдабаган мугалимдердин 5 пайызы кетти, а калган 95 пайызы мектептин билим профессоруна айланышты. Үчүнчү тапшырмам– Аркадий Гайдардын “Тимур жана анын командасы” деген китеби бар эмеспи, ошондогу тарбияны алдым – балдарды айылдагы карыларга жардам берип, кол сунууга үйрөттүм. Ушул үч тапшырмамды бир жылда негизги методологияга айландырдым.

Анан мен окуучулардан билим алууну талап кылган жокмун, мен алардан сурандым. Тизелеп отуруп:  “сенин ордуң Новосибирскиде, Москвада, Оксфорддо, Кембриджде, өз ордуңа барышың үчүн бүгүн сен окушуң керек”, - деп түшүндүрдүм. Азыр жыйынтыгы жаман эмес, Америка, Түркиядан билимин уланткан окуучуларым бар. Убагында англис тилин негизги тилге айландырам десем, “айылда кантип англис тилдүү бала пайда болсун”, - деп күлүштү эле. Бирок азыр англис тилинде эркин сүйлөгөн окуучуларым өсүп жатат.

– Бизде Япониянын билим берүү системасына суктангандар көп, баланы 3-4-класска чейин үй тапшырмасын берип кыйнабай, бул убакта улууларга мамиле, табиятка мамиле сыяктуу жашоонун мазмунун окутушат деп. Сиз буга кандай карайсыз?

– Бизде китептерди жакшы окуганга жөндөмдүү балдарга ылайыктап койгон. Чет өлкөлүк окуу китептери кабыл алууга жеңил. Окуу китептерин оордотуп, баланы дароо эле билимдин деңизине чөктүрүп жиберебиз деген ой туура эмес. Башкы нерсени жеңилдетип берип, андан ары тереңдетип окутуу өзүнчө башка болушу керек. Окуймун, билим алам деген бала алгачкы билимдин даамын сезе баштагандан кийин изденип калат. Мына, ошондо ага оор китептерди сунуштаса болот. Советтер союзу маалында белгилүү академик Андрей Колмогоров  универсалдуу окуучуларды тарбиялоо ыкмасын киргизген. Ал система менен биз ушул убакка чейин келе жатабыз. Бул туура эмес ыкма экени белгилүү болду, бирок баш тарта элекпиз. Андан баш тарткандардын бири түрктөр болду. Учурда алар балдарды 5-класска чейин гана жалпы окутуп, андан кийин шык-жөндөм, кызыгуусуна же келечек кесибине жараша билим берип башташат.

– Айрыкча, Бишкектеги мектептерде бир класста 50дөн окуучу отурат. Баланын көптүгү алардын толук кандуу билим алуусуна жолтоо болбойбу?

– Союз маалында бир класста 25-26 баладан ашык болбошу керек деген эреже бар болчу. Ноокат билимканасы ошол эрежени сактап калдык, ушул убакка чейин бир класска 26дан ашык бала отургузбайбыз. Бирок менимче, баланын саны билимдин сапатына таасирин тийгизбейт. Мугалим таланттуу болсо, ошол 50 балага тең бир убакта үнүн, оюн жеткире алат. Анан да баланын шык-жөндөмү башкы орунда, билимге умтулган бала 50 баланын арасында отуруп деле керектүү нерсени сиңирип алат.