Нарынбек Молдобаев: Шаарда курулуш эрежелери, өрт коопсуздугу эске алынбай курулган  үйлөр абдан көп
26 апрель

Нарынбек Молдобаев: Шаарда курулуш эрежелери, өрт коопсуздугу эске алынбай курулган  үйлөр абдан көп

Учурда «снос» деген жазуу үйлөрү туура эмес жерге курулуп калган кыргызстандыктардын жүрөк оорусуна айланды. Жолдорду кеңейтүү үчүн кызыл чийинге чыгып кеткен үйлөрдү түрттүрүүдө ошол тургундар тарабынан каршылыктар да болууда. Мындай көйгөйлөрдүн жаралышына кимдер күнөөлүү экенин жана мындан ары шаарды капталынан эмес, өйдөгө өстүрүү үчүн кандай аракеттер керектигин экс-депутат Нарынбек Молдобаев Караван-Инфого айтып берди.

– Жеке менчикти коргоодо өкмөт элге кандай шарттарды түзүп бериши керек?

– Жеке менчикти коргоо өкмөттүн  иши болушу керек. Өкмөт өзү жеке менчикти коргошу зарыл. Конституцияда ар бир адам өзүнүн менчигине ээ деп бакыйып жазылып турат. Жеке менчик ыйык нерсе, ошондуктан ага кылдаттык менен мамиле кылынышы керек. Негизи бардык нерсе генпланга ылайыкталып жасалып, аны өзгөртпөш керек. Айтайын дегеним, шаар эмес калктуу конуштардын дагы генпланы болот.  Деталдуу курулуш планы деген бар. Орусча ПДП деп коёт.  2014-жылы шаардын деталдуу курулуш планын жасайт элек, шаардын бюджетинде акча жок болуп жатат дешкенде  республикалык бюджеттен 20 миллион сом чечип бергенбиз. ПДП жасалгандан кийин ал ишке ашышы керек. Элдер үйлөрү генпланды көргөн эмеспиз, кызыл сызык кайда экенин билген эмеспиз деп жатышат. Чынында кызыккан кишинин баары эле шаардын генпланын көрө алышат.

Айрымдар аллеяга чейин үй салып алышкан. Анын баары азыр чырылдап, үйүм бузулуп жатат деп жүрүшөт. Мындай нерсенин баарын ошол кездеги чиновниктер жол беришкен да. Анткени, ким чиновник болбосун өзүнүн атынан эмес, өкмөттүн атынан буйрук   же чечим берет да. Ошондой ишке жол берген чиновниктердин ишине «срок давности» бербей, жоопко тартыш керек. Себеби, ал жерлерди учурунда бир чиновник мыйзамды бузуп туруп берген да. Ошон үчүн чийинден чыккан үйлөр салынган. Учурунда ана-мына бузат делгенде жең ичинен сүйлөшүп алып, бузбай калгандар да болгон. Кыскасы, шаарда курулуш, өрт коопсуздугун эске албай, эрежелерди так сактабай курулган  үйлөр абдан көп. Анын баарын бузабыз деп келсе, элдер «сатып алгам. Мен эмнеге жооп беришим керек» дешет. Алардын да айтканы туура. Ошондуктан, туура эмес иштин кесепетин эл эмес, ошого жол бергендер тарта тургандай кылышыбыз керек. Буга окшогон нерселерди токтошу үчүн иштин мөөнөтү эскирди дебей эле чиновниктерди жоопко тартыш керек. Антпесек бизде тартип болбойт.

– Манас проспектисин кеңейтүү дагы жашоочуларга чоң маселе жаратып жатат. Бийлик зарылчылыктан улам, ушундай жолго аргасыз барып жатабы?

– Туура, жакындан бери Манас проспектисин  кеңейтип,  чоң трасса кылып жасоо аракети башталды. Ал дагы зарылчылыктан келип жатат.  Анткени, бизден чоң шаарларда тыгын деген жок. Себеби, алар илгери эле генпланын жакшы чийишкен. Үйлөрдүн ортосун ачык калтырып, жолдорду кенен чийишкен. Бизде үйлөр жакын түшүп, жолдор тар болгон үчүн Бишкекте өмүрүң тыгында эле өтө турган абалга кептелдик. Эртең менен жумушка жеткенче бир саат, кечинде келгенче бир жарым саат убактың жолдо эле калат. Мына ушул маселени  эч нерсеге карабай чечишсе, жакшы эле болмок. 1996-жылы Кашкарда үйдүн ээлерине компенсация берип, үйлөрдү трактор менен түрттүрүп, шаарды бүгүнкү күндүн талабына ылайык кылып курушкан. Ошондой жасаса баарына эле жакшы болот. Бирок, элдин дагы укугун, талабын эске алыш керек. Өкмөт алардын дагы талабын аткарышы зарыл. Шаар дагы өсүп, элдердин укугу да тебелебегендей кылышса,  баары эле ыраазы болот. Биздин шаар өйдөгө өсүшү керек эле. Тилекке каршы, шаардын сыртын ылайдан, сокмодон курулган үйлөр курчап калды. Учурунда ошого жол бербей чоң үйлөрдү салсак сонун болмок. Улан-Батордо шаардын жарым чоң үйлөр, жарымы боз үй болуп калган. Биз дагы андай нерсеге жол бербей бардык маселени масштабдуу, мамлекеттин көзү менен карашыбыз керек.